Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Профсоюздук иш тажрыйба алмашуу- имшердикти өркүндөтүүгө өбөлгө

   “2018-жыл -Аймактарды өнүктүрүү  жылындагы”  Билим берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитетинин иш-чараларында профсоюздук  ишмердүүлүктү аймактарда  өркүндөтүүгө өзгөчө маани  берилген. Ошол  багыттагы  иштерди жакшыртуу  максатында         Жалал-Абад  облустук  комитетинин профсоюздук  билим  берүү  Борбору тарабынан райшааркомдор арасында өз-ара тажрыйба  алмашуу    2018-жылдын март  айында өткөрүлдү.

   Жаңыдан шайланган Көк-Жаңак  шааркомунун  төрагасы  Жумакан  Арзиевна Рысмамбетова Жалал-Абад шааркомуна  иш  тажрыйба  алмашуу  максатында келди.

     Бул  усулдук  иш-чарада  шааркомдун  төрагасы Кеңеш Жасынович  Акунов шааркомдун номенклатуралык  иш  кагаздары  жана  жүргүзүп  жаткан  иштери  менен  тааныштырды.

 Шааркомдун уюштуруу  иштери  боюнча  адиси  Максат  Мамасыдыков  жаштар  кеңештеринин  ишин  уюштуруу  жөнүндө  маалымат  берди.

         Иш-чарада  облустук  профсоюздук  билим  берүү  Борборунун  жетекчиси  А.  Айдаров  катышып, төрагалардын  сүроолоруна  жоопторду  берилип, профсоюздук  ишмердүүлүктү  уюштуруу  боюнча  усулдук  материалдар  электрондук  вариантта  жеткирилди.

Материалды  даярдаган: М.Абдыкадырова- обкомдун  пресс-катчысы