Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

2018-жылы Региондорду өнүктүрүү жылына карата Базар- Коргон районун Акман айыл өкмөтүндө жайгашкан Мураталиев Замир атындагы негизги...

Мураталиев Замир атындагы негизги мектеби болуп 2005-2006- окуу жылы ачылды.

Мектеп ачылгандан баштап окуучулар өз билимин өстүрүүчү үчүн билим алып келүүдө.Мектепте жалпы 115 окуучу окуйт, алардын 1-4- класстарында 57 окуучу окуп билим алат.Бирок балдардын келечеги жана ден- соолугу үчүн шарт түзүлгөн эмес. Мектеп 6 класс кабинеттен болгонду ктан, башталгыч класстын окуучулары ашкана жок болгондуктан класс кабинетинде сабактан кийин шашке чайын ичип келген. Окуучулардын келечекте ден-соолугу чындоо үчүн мектептин ашканасын куруу маселеси көтөрүлүп, бүгүнкү күндө ишке ашууда. Мектептин ашканасын куруу үчүн, мамлекеттик гранттан, ал эми айыл аймак тарабынан 250000 сомдук акча каражаты болунуп бүгүнкү күндө мектептин жетекчиси Турдуев Зайырбек агай пректинин устундо алгылыктуу иш жүргузуп барууда.

Жалал-Абад областы Базар-Коргон районунун Акман айыл Өкмөтүнө караштуу №5 Токтогул атындагы гимназия мектеби жайкы эс алууда.

Мектеп жамааты 2017-2018-окуу жылы аяктагандыгына байланыштуу мектептин ремонт иштери ийгиликтуу жүргүзүлүп, мугалимдер жайкы эс алууну көздөштү. Жайкы эс алууга Ош областынын Өзгөн районуна караштуу “ Кара- Шоро ” жайлоо коругуна эс алууга барып эс алып келишти. Мугалимдердин жайкы эс алуусуна Базар-Коргон райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети тарабынан 5000 мин сом акчалай каражаты бөлүнүп, Акман айыл өкмөтү тарабынан көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча (ишембилик) иштеринде мектеп жамааты тарабынан алгылыктуу иштерди алып барылып мектептин айланасына 1000 түп терек көчөтү отургузулду, ошол себептен 3000 сом акчалай каражаты сыйлыкка берилип, ошолордун колдоосу менен мектеп жамааты жайкы эс алууну  жакшы эс алып кайтышты.