Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Мугалим Г.Абдыкеева балдарды ыйманга тарбыялайт

- Эл агартуу тармагында 18 жылдан бери эмгектенип келем. Өзүм Ысык-Ата районунун Буденовка орто мектебин 1986-жылы аяктап, жогорку окуу жайга өткөм. Эмгек жолум Ивановка №2 орто мектебинен башталды. Жетишкен ийгиликтерим үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим берүү жана илим министринин ардак баракчалары менен сыйлангам.

Окуучуларга сабакты кызыктуу жана өзгөчө өткөрүүгө аракет кылам. Азыркы мезгилдин талабы болгон инновациялык ыкмаларды колдонуу менен ачык сабактарды өткөрүп келем. Ошол эле маалда райондук масштабдагы ачык сабактарды өткөрүп жүрөм, - деди ал.

Г.Абдыкеева бош убактысында кийим тиккенди, жүндөн байпак, мээлей, топу түйгөндү жана иш бөлмөсүнө гүлдүн түрүн өстүргөндү жактырат.

- Бир күнү класска кирсем, демейде чуру-чуу түшкөн окуучулар тыптынч. Мага алар ушундай бир берилип сабак окуп жаткандай туюлду. Таң калдым. Эч нерседен шек албай ордума отуруп, окуучуларга кайрылып сүйлөсөм эч ким үн дебейт. Баары мени көрмөксөн, жооп жок. Ачуум келип, "эмне унчукпайсыӊар" деп бир кыйкырып жиберсем, баары мени карап каткырып жиберишти. Көрсө мени эмне кылар экен деп, видеого тартып жатышыптыр, - деди ал.

Гүлнур Абдыкеева Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 1969-жылы 5-ноябрда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 2 уулдун апасы.

- Жолдошум Иманалиев Эркимбек экөөбүз Кеӊеш айылында турабыз. Ал азыр мектепте кароолчу, улуу кызым Мээрим студент. Андан кийинки уулум Кайрат иштеп жатса, кызым Эркайым 6-класста, уулум Жаннат 5-класста окуйт, - деди ал.