Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Спорт аркылуу ден – соолукту чыңдоо

«2018-жыл – аймактарды өнүктүрүү жылынын»  алкагында   Билим, илим  кызматкерлеринин  Ош  областтык  профсоюз  комитетинин (06.04.2018  №2/6)  Жобосуна  ылайык  21-апрелде  Алай  райондук билим  берүү  кызматкерлеринин  райондук  спартакиадасы Гүлчөдөгү №4 К. уулу  Абдыразак атындагы лицей интернатынын базасында  болуп өттү.

Райондук спартакиаданыАлай  райондук профсоюз  комитетинин  төрагасы А.К.Абдыкадыров ачып  ийгилик  каалады.

Райондук  спартакиаданын  ачылышына  райондук  мамлекеттик администрациясынын   башчысынын  орун  басары Б.А.Осмонов,  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башкы  адиси  Ш.М.Ибраимовдор  катышып  куттукташты жана  ышкыбооздооруна ак жол  каалашты.

Райондук спартакиада  спорттун 5 түрү  боюнча  өткөрүлүп, ага 11  зонадан  жеңүүчү  болуп  келишкен  284 билим  берүү  кызматкерлери  катышышты.

Спартакиада «Чың ден-соолук – иш ийгилигинин   натыйжасы»  деген  девиздин алдында  биримдик, ынтымактыкта  өттү.

      Райондук  спартакиаданын  жеңүүчүлөрүнө  билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  профсоюз  комитети тарбынан түштөнүү  үчүн  каражат, дипломдор  жана  акчалай  сыйлыктар  берилди.

 

А.К.Абдыкадыров, Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы

И.Исмаилов Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  катчысы