Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Нарындык ардагер мугалим А.Шаршееваны жердештери таланттуу оймочу катары таанышат

Нарын районунун Жаны-Талап  айылынын 68 жаштагы тургуну Асбүбү Шаршеева 30 жыл мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, кол өнөрчүлүк менен да алектенген. Ал учурда аталган айылдын мыкты оймочусу.

Өзүнүн айтымында, учурда айылдагы келиндердин көпчүлүгүнө оюлардын түрүн чийүүнү жана аны кесүүнүн ыкмаларын үйрөтүп келет.

- Мен үйүмдөгү бардык шырдактарымды, кыздарыма берген септи да өз колум менен жасагам. Өзүм Нарын районуна караштуу Оттук, Эмгек-Талаа, Жерге-Тал айылындагы мектептерде сүрөт тартуу жана чийүү сабактарынан 30 жыл мугалим болуп иштедим. Мугалим болуп иштеп баштаганда эле бул кол өнөрчүлүктү чогуу алып кеттим. 90% айылдын келиндеринин шырдактарына ою салып бергем. Азыр болсо көпчүлүк кыз-келиндерге ою чийүүнү, кесүүнү, шырдакты туура жасоонун ыкмаларын үйрөтүп келем, - деди ал.

Асбүбү апа оюларды башкалардан көчүрүп албай, өзүнүн эптүүлүгү менен өзгөчөлөнтүп жасайт.

- Мен ушул убакка чейин бирөөнүн жасаган оюсун көчүрүп алган эмесмин. Жада калса, өзүмдүн салган оюларымды да барак бетине тартып албайм. Бир оюм экинчисине окшобойт. Ар бир оймодо айырма болот. Кээ бир келиндер менин салып жаткан оюларымды сүрөткө тартып кетип окшоштуруп жүрүшөт, - деди оймочу.

Асбүбү апага Жерге-Тал айыл округундагы Кара-Чий, Жалгыз-Терек айылындагы тургундар келип, кийиздерине ою түшүртүп кетишет. Оймочу мындан тышкары түймө дагы түйөт.

- Мени 3 айылдын уз келиндери аябай жакшы таанышат. Ар дайым шырдактарына оюларды салдыртып кетишет. Мен ою салуудан башка шоона, шырдактын жээгине жана жөрмөөгө кете турган жиптерди даярдап сатып, түймө дагы түйөм, - деди ал.

Асбүбү апа жолдошу Шайлообек Курманакунов менен бирге өмүр сүрүп келе жатканына 40 жылдын жүзү болду. Алардын 4 кыз, 2 уулу жана 16 небереси бар.