Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Ч.Айтматовтун 90 жылдыгына карата шаардык семинар өткөрүлдү

“2018-жыл-Аймактарды өнүктурү  жылы” иш-чараларынын алкагында  Таш-Көмүр  шаарынын мектептеринде апрель айында системалуу  иштер  жүрүүдө.

    Таш-Көмүр  шаарынын  №3Тоголок Молдо  атындагы орто  мектебинде профсоюз  уюмунун  демилгеси  менен ишембелик  уюштурулуп, көрктөндүрүү  жана жашылдандыруу иштери  аткарылды.

   Мектепте ШБББнун  иш планына ылайык  Ч.Айтматовтун 90 жылдыгына  карата шаар мектептеринин мугалимдеринин семинары  жана  предметтердин  декадасы уюштурулду.

     Сабактарда жаңы технологиялардан  пайдаланып Ч. Айтматовтун  чыгармаларынын  негизинде мазмундуу, жаңыча  сабактар жана иш-чаралар   өткөрүлдү. Семинардын  жана  декаданын  катышуучулары уюштуруучуларга  ыраазычылыктарын  билдиришти.

Материалды  даярдаган: Таш-Көмүр шаарынын №3 Тоголок Молдо атындагы орто  мектебинин  профсоюздук  уюмунун  төрагасы-Гулжайна Молдалиева