Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Мугалимдерди колдогон - жөнөкөй жетекчи

Ахматбеков  Абдила Аламбекович  1962  -жылы туулган. Улуту кыргыз, билими жогорку. 1979-жылы   Фрунзе шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик  дене тарбия   институтуна  тапшырып, 1983-жылы  бүтүрүп, дене тарбия мугалими адистигине ээ болгон. Билим берүү тармагында  34  жылдан бери  үзгүлтүксүз     эмгектенип  келет.

 

Өзүнүн эмгек жолун В.И.Ленин атындагы   орто  мектебинде дене  тарбия   мугалими болуп иштөө менен баштаган .Андан  кийин директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, В.И.Ленин атындагы орто   мектептин  директору сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап келди.   2009-жылдын май айынан баштап  Баткен шаардык билим берүү  бөлүмүн башкарып,  келүүдө.

 

А.Ахматбеков  мугалим  катары сабактарын  жанычыл  ыкма менен  өтүп, кесиптештерине    үлгү болуп  эмгектенүүсүнүн натыйжасында  анын машыктырган  окуучулары областтык, республикалык спартакиадаларда  шаардын намысын коргоп, байгелүү  орундарды  ээлеп  келишкен.

 

А.Ахматбеков билим берүү тармагын жетектегенден бери  шаардын окуучулары  областтык, республикалык  олимпиадаларда байгелүү 1-2-3-орундарды камсыз кылууда. Белгилеп кетсек : 2013-2014-окуу жылында Баткен шаарынын 7 мектеп окуучусу  предметтик олимпиаданын областтык турунда байгелүү орундарды камсыз кылса, 2014-2015-окуу жылындагы олимпиадада 7 окуучу 1-орунду, 4 окуучу – 2-орунду, 4 окуучу 3-орундарды ээлешип жалпы  15 окуучу байгелүү орундарды камсыз кылышты. Жалпы област боюнча командалык эсепте Баткен шаары Лейлек, Баткен району жана Сүлүкта  өндүү район шаарларды артта калтырды. 

 

2010—жылы  Баткен  шаардык профсоюз  комитети  түзүлгөндөн бери  аталган  комитет  менен  социалдык  өнөктөш катары  бир  топ  алгылыктуу  иштерди  алып барып жатат.  Абдила   Аламбекович – профсоюз комитетинин  Президиумунун  мүчөсү. Ар качан профсоюздун ишин баалап, тыгыз социалдык өнөктөш мамиледе билим берүү кызматкерлеринин социалдык абалын, иштөө шарттарын   жакшыртуу үчүн колдон келген   колдоосун   көрсөтүп иштеп келүүдө.

Белгилеп  айтсак:  3  окуу жыл катары  менен   окуучулардын  предметтик  олимпиадасында  окуучулары  олимпиаданын  областтык  турунда   1-орундарды  камсыз  кылган   мугалимдерге   жеке  өзүнүн атынан  демөөрчүлүк көрсөтүп   акчалай  сыйлыктарды  төмөнкүдөй  өлчөмдө  ыйгарып  келүүдө. 

Мындан тышкары  2009-жылдан бери  жыл сайын  мугалимдердин  Август Кенешмесинде   пенсияга  чыгып, учурда билим берүү мекемелеринде  эмгектенип  жаткан   28-30 пенсионер  мугалимдерге   ар бирине  350  сомдук  жалпы  суммасы 9800  сомдук  белектерди  ыйгарып келет. Бул көрүнүш көп жылдан  бери  мугалимдик кесипти аркалап ардактуу эс алууда жүрсө да жаштарга  насаатчы болуп мектептерде иштеп  жаткан  пенсионер мугалимдерге  жаны  окуу жылына  дем  жана  жакшы  стимул болуп келүүдө.

 

Балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында А.Ахматбековдун демилгеси менен 2015-жылдын октябрь айында Булак-Башы башталгыч мектебинин базасында “Ак тилек-Булак Башы”  балдар бакчасы ачылып, бүгүнкү күндө  56 бала бакчага тартылып, 12 кызматкер иш менен камсыз болуп отурат.  2016-жылдын декабрь айында  Данектай  балдар  бакчасы ачылып, 24 кызматкер иш менен камсыз болду .Бул ишмердүүлүк А.Ахматбековдун  көрөнгөч, иштин көзүн билген жетекчи экенинен кабар берет. Билим берүү мекемелеринин  материалдык-техникалык базаларын чындоого, МЭУлар менен  тыгыз  иш алып барууга  кошкон салымы  зор.

            Үзүрлүү эмгеги үчүн 2000-жылы  Баткен шаардык жергиликтуу оз алдынча башкаруусунун  Ардак грамотасы,  КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы менен    2004-жылы сыйланган., 2006-жыл  «КРнын билим берүү  отличниги» төш бегилеси, 2012-жылы «Профсоюз кыймылынын мыктысы » төш белгиси, 2014-жылдын мыкты мамлекеттик кызматкери, 2015-жылы  Баткен шаарынын Мэриясынын  “Мыкты  меценат - 2015”  сыйлыгына татыктуу болду. 

 

А.Ахматбеков мугалимдердин,  ата-энелердин, жамаатташтарынын  кадыр баркына  ээ.  Үй бүлөлүү,  4  баланын кадырлуу  атасы.