Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Аймактарда «Ден-соолук» күнү белгиленди

Аймактарды ɵнүктүрүү жылынын алкагында 7-апрель Бүткүл дүйнɵлүк «Ден-соолук» күнүнɵ карата билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ɵзгɵн райондук комитети тарабынан райондун аймагындагы Т.Машрапов, Т.Асранов, Ы.Бектемиров атындагы орто мектептеринде мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин арасында  кросс ɵткɵрүлдү. Кросско мектеп окуучуларынан, мугалимдерден сырткары аймактагы медицина кызматкерлери да катышты. Аймактардагы калк арасында «Ден-соолук» күнүн, сергек жашоо образын пропагандалоо максатында Куршаб аймагындагы Ы.Бектемиров атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучуларынын катышуусунда жɵɵ жүрүш болуп ɵттү.

   Мырза-Аке аймагындагы  Т.Машрапов атындагы орто мектебинде 7-апрель Бүткүл дүйнɵлүк «Ден-соолук» күнүнɵ карата ɵткɵрүлгɵн иш-чарага мектептин мугалимдери, окуучулары жана аймактык оорукананын медицина кызматкерлери  катышып, кросстук мелдеште ɵздɵрүнүн активдүүлүгүн кɵрсɵтүштү.

  Жазы аймагындагы Т.Асранов атындагы орто мектебинде ɵткɵрүлгɵн кросстук иш-чара айыл ɵкмɵттүн ɵкүлдɵрүнүн, айыл башчылардын, ардагерлердин катышуусунда ɵткɵрүлдү.

   Кросс жана аралыкка чуркоо боюнча ɵткɵрүлгɵн  мелдеште жеӊүүчү болушкан жалпы  75 мектеп окуучулары жана мугалимдер билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ɵзгɵн райондук комитетинин  1-2-3-даражадагы диплому  жана медалдары менен сыйланышты.   

 

            Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

               бирлигинин Ɵзгɵн райондук комитети