Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик жөнүндө

Борбордук комитеттин расмий буклети - 2015-жыл (кырг., орус, анг. тилдеринде)

  Скачать буклет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН РОФСОЮЗУ

 ПРОФСОЮЗ РАБОТНИКОВ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

 TRADE UNION OF EDUCATION AND SCIENCE WORKERS OF KYRGYZ REPUBLIC

 

1. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлерирнин профсоюзу

Кыргыз Республикасынын илим жана билим кызматкерлеринин профсоюзу - өзүнүн профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон мүчөлүк уюмдардын ишмердигин координациялаган тармактын кызматкерлеринин профсоюзунун  ыктыярдуу, көз карандысыз бирикмеси.

Бүгүнкү күндө профсоюз өз түзүмүндө 3 областтык, 40 райондук жана 15 шаардык профсоюз комитеттерди бириктирген, 2712 баштапкы профсоюз уюмдары жана катарында 199686 профсоюз мүчөлөрү, анын ичинде 76257 студенттер жана окуучу жаштар бар өтө көп сандуу жана өкүлчүлүктүү уюм болуп саналат.

2. Профсоюздун түзүмү

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун жогорку органы болуп 5 жылда бир жолу чакырыла турган Съезд эсептелет. Съездде Борбордук Комитеттин жана текшерүү комиссиясынын ишмердиктери жөнүндө отчеттор угулат, жетекчи органдар шайланат, тармактын социалдык-эмгектик проблемалары талкууланат, алдыдагы беш жылга негиз боло турган аракеттердин программасы аныкталат.

Борбордук комитет тармактык профсоюздун жетектөөчү органы болуп саналат. Жетекчиликти жүргүзүү үчүн съезддердин аралыгында профсоюздун БК Пленумдары чакырылат, ал эми Борбордук Комитеттин ишин жалпылаштыруу  үчүн Президиумдун тутуму шайланат. Борбордук Комитет профсоюздун съезддеринин, пленумдарынын, президиумдарынын токтомдорунун аткарылышын камсыз кылат.

Профсоюздун Борбордук Комитетине 3 областтык, Нарын областынын 5 райондук жана  шаардык профсоюз комитеттери, Талас областынын 4 райондук жана  шаардык профсоюз комитеттери, Ысыккөл областынын 5 райондук жана  2 шаардык профсоюз комитеттери, Чүй областынын 9 райондук жана шаардык профсоюз комитеттери, Бишкек шаардык комитети, Бишкек шаарында, Чүй, Ысыккөл жана Талас областтарында жайгашкан ЖОЖ жана АООЖ 27 профкомдору, Улуттук илимдер академиясынын бириккен профкому жана аз сандуу билим берүү уюмдарынын 11 профкому түздөн – түз баш иет.

3. Ишмердиктин принциптери, негиздери жана максаттары

КР билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Профессионалдык союздар жөнүндө”, “Коомдук бирикмелер жөнүндө”, “Эмгекти коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери тармагындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КР билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Уставына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык аракеттенет.

Борбордук Комитет өзүнүн ищмердигин мүчөлүк уюмдарынын пикирлерин жана эрктерин  эске  алуу    менен  төмөнкү принциптерде жүргүзөт:

- ишмердиктеги өз алдынчалуулук, өз мүчөлөрүнүн тењ укуктуулугу, өнөктөштүк жана кызматташтык;

- коллегиялуулук, шайлануучулук, иштеги, айрыкча жетектөөчү органдардын иштериндеги ачыктык, өздөрүн шайлагандардын алдындагы милдеттүү отчеттуулук;

- азчылыктын пикирин сыйлоо, ар бир мүчө уюмдун өз көз караштарын коргоого жана түшүндүрүүгө укуктуулугу;

- жалпы милдеттерди жүзөгө ашырууда мүчө уюмдарды колдоо, өз ара көмөктөшүү жана тилектештик;

- профсоюздук ички тартипти сактоо.

Профсоюздун негизги максаты болуп социалдык, экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарды, ошондой эле профсоюз мүчөлөрүнүн  жана алардын үй - бүлө мүчөлөрүнүн интеллектуалдык укуктарын коргоодо профсоюз органдарынын аракетинин биримдигин жүзөгө ашыруу саналат.

4. Ишмердиктин негизги багыттары

- мамлекеттик, укук коргоочу, коомдук жана башка уюмдарда өзүнүн профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;

- профсоюз мүчөлөрүнүн эмгектик, социалдык – экономикалык, укуктук кызыкчылыктарына жана эркиндиктерине байланышкан мыйзамдарды жана башка ченемдик иш кагаздарын иштеп чыгууга катышуу;

- эмгек мыйзамдуулугунун, “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Эмгекти коргоо жөнүндө” КР мыйзамдарынын жана башка ченемдик – укуктук актылардын жүзөгө ашырылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү;

- жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүү, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эмгек чыр-чатактарын жөнгө салууга катышуу;

- кызматкерлердин жана алардын балдарынын, ошондой эле студенттердин жана окуучу жаштардын ден соолугун чыњдоону уюштуруу;

- профсоюздук кадрларды окутуу, укуктук жана иш жүзүндөгү жардамдарды көрсөтүү;

- коомдук, мамлекеттик жана башка уюмдар, чет өлкөлөрдүн профсоюздары менен кызматташуу жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүү.

5. Профсоюздун практикалык иштери

Профсоюздун Борбордук Комитетинин практикалык иштери республикада аракеттенип жаткан ченемдик  укуктук актыларга негизденет.

Профсоюз бүгүнкү күндө эмгектенгендердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу социалдык өнөктөш катары укуктарды коргоо ишмердигинде, коомдун социалдык туруктанышында олуттуу роль ойноодо.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мүчөлүк уюму болуп саналат, КПФнын милдеттерин жана мүчөлүк уюмдар аралык милдеттерди чечүүдө мүчөлүк уюмдардын ишмердиктерин бириктирген жана координациялаган, эмгекчилердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон жана көњүл чордонуна койгон Федерациянын жогорку органы- КПФнын Кењешине кирет.

Тармактык профсоюз билим жана илим уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине татыктуу акы төлөө, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук ченемдерин сактоо, студент жаштарды стипендиялык камсыз кылууну жогорулатуу, укуктук коргоо, жалпысынан билим берүү жана илим  системаларын социалдык – экономикалык өнүктүрүүдө тармактык профсоюздун ролун көтөрүү боюнча мыйзамдуу талаптарды ырааттуу жүзөгө ашырып келатат.

Профсоюздун Борбордук Комитетинин  активдүү катышуусу менен билим берүү кызматкерлерин социалдык коргоону караган “Мугалимдин статусу жөнүндө” (2001-ж), “Билим берүү жөнүндө” (2003-ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынган. Бул мыйзамдардын аткарылышы тармактык профсоюздун көзөмөлүндө дайыма турат. Тармактык профсоюздун бул жагдайдагы акыркы жылдардын ичиндеги күжүрмөн эмгегинин натыйжасында республиканын мугалимдери 2008-жылдан тартып “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 32-статьясына ылайык иштеген педагогикалык стажылары үчүн комумча төлөмдөрдү жана 2003-2007-жылдардагы карыздар боюнча төлөөлөрдү ала башташты.

Профсоюздун Борбордук Комитетинин  ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп билим жана илим кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу саналат. Бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жана Кыргыз Республикасынын ¤кмөтүнө дайыма маселе катары коюп келүү оњ натыйжаларды берүүдө- жыл сайын билим берүү тармагында эмгек акы жогорулап баратат.

Тармактын кызматкерлеринин социалдык, экономикалык жана укуктук маселелерин чечүүдө профсоюз уюмдарынын мамлекеттик бийликтин бардык дењгээлдеги органдары менен тыкыз иштөөгө өзгөчө көнүл бурулуп келатат.

Мугалимдердин чечилген социалдык проблемаларын тизмеси

1.

Кошумча төлөмдөрдү төлөө:

- мугалимдерге, тарбиячыларга педагогикалык стажы үчүн бардык акынын түрлөрүнөн төлөө;

- эмгектин зыяндуу шарты болгон жумуштарда иштеген кызматкерлерге ставкадан 15% айлык акыга кошумча төлөө;

- жалпы билим берүү уюмдарында  иштеген илимдин доктору жана кандидаттык окумуштуулук даражалары үчүн;

- республиканын тоолуу жана алыскы райондорунда иштегендер үчүн райондук коэффициенттик төлөмдөр (ставкадан эмес, бардык айлык акыдан);

- мектеп-интернаттарында, балдар үйлөрүндө иштеген тарбиячыларга, ошондой эле кароолчуларга жана от жагуучуларга түнкү иштөө нөөмөтү үчүн.

2.

Жыл сайын мугалимдерди милдеттүү акысыз медициналык кароодон өткөрүү

3.

Республикадагы тоолуу жана алыскы райондордо жашап жана иштеп жаткан кызматкерлерге 12 күндүк кошумча акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү

4.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары мугалимдерге турак жай курууга жер бөлүп берүүлөрү

5.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуу жана төрөт үчүн төлөнүүчү жөлөкпулдардан салык менен Социалдык фондго которулуучу каражаттарды  алып салуу

Профсоюздун Борбордук Комитети  баштапкы профсоюз уюмдарынын иштеринин дењгээлин, алардын актуалдуу милдеттерди аткаруудагы ролун жогорулатууга, профсоюздук ички иштерди жакшыртууга зор маани берет. Бул максаттарда профсоюздук кадрлардын квалификацияларын жогорулатуу боюнча план ченемдүү иштер жүргүзүлөт, жер-жерлерде дайыма усулдук жана практикалык жардамдар көрсөтүлөт, окутуу семинарлары дайыма өткөрүлөт. Баштапкы профсоюз уюмдарынын иштеринин дењгээлин жогорулатууга профсоюздун Борбордук Комитети  өткөргөн ар түрдүү республикалык кароо-конкурстар көмөк көрсөтүүдө.

Профсоюздун ишмердигиндеги маанилүү орунду профсоюз мүчөлөрүнүн  эс алууларын жана ден соолуктарын чыњдоону уюштуруу ээлейт, ошондой эле жайкы эс алуу мезгилинде балдардын жайкы эс алууларын уюштуруу боюнча арбын иштер жүргүзүлүүдө.

Жыл өткөн сайын профсоюздук бюджеттин жана тармактын кызматкерлеринин ден соолуктарын чыњдоого жана эс алууларын уюштурууга администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүшкөн каражаттардын эсебинен жай мезгилинде эс алышкан профсоюз мүчөлөрүнүн саны өсүүдө.

Профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү иштери үчүн профсоюз кызматкерлеринин эмгектерин баалоо жана сыйлоо максатында профсоюздун Борбордук Комитети  тарабынан 2001-жылы “Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги” ардак төш белгиси жана Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы бекитилген жана ар дайым сыйлык ээлерине ыйгарылып келаткан. 2004-жылы “Жылдын Бакайы”, “Жылдын Датка Айымы”, “Жылдын Мырзасы”, “Жылдын Айымы” ардак наамдары белгиленген.

7. Социалдык өнөктөштүк

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу иш берүүчүлөр менен өзүнүн ишмердигин социалдык өнөктөштүк принцибинде алып барат. Профсоюз Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча Комитети, бардык дењгээлдеги мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташат.

Иштин натыйжалуу түрүнүн  бири катары  “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери тармагындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” жана “Жамаатык келишимдер жөнүндө” Мыйзамдардын негизинде 3 тараптуу келишимдерди түзүү болуп калды. Бул тармакта кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өз ара мамилелерин жамаатык келишимдик жөнгө салуунун бекем пайдубалын түздү.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда ар бир үч жылда тармактык Макулдашуу түзүлөт, ал эми 2008-жылы ага кошумчага жана Министрлик менен профсоюздун Борбордук Комитетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

8. Басма иштери

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитети өзүнүн басма сөз органына – “Позиция профсоюза” социалдык укуктук газетасына ээ, ал 2001 – жылдан тартып ай сайын 3500 нускада чыгарылат. Ар бир окурман газетанын беттеринен социалдык, укуктук жана экономикалык маселелер боюнча суроо - жоопторду, тигил же бул маселелер боюнча республиканын мыйзамдары жана токтомдору боюнча түшүндүрмөлөрдү жана комментарийлерди таба алышат. Профсоюз мүчөлөрү тармактык профсоюздун иши тууралуу маалыматтарды алышат, газетанын беттеринде чыгып турууга мүмкүнчүлүккө жетишишет.  Газета билим жана илим системасынын кызматкерлеринин арасында гана эмес, республиканын башка тармактарынын кызматкерлеринин арасында да кењири таралган.

Профсоюздук активди иштериндеги зарыл ченемдик иш кагаздар менен камсыз кылуу максатында Борбордук Комитет билим берүү системасынын ченемдик укуктук актыларынын жыйнагын, укуктук китепчелерди басып чыгарат.

9. Эл аралык байланыштар

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин проофсоюзунун Борбордук Комитети көз карандысыз  мамлекеттер шериктештигинин чектеринде мамилелерди активдүү жүргүзөт, Москва шаарында штаб-борбору бар билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык бирикмесинин мүчосү болуп саналат. Тармактык профсоюз Брюссель шаарында штаб-борбору жайгашкан  Эл аралык билим берүү уюмуна, анкара шаарында штаб-борбору жайгашкан билим берүү кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык евроазиялык бирикмесинин мүчөсү. Ишкер байланыштар биргелешкен эл аралык семинарларды өткөрүү,  профлидерлердин конференцияларда  жана форумдарда жолугушуулары, катышуусу, эл аралык уюмдар өткөрүшкөн  акцияларды колдоо аркылуу бекемделүүдө.

        Азыркы убакта профсоюздун Борбордук Комитети жана Эл аралык билим берүү уюму тармактын профсоюз кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча «2009-2011-жылдарга аракеттин улуттук планы» 3 жылдык эл аралык долбоорду жүзөгө ашыруунун үстүндө иштеп жатышат. 2009-жылы ЖОЖ жана АООЖ кошуп алганда бардык областтарда жана Бишкек шаарында профсоюз активин окутуу боюнча 9 семинар өткөрүлдү.

Шериктештик өлкөлөрүнүн жана алыскы чет мамлекеттердин профсоюз кыймылынын лидерлери менен жолугушуулар, байланыштар, пикир алышуулар тажрыйбаны байытууда жана жањы, пайдалуу нерселерди алып келүүдө, тармактык профсоюздун дүйнөлүк профсоюз кыймылына андан ары кошулушун бекемдөөгө шарт түзүүдө.

Тармактык профсоюз Эл аралык профсоюз кыймылынын бөлүгү болуп саналуу менен  бардык өлкөлөрдүн билим жана илим кызматкерлеринин тилектештиги үчүн чыгат.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу азыркы убакта бутуна бекем турган, тармактык профсоюз кыймылын андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү,  профсоюздун ар бир мүчөсүнүн кызыкчылыгындагы накта жана чыныгы иштердин негизинде өзүнүн кадыр баркын көтөрүү  боюнча алдына асыл максаттарды жана милдеттерди койгон күчтүү уюм болуп саналат. 

БИЗДИН КҮЧ – БИРДИКТЕ !