Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Тоок баккан таластык мугалим

Талас районунун А.Огомбаев айылынын 50 жаштагы тургуну Замира Оморканова 23 жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенет.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Орловка айылында - өскөн. Жогорку окуу жайды аяктап, Атай Огомбаев айылына келин болуп келген.

- Эмгек жолумду 1989-жылы бала бакчадан баштадым. Бакча жабылып калган соң М.Козубекова атындагы орто мектепке башталгыч класстардын мугалими болуп кирдим. Өзүмдүн эмгек жолумда көптөгөн балдарга «А» тамгасын үйрөтүп, келечегине пайдубал куруп келе жатам. Кичинемден эле гүл өстүрүүгө кызыгам. Бул ишке жолдошум дагы кызыгат. Үйгө келгендер өстүргөн гүлдөрүбүзгө суктанып кетишет. Гүлгө өтө аяр, сак мамиле жасайбыз. Топурактарын жаңыртып, маал-маалы менен суу куябыз. Бул гүлдөргө 10 жыл болуп калды. «Сатасызбы?» деп сурап калышат. Бирок үйүбүздүн көркү деп сатыкка чыгарбайбыз, - деди ал.

Мугалим мындан тышкары брама породасындагы тоокторду багып, жумурткаларын 50 сомдон сата турганын кошумчалады.

- 3 жыл мурун таанышыбыз брама тооктун жумурткасын алып келген. Мен андан жумуртка алып, 8 жөжө алдык. Ошондон көбөйтүп кеттик. Булардын жумурткалары жакшы чыгат экен. Чыкпай калганы чанда кездешет. Башында жумурткаларын 80-100 сомго чейин сатып жаттык. Быйыл кичине көбөйгөндүктөн 50 сомдон сатып жатабыз. Брама тооктор эт багытындагы тооктор болот. Короздору 5 кг чейин болсо, тооктору 3-4 кг чейин жетет. Базарда короздору 2500 сомдон өтсө, тооктору 1500 сомдон сатылат, - деди ал.

Мугалим-фермер жолдошу Керимкул Ашыралиев экөө 1 уул, 2 кыз, 1 неберенин ата-энеси.