Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

А.Куттубаева 17 жылдан бери бала бакчада тарбиячы

Кара-Буура районунун Шекер айылынын 57 жаштагы тургуну Айнагүл Куттубаева 17 жылдан бери бала бакчада эмгектенип келет.  Кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими.

- Жумушум эртең менен кетип, кеч келгениме карабай жолдошум, кайын энем макулдуктарын берип жумушка чыгарган. Бала бакчада балдар менен жүргөнгө өз балдарымдын кантип чоңойгонун билбей калдым. 17 жыл деп эле кулакка көп угулбаса, азыр да бала бакчага кэчээ эле киргендей сезимдер турат (күлүп). Бала бакчада иштөө башка кесиптерге салыштырмалуу кыйынырак. Балдарга эртеден кечке чейин баш-көз болуу кыйын жумуш. Жумуш оор, кечке чейин башың ооруйт. Үйгө кантип келип уктап калганыңды билбей каласың (күлүп). Ар бир тайпада 30дан бала бар. Аларды эртең менен 8:00до кабыл алып, тамактарын берип, сабакка даярдап, сабак бүткөндөн кийин уктатабыз. Бала бакчада кооптонуулар көп болот. Балдарды кулап, жыгылып калабы деп карап жүрөсүң, коркосуң. Кичинекей балдар ортодо тил табыша албай же бир нерселерин талашып бири-бири менен уруша кетишет. Аларды карайбыз.

Мен тарбиялаган балдар чоң тайпа болгондуктан кичи тайпадагыларга салыштырмалуу эс тартып, туураны туура эмести ажыратып калышкан. Ошондуктан алар менен жакшы мамиледе, түшүндүрүп айтып, ортодогу жакшы мамилени сакташ керек. Алар эжеке деп жакшы көрүшөт. Бала бакчаны бүтүп кеткендер да көчөдөн көрүп калышса эжеке дешип сүйүнүп кучактап учурашат (күлүп). Көбүнчө мен бала бакчадан иш күнүм бүтүп үйгө бара жатканда мектептен чыгып учурашып турушат. 3-4-класс болгончо мойнума жабышып башымды ылдый кылып бетимден өбүп учурашышат. Аларды көрүп сүйүнүп калам. Балдар менен иштешсең аларды өз балдарыңдай көрүп калат экенсиң, - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле бала бакчада сүйүүлөр да бар экендигин кошумчалады.

- Азыркы балдар бири-бирин сүйөм дешкенден эч тартынбайт (күлүп). Бир жолу бала бакчада майрам болуп калды. Бир «шустрый» балам бар эле. Ал бакчадагы бир кызга белек жасап келип, «эжеке ал кызды алам» дейт. Майрамдан кийин мени ээрчитип алып ал кызга барып белегин берген элек (күлүп). Көрсө кыздын апасынан уялып мени ээрчитип барган экен. Ошол күн дагы деле эсимден кетпейт (күлүп), - деди ал.

Тарбиячы айым үй-бүлөдө 5 бала, 8 неберенин апасы.

Материалды даярдаган:

Акил Адамалиев