Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

"Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын ролу"

Республикалык форум Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында 3-4- сентябрь күндөрү болуп өттү.

Форумга Кыргызстандын жети облусундагы Жаштар Кеңешинин төрагалары, жаш активистер жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Мамасыдыков Максат катышты.

Форумдун экинчи күнү Токтогул ГЭСине саякат жасап, ГЭСтин ишмердүүлүгү менен терең таныша алдык.

Андан соң Кара-Көл шаардык китепканасынын базасында форумдун официалдуу бөлүгү ачылып, жаштар өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүштү.

 "Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын ролу" аттуу темада талкуу жүрүп төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды.

 

2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү  жылына карата

“Аймактарды өнүктүрүүдөгү жаштардын ролу”  республикалык жаштар форумунун

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Жаштар – өздөрүнүн демилгелерин коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруучу  жаш жарандар.    Кыргызстанда жаштар активдешип, саясий жана коомдук иштерге тартылууга  даяр. Анткени   жаштар ээ болгон күч, энергия жана ой жүгүртүүнү пайдалуу иштерге багыттоо зарыл. Ар бир аймактарда орун алган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун тегерек столдо талкуулап, ой бөлүшүп, сунуштарыбызды жаздык.  Биз,   мамлекетибиздин өнүгүү дең -гээлин жогорулатууга  өз салымын кошо турган, ынтымакты , биримдикти колдогон, жаштар,    Кыргызстандын бардык аймагындагы   тургундарына  жана бийлик органдарына кайрылабыз.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:

  • Аймактардын тазалыгын  жана кооздугун бузуп жаткан   жана     жаратылышка терс таасирин тийгизген желим бөтөлкөлөр, целофандарды кабыл алуучу пункттарды ачууну;
  • Ар бир мектептерге окуучулар чогулткан желим бөтөлкөлөрдү, целлофандарды   майдалап кайра иштетүүгө даярдоочу шаймандарды  сатып берүүнү жана аны тапшыруудан пайда болгон каражаттарды мектептердин керектөөлөрүнө пайдаланууга калтырууну;
  • Укук бузууларды, тартипсиздикти өз убагында аныктоо үчүн, мектептерге, соода түйүндөргө видео көзөмөл орнотууну талап кылууну;
  • Жаштарды  наркомания жана токсикоманияга берилип кетүүдөн сактоо  максатында  таасирдүү адамдар менен жолугушууларды уюштурууну жана сергек жашоо образын жаратууга  шарттарды түзүүнү;
  • Балдар эс алуу борборлорунун инфратүзүмдөрүн жакшыртууну;
  • Жаштардын жана балдардын көйгөйлөрүн, демилгелерин көтөрүү үчүн чечим чыгаруу деңгээлиндеги жетекчилик кызматтарга жаштарды тартууну.

Дене тарбия спорт жана жаштар иштери агенттигине караган аймактык бөлүмдөрүнө:

  • Мектептердин спорт залдарында жана спорт комплекстерде  жаштардын ийримдеринин санын жана ага тартылган жаштардын санын көбөйтүүнү;
  • Ийгиликке жетишкен спортчуларды даңазалоону.

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин дарыгерлерине жана жаштар  кеңештерине:

  • Дарыгерлер тарабынан өспүрүм курактагы жаштарга репродуктивдүү  ден соолук  жана башка коркунучтуу илдеттер боюнча  маалыматтарды берүүнү системалык түрдө жүргүзүүнү;

Билим берүү бөлүмдөрүнө:

  • Ыймандуу, адептүү  жаштарды  тарбиялоо үй-бүлөдөн башталат, андыктан “Таза аймакта жашап, таштандыдан арылалы” деген окутуу-тренингдерди балдар менен катар эле ата-энелерине да жүргүзүүнү колго алууну;
  • пилоттук негизде, мектептерде желим бөтөлкөлөрдү өзүнчө, кагазды өзүнчө чогултууну баштоону;
  • Интернет айдыңындагы маалыматтардын (спам, фейк) керектүүлөрүн иргей ала турган сервистерди пайдаланууну үйрөтүүнү.

Укук коргоо органдарына жана эмгекти коргоо органдарына:

  • Жаштарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жана жаштардын  кылмыштуулугун азайтуу чараларын иштеп чыгуу жана жаштарды алдын алуу иштерине тартуну;
  • Жаштар арасында көзөмөл жүргүзүүчү,  аймактык көзөмөлчүлөрдүн иш аракеттеринин сапатын жогорулатууну.

Маалымат массалык каражаттарына:

Жаштардын элибиздин биримдигин, ынтымагын сактоо менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон жаңылыктарын өз убагында  жайылтууну.

Кара-Көл  шаары, 2019-жыл 4- сентябрь.

 

Маалыматты даярдаган:

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы

Максат Мамасыдыков