Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

МУГАЛИМ ЫР ЖАЗАТ

Нарын районунун Оорук-Там айылынын 49 жаштагы жашоочусу Чынара Абылова 28 жылдан бери мектепте иштейт. Ч.Абылованын айтымында, окуу жайды аяктары менен мектепте эмгектенип баштаган.

 - 1967-жылы Нарын районунун Ийри-Суу айылында жарык дүйнөгө келдим. 1983-жылы ошол эле айылдагы мектепти аяктап, 1989-жылы кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогика факультетин аяктагам. Окуу жайды бүткөндөн кийин Оорук-Там айылынын тургуну Доктурбек Алымбаевге турмушка чыгып, ошол эле айылда Абышка Алсейитов атындагы орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп 22 жыл эмгектендим. 2011-жылдан тарта Бишкек шаарындагы №40 орто мектепте башталгыч класстарга билим берип келем. Мектепте иштегениме 28 жылдын жүзү болду. Мен балдарды окутуудан эч чарчабайм, тескерисинче аларга билим берип, "силер чоңойгондо Кыргызстанды өнүктүргөн ыймандуу адам болгула" деп жакшы сөз менен тарбиялоодон рахат алам, - деди ал.

Мугалим Ч.Абылова 4-классынан тарта ыр жазып, бир топ гезиттерге да жарыялап турган.

- Мен мектепте окуп жүргөн кезде эле ыр жазып баштагам. Биринчи 4-классымда "Нарын дайра" аттуу ырымды жазып сынакка катыштым. 1987-1988-жылдары "Студенттик жаз" аттуу сынакка катышып, грамота жана сыйлыктарды алдым. Андан сырткары "Кыргызстан пионери", "Мугалимдер", "Ленинчил жаш" гезиттерине макала жазып, ырларымды дагы жарыяладым, - деди ал.

Анын жолдошу Д.Алымбаев бардык музыкалык аспаптарды эркин ойноп, обон чыгарчу, пародиялык чыгармаларды ырдаганды жактырчу. Алардын бир кызы атасынын жолун жолдоп, ырдап келет.

- Жолдошум Доктурбек экөөбүз 1989-жылы баш кошуп, 1 уул, 4 кыздуу болдук. Доктурбек музыкалык билими жок болсо дагы аспаптардын бардыгын эркин ойной алчу. Обондорду чыгарып, пародиялык чыгармаларды ырдаганды аябай жакшы көрчү. Тойлордун, жакшылыктардын көркүн аччу. Ал 2015-жылы ооруп көз жумду. Учурда балдарым, кыздарым баары жакшы ырдашат. Үчүнчү кызым Бурулсун Алымбаева атасынын жолун улантып, Кыргыз улуттук консерваториясын аяктады, - деди ал.

Чынара жеңе адамды ыймандуулукка, адептүүлүккө, патриоттуулукка тарбиялоочу ырларга басым жасап, учурда дептер бетине түшүргөн ырлары 100гө жетти. Ырларын көбүнчө социалдык баракчасына жүктөп турат.