Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Кадамжайлык мугалим Ф.Акманова жайкысын ишкерлик кылып, 200 миң сом табат

    Кадамжай районунун Арпа-Сай айылындагы мугалим Фарида Акманова 3 айлык жайкы эс алууда соода менен алектенет.

    Өзүнүн айтымында, мектепте кыргыз тилчи мугалим. Акыркы 3 жылдан бери жайкы эс алууда бош отурбай, Баткенден Ошко мөмө-жемиштерди ташып, киреше таап жатат. Учурда күн сайын 500-1000 кг алма жана шабдалыны Оштун «Кара-Суу» базарына ташып барууда.

    - Жер-жемиштерди сезону менен ташый берем. Картошка, алма, шабдалы ташыйм. Өзүбүздүн бир гектар багыбызга да алма, гилас, шабдалы өсөт. Бактагы жемиштерден сырткары элден да алып сатам, - деди ал.