Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

МУГАЛИМДИ СЫЙГА БӨЛӨГӨН САЛТТУУ СЫНАК

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү  жылына” жана “ Мугалим”  илимий-педагогикалык журналынын 5-жылдыгына арналган “ Мугалим –коомдун күзгүсү 2019 ” аттуу республикалык кароо-сынактын финалдык туруна 7 дубандан иргелип, мыкты деп табылган 11 мугалим ат салышты.

“Мугалим –коомдун күзгүсү 2019” кароо-сынагынын финалисттери:

  1. Абдиева Г.Ю- Баткен облусунун Лейлек районунун Кожояр Казыев атындагы орто мектебинин математика, информатика мугалими.
  2. Жалилова Г.С-Баткен облусунун Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими.
  3. Козубекова Н.К- Талас облусунун Талас шаарындагы Р.Рысакова атындагы орто мектебинин директору, орус тили, адабияты мугалими.
  4. Апазова А.Ж-Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейинин англис тили мугалими.
  5. Байтиков Э.Б- Ысык-Көл облусунун Түп районундагы №16 Т.Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин география мугалими.
  6. Бокоев Н.Т- Нарын облусунун Нарын шаарындагы медициналык колледжинин кесиптик ишмердүүлүктү укуктук камсыздоо жана экономикасы сабактарынын окутуучусу.
  7. Момунова Ж.Н- Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар орто мектебинин англис тили мугалими.
  8. Алагушева Н.Т- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы К.Курманов атындагы орто мектебинин физика мугалими,  директордун окуу- тарбия иштери боюнча орун басары.
  9. Муктар уулу Ишен- Бишкек шаарындагы “ Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин музыка мугалими.
  10. Сейдали уулу Улукбек- Баткен облусунун Лейлек районунун Н.Батыров атындагы орто мектебинин орус тили, адабияты мугалими.
  11. Мамбетова М.А- Нарын облусунун Нарын районундагы Ж.Өмүралиев атындагы орто мектебинин тарых мугалими.

Кароо-сынакта калыстар тобу шайланып 7 адамдан түзүлдү.

Кароо-сынактын тапшырмалары боюнча  мугалимдер өздөрүнүн кесипкөйлүгүн, акыл көрөнгөсүн, терең билимин, өнөрүн жана талантын эл алдына көрсөтө алышты.

“Мугалим-коомдун күзгүсү 2019”  кароо- сынагынын баш байгесин жана “ Улут жүзү –мугалим ”  номинациясын Талас облусунун Талас шаарындагы Р.Рысакова атындагы орто мектебинин директору, орус тили, адабияты мугалими  Козубекова Нуржамал Курманбековна багындырды. Ал эми 1-орунду “ Даанышман мугалим” наминациясын менен  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-гимназиясынын  англис тили мугалими Апазова Айзада Жыргалбековна,  2-орунду “ Өпөрпоз, чыгармачыл мугалим “ номинациясы менен Баткен облусунун Лейлек районундагы Н.Батыров атындагы орто мектебинин орус тили, адабияты мугалими , директордун окуу- тарбия иштери боюнча орун басары Сейдали уулу Улукбек,

3-орунду “Ажарлуу мугалим” номинациясы менен Баткен облусунун Баткен шаарындагы Кызыл –Жол орто мектебинин кыргыз тили, адабияты  мугалими Жалилова Гүлзат Сарыбаевна жана “ Келишимдүү мугалим” номинациясы менен Нарын облусунун Нарын районундагы Өрнөк айылынын Ж.Өмүралиев атындагы орто мектебинин тарых мугалими  Мамбетова Мирзат Асанкуловналар ээ болушту.

Кароо-сынактын  катышуучулары  эки  камералуу муздаткыч, автомат кир жуугуч, плазмалык телевизор ж.б.баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле ар бир мугалим көгүлтүр “Ысык-Көлгө” жолдомо жана дипломдор, Ардак грамоталар менен сыйланышты.

“Мугалим-коомдун күзгүсү 2019” кароо-сынагынын башкы өнөктөшү  болуп  Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик  тил комиссиясы, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, “Ыйман” фонду, Кыргызстан аялдар конгресси жана  Кыргыз билим берүү академиясы жана балдардын жана өспүрүмдөрдүн  улуттук “ Сейтек” борбору колдоо көрсөтүштү.

   

Материалды даярдаган:

Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

Э.Д.Кулназарова