Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

ЧЫГААН ПЕДАГОГ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

       

    Айтматова Тургунай Бабажановна  1952-жылы 13-сентябрьда Кадамжай районуна караштуу Пулгон айылында туулган.  Айтматова Тургунай Бабажановна  жигердүү эмгеги, өз ишине болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, иштермандыгы, иштин көзүн алдын ала көрө билгендиги, уюштуруучулугу, билиминин терендиги менен элдин ишенимине кирип, кырк жылдан ашуу билим берүү тармагынын ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, жакшысын татып, жаманына ооз күйгүзүп, дайыма так жүрүп, туура сүйлөп, ишке таза мамиле жасап, өз орду менен кадыр-барк күтүп, билим жана тарбия жаатында опол тоодой эмгек калтырып, алтымыш беш жаш курактын астанасын аттап, кубанычтуулук менен тосуп турган чагы.                                                    1970-1975-жылдары Улугбек атындагы Фергана педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүндө окуп, педагогикалык эмгек жолун №5 Б.Айтматов (мурунку Ломоносов) атындагы гимназия мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп иштөө менен баштаган. 1978-1783-жылдары ошол эле мектептин окуу бөлүм башчысы, 1983-2003-жылдары мектеп директору болуп иштеп, иштеген жеринде окуучулардын билим сапатын бекемдеп, жогорку маданияттуулукка үйрөтүп, мугалимдерди келечек ээлерин тарбиялоодо жоопкерчиликтуу мамиле жасап, өз элин, жерин сүйгөн азаматтарды тарбиялоого үндөп, ошонунун үстүндө талбай иштеп, топтогон алдынкы тажрыйбаларды, ыкмаларды башка мектептерге жайылтуу максатында райондук, облустук бир катар семинарларды уюштурган. Ошону менен катар 1985-1995-жылдары А.Орозбеков атындагы Айылдык кенештин депутаты, 2000-2004-жылдары Баткен облстук кенешинин депутаты, областык кенешинин төрагасынын орун басары, 2003-2010-жылдары Кадамжай райондук Мамлекеттик  администрация башчысы –акимдин орун басары болуп эмгектенген.

     2010-жылы кайрадан №5 Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинин директору болуп дайындалып, азыркы күнгө чейин директорлук кызматын аркалып келе жатат. Өзү жетектеген мектептин окуучуларын окутуп тарбиялоого жаӊыча мамиле жасап, окутууну мезгилдин талабына жараша инновациялык технологияларды киргизүү менен бирге  билим сапатын бекемдеп жана жогорулатууга, ошону менен бирге мугалимдердин өз билимин  өркүндөтүү аркылуу билим сапатын көтөрүүгө багыттап, алардын материалдык чеберчилигин арттырууга көп күч жумшап келет. Айтматова Тургунай Бабажановна коомдук иштерге активдүү катышып келет. Ошону менен бирге эмгекчилердин эмгектенип, эс алуусу үчүн өтө жогорку деӊгээлде шарттарды түзөт. Эмгекчилердин укуктарын коргоп, өзү жетектеген мектептин ар бир мугалимине жакындан жардам берип, профсоюз уюму менен тыгыз байланышта иш алып барат жана профсоюз кыймылына дайыма жакындан колдоо көрсөтүп келет. 1996-жыл Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы», 2003-жылы  «Даӊк» медалы, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын «Ардактуу айымы» ордени, Кыргыз Республикасынын элге билим берүүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Профсоюзунун Борбордук комитетинин отличниги төш белгилери менен сыйлаган.     Үй бүлөлүү,  эки уулдун энеси, 3 неберенин чоӊ энеси. Уулдары жогорку билимге ээ болуп, азыркы мезгилде турдуу тармактарда эмгектенип жатышат.                                                                

     Айтматова Тургунай Бабажановна жөнөкөй мугалим болуп иштеп жатканда эле тандап алган кесибине берилип. Жаш жеткинчектерди келечекте өз ордун тапкан мекенчил инсан болууга тарбиялоого умтулду. Иштеген мектебинде жааматын бекем, ынтымактуу коллективге жеткирип,  билим берүүнүн  сапаттык көрсөткүчүн жогорулатууну негизги максатым деп эсептеп келет.