Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

“ПРОФСОЮЗ – МУГАЛИМДЕРДИН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОРГООЧУСУ”

 Аксы районунун Н.И.Мешков атындагы №34 гимназия класстары бар орто жалпы билим берүүчү мектепте “Аймакты өнүктүрүү” жылынын алкагында 2018-жылдын 31-мартында “Профсоюз – мугалимдердин социалдык-экономикалык коргоочусу” деген темада райондук профсоюз семинар болуп өттү. Профсоюздук семинарга 65 мектептин, 31 бала бакчанын профсоюзунун төрагалары, төрайымдары катышышты. Ошондой эле “Жаштар кеңешинин” семинары А.Айдаровдун жетекчилиги астында өткөрүлдү жана семинарга Жалал-Абад облусунун бардык райондорунан өкүлдөр келишти.

     Семинар учурунда Аксы райондук профсоюздук комитетинин төрагасы С.Камчыбековго сөз берилди. Ал өз сөзүндө райондо профсоюз тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында кеңири маалымат берди жана мугалимдерге социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүү боюнча багыттарды түшүндүрдү.

      Семинардын жыйынтыгында үлгүлүү жана мыкты кесип бирликтерине Аксы райондук профсоюздук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков Ардак грамоталарды тапшырды жана Аксы райондук профсоюздун төрага, төрайымдарынын иштерине ийгиликтерди каалады.

Семинардын катышуучулары мектептин жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштери менен таанышышты.