Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Ырыстай эжейим менен сыймыктанам

Сиздерге мектепте мени окуткан эжейим тууралуу пикиримди Борбордук Комитеттин сайтына  жарыялайт деген жакшы тилегим менен жиберип олтурам. Эжейим мага Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында жайгашкан Манас орто мектебинде окуган кезимде чет тилден сабак берген, дүйнө таанымын татыткан, келечек жолумду ачкан, турмуш сабагын үйрөткөн. Мен азыр эжекемдин жолун жолдоп, келечек муундарды тарбыялоо тармагында эмгектенип жаткандыгыма абдан сыймыктанам, мында да эжемдин зор таасири бар деп айта алам. Анда урматтуу окурмандар,  мен кеп кылайын деген эжекемдин аты-жөнү-Ырыстай Максүтовна Абдыжапарова.

Алгач теги тууралуу бир аз кеп. Эжейибиз ушул эле районубуздун Чымгент деген айылында төрөлүп-өсүптүр. Ата-энеси жөнөкөй адамдар, колхоз турмушунун кайратмандары болушкан экен. Үй-бүлөдө 10 бала ынтымак менен чоңоюшат, Ырыстай Максүтовна алардын үчүнчүсү болгондуктан, өзүнөн кийинки бөбөктөрүнө баш-көз болгонун карылардан угуп эшиттим. Айрыкча алтын апасы колхоздо саанчы болгон жылдары Ырыстай эжеке таңкы саат төрттөрдө аны менен кошо туруп, саан уйларды сааганга жардам бергенине азыр таң берип кетем. Көрсө эжекебиздин эмгекчилдиги ошол кезде калыптанган тура.

1980-жылы эже айылдагы орто мектепти аяктап, Фрунзедеги педагогикалык институттун чет тилдер факультетине келип тапшырат. Шаар турмушуна аралашат, ийне менен кудук казгандай башка элдин тилин үйрөнөт, студенттик күндөрдү кечирет. Өз тили түгүл өзгө тилди мыкты өздөштүргөн соң дипломун колго көтөрүп алып кайра эле айылына келет. Өзү окуп бүтүргөн мектепте 3 жыл чет тилден сабак берет. Такшалат, чыйралат, жетилет. “Кыздын бараар жери-.....” дегендей, Замирбек аттуу ветврач жигитке турмушка чыгат. Жолдошу менен райборборго келет, бирок мектепте иштей албаптыр алгачкы жылдарда. 8 жыл балдар бакчасында тарбыячы кызматын аркалайт. 1998-жылы Манас орто мектебине мугалим болуп орношот. Мына ушул мектепте иштеген 9 жылда биз окуучулары чет тилдерден жай саратанында какыраган талаа суусагандай эле абдан дилгир болгон экенбиз, чет тилин жаттап да, окуп да үйрөндүк, себеби эжекебиз ар бир сабагын өтө кызык, маңыздуу, жеткиликтүү кылып өтөөр эле. Анын үстүнө ошол кезде бизде чет тилдерине болгон суроо-талап өтө күчөп турган кез эмес беле. Мунун пайдасы эле тийди, көп балдар-кыздар чет тилдерин мыкты өздөштүрүшүп, алды чет жактарга чейин окуп кетишти. Мына, жакшынын жышааны тиет деген ачык сөз ушул эжекебизге тиешелүү болуп турат ушул жерде.

“Алтын жерде жатпайт” деген чын белем, 2007-жылы райОНО жетекчилиги ишке такшалган эжекебизди өздөрүнө усулчу кылып которуп алышат. Мурда балдарга чет тилдерин үйрөткөн эжекебиз эми райондун чет тилдер мугалимдерине сабак өтүүнүн ыкмаларын үйрөтө баштайт, жардамын берет, көмөктөшөт, алга жетелейт. Анан башкы усулчу кызматына көтөрүлөт. Башка сабактар боюнча усулчуларга жол көрсөтөт, тажрыйба бөлүшөт, тапшырма берет, аларды көзөмөлдөйт. Жетекчилик кызматка такшалат. Райондун мугалимдери арасында таанылат. Ошондон улам 2010-жылы 14-ноябрда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин пленумунда Ырыстай Максүтовнаны кесиптештери төрайымдыкка бир добуштан шайлап алышат. Ошол мезгилден бери 8,5 жыл бою эжекебиз бул көп сандуу коомдук уюмдун райкомун тескеп келатат. Эми анын бул иши тууралуу баян этейин.

Район чоң, 10 айыл өкмөтүндө 51 билим  жана тарбыя берүү уюмдары иш алып барышат. Эже райкомду жетектеп келаткандан бери оң жолго койгон ийгиликтеринин бири билим берүү кызматкерлеринин ар жылкы медициналык кароодон өтүшүнө акы төлөөнүн чечилиши деп айтсак жаңылыштык болбойт. Ал кезге чейин мугалимдер, тарбыячылар, көмөкчү кызматкерлер, ашканада иштегендер ар жылы акчаны чөнтөктөрүнөн төлөп медкароодон өтүп турушкан. Ырыстай Максүтовна бардык мектептерде, балдар бакчаларында болуп, акы төлөө менен өткөн медкароонун жагдайларын толук караштырып чыккан соң, республикалык мыйзамдарга таянуу менен анын акысыз жүргүзүлүшү тууралуу областтык жана райшаар деңгээлдеринде маселе көтөрүп чыгат. Ар бир андай инстанцияларга атайын кат жазат, жүйөөсүн келтирет, өлкөдөгү тажрыйбага таянат. Акыры Талас облустук милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкармалыгы бул маселеге чекит коёт: Ырыстай Максүтовна көтөргөн маселе оң жагына чечилип, облустагы бардык билим берүү кызматкерлери ар жылкы медкароодон акысыз өтө турган болот. Эл үчүн жасаган мындай иш кесиптештеринин ар дайым алкоосуна алынып келатат.

Райком төрайымы социалдык өнөктөштүккө зор маани берип келет. Ар бир айыл өкмөтү, райОНО, райакимчилик менен кызматташтык тыгыз жана ырааттуу уланып жаткандыктан бирге аткарган иш жеңил болуп жаткандыгын билим берүү тармагынын жетекчилери ачык эле айтып жүрүшөт. РайОНО, айыл өкмөт башчылары райкомдун президиумунун жыйындарына үзбөй катышышат жана каралган маселелер боюнча тиешелүү жоопкерчилик алып келатышат, мындан утуш көп. Айыл өкмөттөрү билим берүү кызматкерлеринин коопсуз эмгектенүүлөрү жана ойдогудай эс алуулары үчүн зор көмөк көрсөтүп жатышат. Мында Ырыстай Максүтовна алардын ишеничтүү өнөктөшү экендигин айта кеткенибиз туура болоор. Мектеп менен бала бакчада болсо төрайым директор менен профкомдун жетекчисинин ортосундагы ишкер алаканы түзүүгө көп аракет жумшады, ал акыбетин берүүдө: азыр билим берүү уюмдарында директор менен профком экөө эгиз козудай бирге ээрчише иш аткарып жатышат, бул сеники, бул меники деп бөлүү жок, ар бир иш чогуу аракет менен ишке ашат. Мындай жөрөлгөнү Ырыстай Максүтовна ар бир мектеп же бала бакчада өткөн семинарларда жадыбалдай айтып жатып, практикага киргизе алды. Бул колго алаарлык иштен мугалим жана тарбыячы гана утушта болууда, ишке болгон кызыгуу артууда, аткарган ишиңе жараша даңк аласың, акчаң да ошончо, анан кантип артка кетүүгө болот?

Ырыстай Максүтовна республикалык деңгээлде өткөн ар кыл иш чараларда профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча алгылыктуу аракеттерди байкаган болсо, дароо иш дептерине жазып алат да, өз өргөсү болуп калган райкомго келгенде кайра бир сыйра район шартына туура келтирип туруп, анан иш практикасына киргизүүгө ашыгат. “Өмүр бою окуп үйрөн” деген принципти адатка айландырган. Мындай алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу ийгилик гана алып келүүдө, жыл өткөн сайын районубузда тармактын профсоюз мүчөлөрүнүн эмгектенүү жана эс алуу шарттарын жакшыртуу боюнча көп иштер аткарылып жатат. Ал эми эжекебиз 2017-жылы жай айларында Түркияда өткөн эл аралык иш чарага барып катышып келгенден кийин дүйнө өлкөлөрү профсоюз мүчөлөрүнө кандай камкордук көрөт, аны биздин шартыбызга кантип колдоно алабыз деген асыл ойлордун алдында иштеп келатат.

Ырыстай Максүтовна мыкты жетекчи болуу менен мээрими төгүлгөн алтын апа, берекесин чачкан чоң эне, таалайын татыган таяне вазийпаларын да аткарып келүүдө. Өзү үй-бүлөсүнүн туткасы милдетин аркалап, күн тынымын, түн уйкусун бөлгөн уул-кыздарына өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, оош-кыйышы көп турмуштун сапар жолдоруна шам чырактай жана багыт көрсөтүп келет. Энелик мээримин төгөт, мээнет менен ак эмгек аркылуу таза жашоого үндөп, билим алгыла деген асыл тилегин арнайт. 5 баласын тең тууруна кондурду, азыр эжекебиз 14 неберенин чоң энеси жана таянеси. Кудайдын кулагы сүйүнсүн!

“Эмгекке жараша-даңк, эгинге жараша-шак” дегендей, Ырыстай Максүтовнанын көп жылдык педагогикалык жана профсоюздук тармактардагы ак ниет эмгеги ар дайым жогору бааланып келүүдө. Райондук билим берүү бөлүмүнүн жана областтык билим берүү борборунун, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Ардак грамоталары, профсоюздардын Жалпы конфедерациясынын мааракелик грамотасы, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Жылдын Айымы” Ардак наамы, БК төрагасынын эстелик кол сааты менен сыйланган. Ал эми эжекебиздин эң башкы сыйлыгы-райондун билим берүү кызматкерлеринин ага жасаган урмат-сыйы, кесиптештеринин ишеничи, колдоосу жана социалдык өнөктөштөрүнүн көмөктөрү.

Ырыстай Максүтовна азыр турмуштун тар жол, тайгак кечүүлөрүн артта калтырып, жаштайынан эмгекке бышыгып, маңдайынан тер төгө мээнеттенип, билим берүү тармагында зор тажрыйба топтоп, акылга толуп, жетекчиликке каныгып, эл кызматын эр жигиттей аркалап турган чагы. Эжекебизге узун өмүр, чың ден соолук, районубуздун билим берүү тармагындагы түйшүктүү жетекчилик ишине ийгилик, профсоюздук чоң жамаатта урмат-сый, уулунан урмат, кызынан кызмат көрүп, неберелеринин жытын жыттап арабызда аман болушун тилек кылам.

 

Кундуз МАМЕТОВА,

Кара-Буура районундагы “Келечек”

балдар бакчасынын музыкалык жетекчиси