Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик жөнүндө

Борбордук комитеттин ишмердүүлүгү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кесиптик бирликтер жөнүндө”, “Коомдук бирикмелер жөнүндө”, “Эмгекти коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдуулугуна, жалпы таанылган принциптерге жана эл аралык укуктук ченемдерге жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына ылайык жүзөгө ашырат.

Кесиптик бирликтин борбордук комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн өзүнүн кесиптик бирлик мүчөлүк уюмдары менен демократиянын, өз ара урматтоонун, өз алдынчалыктын, тең укуктууулуктун, кызматташтыктын жана тилектештиктин, демократиялык борборлошуу принциптеринин негизинде, тармактык жана аймактык кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзөт жана уюштурат. Бул ишмердүүлүктөргө төмөнкүлөр кирет:

- кесиптик бирликтин бардык органдарынын төмөндөн жогору карай шайланышы;кесиптик бирликтин  бардык мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу, ага  кирүүгө жана андан чыгууга ыктыярдуулугу;

- кесиптик бирлик органдарынын өз уюмдарынын жана жогорку кесиптик бирлик органдарынын алдында мезгил-мезгили менен отчет берип турушу;

- кесиптик бирликтик ички тартипти сактоо;

- кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүктөрүндөгү, алардын бардык деңгээлде шайлануучу  органдарынын ачык-айкындуулугу;

- жогорку кесиптик бирлик органдарынын чечимдерин милдеттүү түрдө аткаруу;

- жамааттарда талкууланган жана коллегиялдуу түрдө  кабыл алынган кесиптик бирлик органдарынын токтомдорун жана тапшырмаларын аткаруудагы жеке жоопкерчилик;

- мүчөлүк уюмдардын тең укуктуулугу;

- кесиптик бирликтин максаттарын жана милдеттерин аткаруудагы мүчөлүк уюмдардын тилектештиги жана биримдиги

Кесиптик бирликтин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн  жашоо деңгээлдеринин жакшырышына багытталган жеке жана жамааттагы социалдык, эмгектик, кесиптик укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоо жана коргоо;

- кесиптик бирликтин жана анын уюмдарынын билим берүү тармагындагы коллегиялуу органдарындагы  өкүлчүлүктүү  укуктарын жүзөгө ашыруу;

- кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн жашоолорунун сапатын жогорулатуу.  

Ишмердүүлүктүн негизи багыттары:

- мамлекеттик, коомдук жана башка уюмдарда алардын кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;

- кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эмгектик, социалдык-экономикалык, укуктук кызыкчылыктарына жана эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик документтерди иштеп чыгууга катышуу;

- «Эмгекти коргоо жөнүндө» коомдук контролду жана башка ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу;

- эмгек мыйзамдарын, «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө», «Эмгек ресурстарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу;

- жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүү, алардын аткарылышын контролдоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, эмгектик чыр-чатактарды жөнгө салууга катышуу;

- кызматкерлердин жана алардын балдарынын, ошондой эле студенттердин жана студенттердин ден соолугун чыңдоону уюштуруу;

- профсоюздук кадрларды окутуу, методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү;

- чет мамлекеттердин коомдук, мамлекеттик жана башка уюмдары, профсоюздары менен кызматташуу жана эл аралык мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.