Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Ɵзгɵндɵ райондук спартакиада ɵткɵрүлдү

     Ɵзгɵн районунда 2018-жылдын  28-апрель  күнү М.Нурбаев атындагы орто мектебинин базасында   «2018-жыл - Аймактарды ɵнүктүрүү»   жылына    карата    билим    берүү     кызматкерлеринин      жазгы  27- спартакиадасы  болуп ɵттү. Спартакиада аймактарда спортту ɵнүктүрүү, ден-соолукту чыӊдоо жана   билим берүү кызматкерлеринин арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында ɵткɵрүлдү.

   Спартакиаданын  финалдык туруна 3  аймактан  спорттун  алты  түрүнɵн I  жана II  орундарды  ээлеген  мектеп  командалары  жана жеке  оюнчулар  катышып, күч  сынашты.  Жыйынтыгында командалык оюндар боюнча спорттун  волейбол түрүнɵн  эркектер  арасында  Т.Машрапов атындагы орто мектебинин, ал эми аялдар  арасында  Ж.Мойдунов  атындагы орто мектебинин, ордо  боюнча  Кызыл-Абад   орто  мектебинин, спорттун кичи футбол түрү боюнча Жазы аймагынын курама командалары  I  орунду  жеӊип  алышты.  

   Ал эми  тогуз  коргоол  боюнча эркектер арасында Раимбек Сатыбалды уулу атындагы  орто  мектебинен   Д. Жээналиев, аялдар арасында К.Раимбеков гимназиясынан  Д.Бапышова, шахмат  боюнча эркектер арасында Т.Сарыков атындагы орто мектебинен Т.Жунаев, аялдар арасында А.Тɵрɵгелдиев атындагы  орто  мектебинен  Б.Султаналиева, стол тенниси боюнча эркектер арасында Ж.Бɵкɵнбаев атындагы  орто  мектебинен Р. Садыков,  аялдар арасында К.Рысбаев атындагы орто мектебинен Н.Камбаровалар  I  орундарга  ээ  болушту.

       Билим  берүү  кызматкерлеринин 27-спартакиадасы  жогорку  деӊгээлде,  уюшкандыкта  ɵттү.  Спартакиаданын   ачылышына  Ɵзгɵн  райондук  билим берүү  бɵлүмүнүн  башчысы  И.Дуйшеев, билим берүү  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Ɵзгɵн  райондук  комитетинин  тɵрагасы  И.Мырзамидиновдор  катышып,  куттуктоо  сɵз  сүйлɵшүп,  оюнчуларга  жана мектеп командаларына  ийгиликтерди каалашты.

    Спорт бул ден-соолуктун  булагы,  тынчтыктын  тиреги экендигин белгилешип, оюнчуларды сергек  жашоого, спорт  менен  дайыма  машыгууга, бирге  болууга  чакырды.

    Спартакиаданын  жеӊүүчүлɵрү  I-II-III    даражадагы  дипломдор  жана баалуу  белектер  менен  сыйланышты.

                                             Ɵзгɵн  РПК