Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик жөнүндө

Борбордук комитеттин түзүмү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тармактын кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин ыктыярдуу, көз карандысыз бирикмеси болуп саналат, ал мүчө уюмдардын ишин координациялайт, кесиптик бирлик  мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт. Бүгүнкү күндө тармактык кесиптик бирлик 3 областтык, 40 райондук жана 13 шаардык комитеттерин бириктирген эң массалык жана өкүлчүлүктүү уюм болуп саналат, 3828 баштапкы профсоюз уюму бар жана 191375 профсоюз мүчөсү, анын ичинде 30415 студент жана окуучу жаштар бар.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жогорку органы болуп 5 жылда бир жолу чакырылуучу Съезд эсептелет. Съездде кесиптик бирликтин борбордук органынын жана текшеруу комиссиясынын иши жөнүндөгү отчёттор угулат, кийиинки беш жылга жетекчи органдар шайланат, тармактын социалдык-эмгектик проблемалары талкууланат, иштин негизи болуп саналган иш-аракеттердин программасы аныкталат. Зарыл болгон учурда Съезд Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

Борбордук комитет тармактык кесиптик бирликтин жетекчи органы болуп саналат. Съезддердин ортосунда жетекчиликти ишке ашыруу үчүн кесиптик бирликтин борбордук комитетинин пленумдары чакырылат жана борбордук комитеттин ишин координациялоо үчүн Президиумдун курамы шайланат. Кесиптик бирликтин борбордук комитети кесиптик бирликтин съездинин, пленумдарынын, президиумдарынын токтомдорунун аткарылышын камсыз кылат.

Кесиптик бирликке 3 областтык (Баткен, Ош, Жалал-Абад), Нарын областынын 5 райондук жана шаардык комитеттери, Талас областынын 4 райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттери, Ысык-Көл областынын 5 райондук жана 2 шаардык кесиптик бирлик комитеттери, Чүй областынын 8 райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттери, кесиптик бирликтин Бишкек жана Ош шаардык комитеттери, Чүй, Талас жана Ысык-Көл областарында жайгашкан жогорку окуу жайларынын жана атайын кесиптик орто окуу жайларынын 16 кесиптик бирлик  комитеттери, Улуттук илимдер академиясынын биргелешкен кесиптик бирлик комитети жана 13 башка мекемелердин кесиптик бирлик комитеттери кирет.

Кесиптик бирликтер боюнча жалпы маалыматтар:

I. Республика боюнча:

1. Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын саны – 3828;

2. Жалпы иштегендердин, студенттердин жана окуучу жаштардын саны 286745анын ичинен кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн саны 191375;

3. Иштегендердин саны 166874, анын ичинен кесиптик бирликтин  мүчөлөрүнүн саны 160960;

4. Жалпы студенттердин жана окуучу жаштардын саны 119871, анын ичинен кесиптик  бирликтин мүчөлөрүнүн саны 30415;

 

II. Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин түздөн-түз тейлөөсүндө
(Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй областары, Бишкек, Ош шаары,  ЖОЖ, АКООЖ жана башка мекемелер):

1. Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын саны 1623;

2. Жалпы иштегендердин, студенттердин жана окуучу жаштардын саны – 137900, анын ичинен кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн саны – 104264;

3. Иштегендердин саны – 83556, анын ичинен кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн саны – 78013;

4. Жалпы студенттердин жана окуучу жаштардын саны – 54344, анын ичинен кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн саны – 54344;

 

III. Кесиптик бирликтин түзүмүнө кирет:

1. Областтык комитеттер ( Баткен, Ош, Жалал-Абад) – 3

2. Райондук комитеттер – 40

3. Шаардык комитеттер – 13

4. Жогорку окуу жайынын жана атайын кесиптик орто окуу жайларынын кесиптик бирлик  комитеттери – 26

5. Илимий мекемелердин кесиптик бирлик комитеттери – 24

6. Башка мекемелердин кесиптик бирлик комитеттери – 13.