Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Англис тилчи Г.Тезекбаева кыргыз кол өнөрчүлүк да жасайт

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылынын тургуну Гүлнара Тезекбаева үй-бүлөсү менен 25 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Ал мындан тышкары эл агартуу тармагында да эмгектенүүдө.

Гүлнара Тезекбаева 1966-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

- Атам Асанбек Тезекбаев жазуучу, драматург жана мугалим болгон. Мектепте физика жана математика сабактарын окутуп, кийин мектептин директору, айылдык кеӊештин депутаты болуп, өмүр бою элге кызмат кылган. Апам болсо чет тилден сабак берчү. Мен дагы анын жолун улап, англис тилинен мугалим болуп эмгектенип келем. Негизи кол өнөрчүлүгүмдү өркүндөтүп, аны чет элге таанытууга англис тилин билгендигим чоӊ өбөлгө болду. Апам да уз-чебер болгон. Мен кичинекей кезимде ага жардамдашып, 100 баш уктуу боз үйдү жасашкам. Бирок, анда мен өтө кичинекей болуп, жакшы үйрөнө алган эмесмин. Кийин гана үйрөндүм.

Жолдошум да кол өнөрчү. Ал майда скульптураларды жасайт. Үй-бүлөлүк негизги кирешебиз ушул кол өнөрчүлүктөн түшөт. Эмгектерибизди Казакстан, Европа өлкөлөрүндөгү жана Америкадагы ар кандай жармаңкелерге алып чыгабыз. Кол өнөрчүлүк менен алектенип келе жатканыбызга жалпы 25 жылдын жүзү болуп калды. Жолдошум экөөбүз кайра куруу мезгилинде баш кошконбуз. Ал убакта эл менен чогуу бирде ачка, бирде ток болуп, кыйналганыбыздан соода-сатыкка өтүп, кол өнөрчүлүгүбүздүн арты менен жан багып калганбыз, - деди ал.

Гүлнара Тезекбаева учурда Кара-Балта гуманитардык-экономикалык колледжинде чет тилден сабак берет.

 - Алгач мугалимдик кесипти ушул Петровка айылында баштадым. Андан кийин Бишкек шаарындагы бир катар жогорку окуу жайларда эмгектендим.

Чоӊ рамкалардын ичине жүндөн сүрөттөрдү түшүрөм. Алардын баасы 1500 сомдон 7 миң сомго чейин болот. Мындан сырткары, кыздардын баш кийимин, сумка, уюлдук телефон салгыч, бут кийим, шуру мончок, кийизден жана кездемеден чыптама тигем. Булардын баасы 2000 сомдон 5000 сомго чейин бааланат. Казакстандын Алмата шаарында 4 жылда бир болгон кол өнөрчүлөрдүн фестивалына катышып келчү элем. Акыркы жылдары ага бара албай калдым. Азыр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Оймо фестивалына катышып келебиз. Медаль, ардак баракчалар менен сыйландык. Жакында «Москва районунун айымдары» деген 2 томдук китеп чыгып, ага 50дөн ашуун таланттуу аялдар жазылган экен. Анын ичинде мен да бармын.

Мындан сырткары, Петровка айылына чайхана ачып, иштетип жатабыз. Келечекте ушул чайхананы этностилге өткөрөбүз. Ичин жана сыртын кыргызчалап жасап, ичине өз колубуздан жасалган эмгектерибизди илип жана тамак-аштарыбызды да улуттук даамдар менен толуктайлы деген максатыбыз бар, - деди чебер кол өнөрчү.

Гүлнара Тезекбаеванын учурда 2 кыз жана 1 уулу бар.

- Уулум да кол өнөрчү. Ал зергер, ар кандай азем буюмдарды жасайт. Быйыл архитектор кесибине ээ болду. Кызымдын кесиби экономист. Кичүү кызым 9 жашка чыкканда автоунаа сүзүп кетип, каза болуп калган, - деди ал.