Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Нормативно-правовые акты

У С Т А В Ы

                                                        2015-жылдын 20-майындагы Билим жана

илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин

                                         VI - съездинде бекитилген

 

 

 

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

                               У С Т А В Ы

 

 

 

 

              

    I .   ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

  1.Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин  Кесиптик бирлиги (мындан ары – Кесиптик бирлик) - өз алдынча, көз карандысыз, билим жана илим уюмдарындагы жана мекемелериндеги укуктук-уюштуруучулуктун бардык жана менчигинин түрлөрүндө, билим берүү тармагындагы башкаруу органдарында эмгектенгендерди,  жогорку окуу жайларынын студенттерин, кесипчилик орто окуу жайларынын окуучуларын, тармактын убактылуу иштебеген ардагерлерин, ошондой эле  билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине мүчө болуп киришкен башка тармактардын кызматкерлерин  коомдук башталыштарда  бириктирген коомдук уюм.

 Мамлекеттик тилде толук аталышы:

 Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлиги.

 Расмий тилде толук аталышы:

 Профессиональный союз работников образования и науки Кыргызской Республики.

 2. Кесиптик бирлик өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдуулугуна, жалпы таанылган принциптерге жана эл аралык укуктук ченемдерге жана ушул Уставга ылайык өзүнө камтыган  төмөндөгү демократиянын принциптерине таянуу менен жүзөгө ашырат, ал төмөндөгүлөрдү өз ичине камтыйт:

- мамлекеттик, саясий жана башка коомдук уюмдардан көз карандысыздыгын;

- кесиптик бирликти, анын баштапкы уюмдарын түзүүдөгү, ага жаңы мүчөлөрдү кабыл алуудагы жана алардын андан эркин чыгуудагы ыктыярдуулугун;

- кесиптик бирликтин бардык мүчөлөрүнө тиешеүү өз ишмердиктеринин бардык чөйрөлөрүндө ээлеген кызматтарына жана аткарган милдеттерине карабастан тең  укуктуулугун;

 - кесиптик бирликтин бардык жетектөөчү уюмдарынын төмөнтөн жогору карай шайлануучулугун;

 - кесиптик бирликтин бардык органдарынын иштериндеги коллегиалдуулук, аларды шайлаган уюмдардын алдындагы милдеттүү отчеттуулукту;

- азчылыктын пикирлерин урматтоо, алардын өз позицияларын коргоого укуктарын сактоону;

3. Кесиптик бирлик өз ишинде мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан, жумуш берүүчүлөрдөн, алардын бирикмелеринен (ассоциация), саясий партиялардан жана башка коомдук уюмдардан көз карандысыз, аларга отчет бербейт жана алар тарабынан көзөмөлдөнбөйт.  Кесиптик бирлик алар менен мамилелерин тең укуктуулук, социалдык өнөктөштүк негиздеринде, жамааттык келишимдердин жана макулдашуулардын, өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктары үчүн сүйлөшүүлөрдүн жана шериктештиктин негизинде жүргүзөт.

   4. Кесиптик бирлик өзүнүн артыкчылык белгилерине (желек, эмблема, вымпел), жалпы үлгүдөгү кесиптик бирликтик билетке, ардак грамота, төш белги, кесиптик бирликтин коллегиялуу органы тарабынан бекитилген башка артыкчылык белгилерине ээ боло алат. 

5. Кесиптик бирлик өзүнүн Уставын,  аймактык кесиптик бирлик уюму жөнүндө Типтүү жобону, баштапкы кесиптик бирлик уюму жөнүндө жалпы жобону, кесиптик бирликтин текшерүү органдары жөнүндө жобону  өз алдынча иштеп чыгат жана бекитет, өз тутумун  түзөт, максаттарын, иш жүргүзүүнүн түрлөрүн жана ыкмаларын аныктайт, кесиптик бирлик органдарын түзөт, съезддерди, конференцияларды, чогулуштарды чакырат жана башка иш чараларды уюштурат.

6. Кесиптик бирлик эл аралык жана улуттук кесиптик бирлик кыймылдарына катышат, эл аралык жана улуттук кесиптик бирлик бирикмелерин (ассоциациялар) түзө алат жана аларга мүчөлүккө кире алат.

7. Бул Уставдын аткарылышы  кесиптик бирлик мүчөлөрүнө, анын уюмдарына жана шайлоо органдарына жайылтылат. 

8. Устав кол коюлган күндөн тартып, ал эми Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор алар бекитилген учурдан тартып күчүнө кирет.

 

II.   КЕСИПТИК БИРЛИКТИН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

 9. Кесиптик бирликтин негизги максаттары:

  - кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн  жашоо деңгээлдеринин жакшырышына багытталган жеке жана жамааттагы социалдык, эмгектик, кесиптик укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоо жана коргоо;   

   - кесиптик бирликтин жана анын уюмдарынын билим берүү тармагындагы коллегиялуу органдарындагы  өкүлчүлүктүү  укуктарын жүзөгө ашыруу;

  - кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн жашоо  шарттарынын сапатын жогорулатуу.  

10. Кесиптик бирликтин негизги милдеттери:

  - кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн  мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын мамлекеттик, чарбалык, коомдук жана башка уюмдарда алардын менчигинин түрүнө жана макулдугуна карабастан ёкщлдщк  көрсөтөт жана коргойт;

- мыйзамдардын долбоорлорун даярдоого жана аларды талкуулоого катышат;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө билим берүү жана илим тармактарындагы экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн  мамлекеттик  пландарын түзүү жана аткаруу жөнүндө сунуш киргизет;

- жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды кабыл алат, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

- учурдагы мыйзамдуулукка ылайык эмгек мыйзамдарынын сакталышына, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн  ден соолуктарына байланыштуу маселелерди текшерет жана көзөмөл жүргүзөт;

- тармактык кесиптик бирлик уюмдарынын негизделген талаптарын колдойт, мамлекеттик жана чарбалык органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, алар менен өзүнүн алакаларын толук укуктуу кызматташтык негиздеринде жана социалдык өнөктөштүк принциптеринде алып барат, массалык-маалымат каражаттарына чыгат, пикеттерге чыгууларды, митингдерди,  демонстрацияларды өткөрөт, эмгектик талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүүнүн эң акыркы чарасы катары мыйзамдуулукка ылайык жарыялоо жолу менен иш таштоолорду өткөрөт;

- тармактын кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн  кызыкчылыктарынан улам  республиканын башка тармактык, КМШ мамлекеттеринин   кесиптик бирликтери, эл аралык кесиптик бирликтер жана билим берүү уюмдары менен кызматташат;

- өз алдынча же макулдашуу боюнча башка, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдар менен экономикалык, чарбалык, басмалык жана башка ишмердиктерди жүзөгө ашырат;

- эмгекчилерди социалдык жана экономикалык жактан коргоонун иш- чараларын иштеп чыгууга катышат;

- баалардын индексинин өзгөрүшүнө жараша калктын жашоо деңгээлинин негизги критерийлерин, акчалай төлөмдөрдүн (компенсациялардын) өлчөмдөрүн аныктайт;

- мыйзам чегинде белгиленген жашоо минимумунун жана пенсиялардын, стипендиялардын, жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнүн сакталышына көзөмөл жүргүзөт;

- зарыл учурда кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн социалдык, экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча сотторго доо арыздары менен кайрылат.

 

III.               КЕСИПТИК БИРЛИКТИН   УЮШТУРУУ ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ЖАНА ИШМЕРДИГИНИН  НЕГИЗГИ  ПРИНЦИПТЕРИ

         11. Кесиптик бирлик мүчөлүк уюмдары менен өзүнүн ишмердигин демократиянын, өз ара урматтоонун, өз алдынчалыктын, тең укуктуулуктун, кызматташтыктын жана тилектештиктин, демократиялык борборлошуу принциптеринин негизинде, тармактык жана аймактык-өндүрүштүк кызыкчылыктарды эске алуу менен  жүргүзөт жана уюштурат,бул ишмердиктер төмөнкүлөрдү камтыйт:

- кесиптик бирликтин бардык органдарынын төмөндөн жогору карай шайланышын;

- кесиптик бирликтин  бардык мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу, ага  кирүүгө жана андан чыгууга ыктыярдуулугун;

- кесиптик бирлик органдарынын өз уюмдарынын жана жогорку кесиптик бирлик органдарынын алдында мезгил-мезгили менен отчет берип турушун;

- кесиптик бирликтик ички тартипти сактоону;

 - кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүктөрүндөгү, алардын бардык деңгээлде шайлануучу  органдарынын ачык-айкындуулугун,

- жогорку кесиптик бирлик органдарынын чечимдерин милдеттүү түрдө аткарууну;

- жамааттарда талкууланган жана коллегиялдуу түрдө  кабыл алынган кесиптик бирлик органдарынын токтомдорун жана тапшырмаларын аткаруудагы жеке жоопкерчилигин;

- мүчөлүк уюмдардын тең укуктуулугун;

- кесиптик бирликтин максаттарын жана милдеттерин аткаруудагы мүчөлүк уюмдардын тилектештиги жана биримдигин.

 

12. Кесиптик бирликтин  негизги принциптери:  

 - социалдык багыттагы базар экономикасын колдоо,  базар мамилелерине өтүү жана базар мамилелеринин шарттарында тармактын кызматкерлери үчүн зарыл социалдык кепилдиктерди көрсөтүү;

- тармактын кызматкерлеринин эмгек акыларын, материалдык жетишкендиктерин жогорулатуу жана жашоо деңгээлдерин жакшыртуу;

- коомдо жана өндүрүштө нагыз демократия орнотуу, мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын иш аракеттерине мыйзам бийлигинин жогору турушу;

- адам укуктары жөнүндө эл аралык ченемдерге жана пактыларга ылайык бардык жарандардын эмгектик, экономикалык, саясий укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;

- чечимдерди өз ара кабыл алуучулук  жана пикир келишүүчүлүк шартта  кабыл алуу жолу менен социалдык өнөктөштүк, сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар, эмгектик талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды өз ара түшүнүшүү жолу менен чечүү.

IV.  КЕСИПТИК БИРЛИКТИН  МҮЧӨЛӨРҮ, АЛАРДЫН  УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

 13. Кесиптик бирликтин мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ жана бирдей милдеттерди аткарышат.

14. Ушул Уставды тааныган, кесиптик бирлик уюмдарынын биринин учетунда турушкан, кесиптик бирлик уюмдарынын чечимдерин аткарышкан жана мүчөлүк акыларды төлөшкөн билим берүү жана илим мекемелеринин жана уюмдарынын эмгекчилери, жогорку окуу жайларынын студенттери, аспиранттары,кесиптик орто окуу жайларынын окуучулары, тармактын уюмдарынан жана мекемелеринен пенсияга чыгышкан ардагерлер, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине мүчө болуп киришкен  башка тармактардын кызматкерлери кесиптик бирликтин мүчөлөрү боло алышат.

15. Кесиптик бирликтин мүчөлүгүнө кабыл алуу жана андан чыгаруу кат жүзүндөгү  арыздын негизинде баштапкы кесиптик бирлик уюму тарабынан жүргүзүлөт, чечим арыз түшкөн күндөн тартып бир ай ичинде кабыл алынат. Кесиптик бирликтин мүчөсүнө кесиптик бирликтин мүчөлүк  билети тапшырылат жана кесиптик бирликтин мүчөсүнүн учеттук карточкасы толтурулат.

16. Кесиптик бирликтин мүчөсү негизги иштеген же окуган орду боюнча кесиптик бирлик  уюмунун, эгер алар жок болсо ишмердигине кесиптик бирликтин мүчөсү катышкан жакын жайгашкан тармактык кесиптик бирлик уюмунун же билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Борбордук Комитеттин учетунда турат.

Кесиптик бирликтин мүчөсү негизги окуган же иштеген жери боюнча бир эле мезгилде башка атаандаш кесиптик бирлик уюмуна мщчё болуп кире албайт.  

17.  Кесиптик бирликке мүчөлүк стажы баштапкы кесиптик бирлик уюмунун (кесиптик бирлик тобу, кесиптик бирлик бюросу, кесиптик бирликтин уюштуруучусу, кесиптик бирлик комитети) мүчөлөрүнүн  чогулушунун кесиптик бирликтин мүчөлугүнө   алуу жөнүндө чечими кабыл алынган күндөн тартып эсептелет.

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын тутумуна  кирген башка кесиптик бирликтердин катарындагы  мүчөлүк стажы тармактык кесиптик бирликтик жалпы стажысына кошулат.

18. Кесиптик бирликтик мүчөлүк стажы сакталат:

- сезондук жумуштарда иштеген эгер  кийинки сезондо жумуштарын кайра уланткан шарттагы кызматкерлердин;

- академиялык өргүүдө жүрүшкөн студенттердин, аспиранттардын, докторанттардын;

-   билим берүү тармагынын уюмдарында иштеп жүрүшүп, түзүлгөн эмгек келишимдеринин шарттарына ылайык чет өлкөлөргө жумуш иштөөгө (окууга) баруу мөөнөттөрү бүтүп кайра кайтып келишкен кызматкерлердин;

- ардагерлердин;

- мүчөлүк акыларын төлөгөн шартта балдарын тарбыялоого байланышкан же башка жүйөөлүү себептер боюнча иштерин токтотушкан убактылуу жумушсуздардын.

Кесиптик бирликтин мүчөсүнүн мурдагы СССРдин куралдуу күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн, УКК, ИИМ катарларында  кызмат өтөө мезгилдери тармактык кесиптик бирлик стажысына кошулат.

19. Уставдык милдеттерди аткарбагандыгы же бузгандыгы үчүн кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө  сын берүү, тартип бузууга  эскертүү, сөгүш берүү жана эң оор жаза катары  кесиптик бирликтин катарынан чыгаруу чаралары колдонулат.  

20. Кесиптик бирликтин мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе баштапкы кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмес  тутумунун катышуусу менен чечилет. Бул маселе боюнча чечим  жөнөкөй көпчүлүк  добуштардын негизинде  кабыл алынат.

21. Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнөн коомдук жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу  жөнүндө маселе бул жазаны берген орган тарабынан жаза берилгенден тартып бир жылдын ичинде каралышы мүмкүн. Бир жыл мөөнөт өткөндөн кийин жаза өз күчүн жоготту жана кесиптик бирликтин мүчөсү жоопкерчиликке тартылган эмес деп таанылат.

22. Кесиптик бирликке мүчөлүк кесиптик бирликтин мүчөсү кесиптик бирлик уюмунун катарынан өз каалоосу боюнча  чыгуу жөнүндө арыз берген күндөн тартып; үч ай катары менен жүйөөсүз себептерсиз мүчөлүк акыларын үзгүлтүксүз төлөбөгөн шартта кесиптик бирликтин мүчөлүгүнөн белгиленген тартипте аны чыгарган; атайын жасалган кылмыштар үчүн кесиптик бирликтин мүчөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурларда токтотулат.

23. Кесиптик бирликтин катарынан  чыгаруу жөнүндө чечим эгер ал үчүн кесиптик бирлик уюмунун чогулушунда же  кесиптик бирликтин органынын жыйынында аларга катышкан кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн  көпчүлүгү добуш берген учурларда кабыл алынды деп эсептелинет.

24. Кесиптик бирликтин мүчөсү ага коомдук чара көрүү же кесиптик бирликтин катарынан чыгаруу маселелери боюнча өтө турган чогулуштун (кесиптик бирликтин комитетинин жыйынынын) өтүү  мөөнөтү  жана орду тууралуу  жазуу жүзүндө кабарландырылууга тийиш.Кесиптик бирликтин катарынан чыгаруу же коомдук чара көрүү  жөнүндө  чечимдер ошол кесиптик бирликтин мүчөсүнүн катышуусу менен кабыл алынат. Эгерде кесиптик бирликтин мүчөсү кесиптик бирликтин чогулушуна же кесиптик бирликтин органынын жыйынына жүйөөлүү себептери жок катышуудан баш тарткан учурда акт түзүлөт жана бул маселе анын катышуусуз каралат жана чечилет.

25. Кесиптик бирликтин мүчөсүн анын катарынан чыгаруу жөнүндө кесиптик бирликтин тобунун же кесиптик бирликтин бюросунун чогулуштарынын чечими баштапкы кесиптик бирликтин уюму баш ийген кесиптик бирликтин комитети бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет.

26. Кесиптик бирликтин катарынан чыгарылган кесиптик бирликтин мүчөсү кесиптик бирликтин катарынан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө жогорку кесиптик бирликтин органына даттанууга укуктуу. Кесиптик бирликтин мүчөлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз тиешелүү кесиптик бирликтин органы тарабынан андай арыз келип түшкөн күндөн тартып эки жумалык мөөнөттүн ичинде каралат.

27. Кесиптик бирликте мүчөлүгүн токтоткон адам кесиптик бирликтин коргоо, жалпы кесиптик бирликтик мүлктү жана кесиптик бирликтик жеңилдиктерди пайдалануу укуктарынан ажырайт. Ал төлөп келген мүчөлүк акылардын өлчөмү кайтарылып берилбейт.

28. Кесиптик бирликтин мүчөлүк уюмунун анын  жогорку органынын бирликтик тейлөөсүнөн чыгуусу тууралуу чечим кесиптик бирликтин облрайшааркомдорунун пленумдарында гана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун катарында турушкан кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн жүз пайыз кат жүзүндөгү өз эрктери менен жазган арыздары болгон шартта кабыл алынат.

29. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун тармактык кесиптик бирликтик тейлөөдөн чыгуу тууралуу чечими жалпы кесиптик бирликтин жыйналышында кесиптик бирликтин бардык мүчөлөрүнүн катышуусу  менен эгер андан чыгуу үчүн бул кесиптик бирликтин чогулушуна катышкан кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн  баары добуш берген шартта кабыл алынат. 

30.  Кесиптик бирликтин мүчөлөрү  төмөнкүлөргө укуктуу: 

- өздөрүнүн эмгектик, социалдык – экономикалык, кесиптик укуктарын жана башка кызыкчылыктарын коргоого;

 - мамлекеттик билим жана илим мекемелерин жана уюмдарын менчиктештирүүдөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;

  - кесиптик бирликтин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга; кесиптик бирликтин конференцияларына жана съезддерине катышууга; кесиптик бирликтин органдарына шайланууга өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүүгө;

-  кесиптик  бирликтин кадыр-баркын жогорулатууга көмөктөшүүгө, кесиптик бирликтин уюмдарына жана кесиптик  бирликке зыян алып келе турган аракеттерге жол бербөөгө;

- кесиптик бирликтин чогулуштарында, конференцияларында, съезддеринде, массалык-маалымат каражаттарында кесиптик бирликтин ишмердик маселелерин эркин талкуулоого;

- билим жана илим мекемелерин жана уюмдарын башкарууга катышууга, алардын ишмердиктерин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө, ээлеген кызматтарына жана аткарган жумуштарына карабастан эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн  иштериндеги кемчиликтерди сындоого;

- кесиптик бирликтин чогулуштарына, кесиптик бирликтин комитеттеринин конференцияларына, жыйындарына катышууга;

-  мыйзамдуулукка ылайык жарыяланган митингдерге, жүрүштөргө жана иш таштоолорго катышууга;

  - кесиптик бирликтин комитеттери уюштурушкан иш таштоолорго катышуу учурунда эгер ага катышуу кылмыш жазасын тартууга алып келбесе, моралдык жана материалдык колдоодон пайдаланууга;

- эмгектеги жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү  катышкандыктары үчүн грамоталар, дипломдор, сыйлыктар, баалуу белектер, эс алууга акысыз жолдомолор менен сыйланууга; кесиптик бирликтин органдары тарабынан мамлекеттик сыйлыктарга, ардактуу наамдарга жана төш белгилерге, кесиптик бирликтин жогорку органдарынын сыйлыктарына көрсөтүлүүгө;

- артыкчылык тартипте кесиптик бирликтин эс алуу жайларына, санаториялык-курорттук дарыланууга жана эс алууга жолдомолорду, ошондой эле кесиптик бирликтин каражаттарынан материалдык жардам алууга, кесиптик бирликтин маданий мекемелерин, спорттук жайларын пайдаланууга;

- мамлекеттик жана чарбалык органдар, коомдук уюмдар, ишкерлер жана алардын биримдиктери, соттор жана башка органдар  менен өз ара мамилелерде өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максаты менен тармактык кесиптик бирликтин органдарынын квалификациялык акысыз укуктук жардамдарын алууга;

-  эмгек жаракаты, кесиптик оорулар же эмгектик милдеттерди аткаруунун кесепетинен ден соолугуна, башка келтирилген зыяндар менен байланышта келтирилген чыгымдарды иш берүүчүлөр кайрып берүүлөрү боюнча маселелерди чечүүгө жардам алууга;

-  кабыл алынган жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган башка укуктардан жана жеңилдиктерден пайдаланууга;

- кесиптик бирликтин чечимдери  жана ишмердиги жөнүндө маалыматтарды алууга, кесиптик бирликтин бюджетинин каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу иш кагаздары (отчеттор) менен таанышууга, бул каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- тармактын кызматкерлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзам чыгаруу органдарына өз талапкерлерин көрсөтүүгө;

-  жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды иштеп чыгууга, талкуулоого жана кабыл алууга катышууга.

 31. Кесиптик бирликтин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- ушул Уставды сактоого, кесиптик бирликтин уюмунун (жыйындардын, конференциялардын) иштерине катышууга, кесиптик бирликтин органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө, тапшырылган кесиптик бирликтин тапшырмаларын аткарууга, кесиптик бирликтин жогорку органдарынын чечимдерин ак ниеттүү жана өз убагында аткарууга;

 - кесиптик бирликтин мүчөлүк акыларын өз убагында жана бекитилген тартипте төлөөгө;

-  жамааттык келишимдердин жана макулдашуулардын шарттарын сактоого;

-Кыргыз Республикасынын элдеринин тилдерине, маданиятына, салт-санааларына сый мамиле жасоого.

 

   V.                  КЕСИПТИК БИРЛИКТИН  ТҮЗҮЛҮШҮ

 32. Кесиптик бирликтин түзүлүш түзүмү өндүрүштүк-аймактык принципти камтыйт. Кесиптик бирликтин негизи болуп ушул Уставга жана баштапкы кесиптик бирлик уюму жөнүндө Жобого ылайык түзүлгөн баштапкы кесиптик бирлик уюму эсептелет. Баштапкы кесиптик бирлик уюмдары жалпы тармактык, аймактык жана кесиптик милдеттерди чечүү үчүн кесиптик бирликтин тармактык облрайшааркомдоруна же кесиптик бирликтин комитеттеринин төрагаларынын жана кесиптик бирликтин уюштуруучуларынын кеңештерине аларга кесиптик бирликтин жогорку органдарынын жана бийлик органдарынын алдында тармактын кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн  кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн мындай бирикмелерге айрым ыйгарым укуктарды берүү менен биригишет. Баштапкы кесиптик бирлик уюму жогорку органдын кесиптик бирликтик  тейлөөсүнө ошол кесиптик бирликтин жогорку органы бекиткен чечимдин негизинде кирет.

33. Республикада, областтарда, шаарларда, райондордо шайлануучу органдар – кесиптик бирликтин Борбордук, областтык, шаардык, райондук комитеттери жана кесиптик бирлик комитеттери шайланат. Тармактык райондук жана шаардык кесиптик бирлик уюмдары ушул аймактардагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын бириктирүүнүн натыйжасында түзүлөт.

34. Областтык кесиптик бирлик уюмдары райондук, шаардык  тармактык жана өзүнө түздөн-түз баш ийген баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын бириктирүү жолу менен түзүлөт. Алардын баары Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетине биригишет.

35. Билим жана илим уюмдарынын жана мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында кесиптик бирлик комитеттери же кесиптик бирликтик уюштуруучулары шайланышат. Кесиптик бирликтин уюштуруучулары иштегендердин саны 15тен кем болгон шартта шайланышат. 

36. Облрайшааркомдордун шайлануучу органдары курамына баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрүн түз делегаттоо принциби боюнча алардын тең укуктуу өкүлчүлүгүнө ылайык түзүлөт. Мына ушул эле тартипте текшерүү комиссиясы да шайланат.

37. Съездге делегаттарды шайлоо жана өкүлчүлүк ченемдери, ошондой эле бекитилген квота боюнча жогорку органдын тутумуна өкүлдөрдү  шайлоо тартибин кесиптик бирликтин Борбордук комитети, конференцияларга – кесиптик бирликтин тиешелүү комитеттери бекитет.

38. Аймактык кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери (облрайшааркомдор), кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин төрагасы жана анын орун басарлары кызматы боюнча тиешелүү конференциялардын, съезддин делегаттары болуп саналышат, ошондой эле өздөрүнүн шайлануучу коллегиялуу кесиптик бирлик органдарынын курамына киришет.

39.  Кесиптик бирликтин органдарынын жетекчилерин шайлоо тартибин чогулуш, конференция, пленум, съезд аныктайт.

40.  Кезексиз пленумда шайланган кесиптик бирликтин органынын жетекчиси кезектеги конференцияда шайлоодон (кайра шайлоодон) өтөт.

 41. Кесиптик бирликтин мүчөлөрү шайлануучу органдарга талапкерлерди көрсөтүү, чакырып алуу жана сындоо укуктарына ээ. Шайлоо ар бир талапкер боюнча чогулушка, конференцияга, пленумга, съездге  катышкан көпчүлүктүн чечими боюнча өз-өзүнчө (ачык же жабык) жүргүзүлөт. Кесиптик бирликтин Борбордук жана областтык комитеттери кесиптик бирликтин райшааркомдорунун жетекчилерин шайлоодо Борбордук Комитетинин жана обкомдун  мүчөлөрүнүн талапкерликтерин көрсөтүүгө укуктуу.

 42. Кесиптик бирлик органынын жетекчисин шайлоодо 50 пайыздан ашуун добуштарды алган делегаттардын ичинен көрсөтүлгөн талапкер шайланды деп саналат. Эгер биринчи турда добуштардын 50 пайызынан ашыгына  бир да талапкер ээ боло албаса, шайлоолордун экинчи туру ошол эле күнү ошол эле конференцияда, пленумда, съездде жүргүзүлөт. Экинчи турдун бюллетенине биринчи турда эң көп добуш алышкан эки талапкер киргизилет. Төраганын кызматына экинчи турда добуштардын жөнөкөй көпчүлүгүнө ээ болгон талапкер шайланды деп саналат.

43. Кесиптик бирликтин кайсы гана болбосун органын же кесиптик бирликтин уюштуруучусун мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо кесиптик бирликтин уюмуна биригишкен кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмесинин талаптары боюнча же кесиптик бирликтин жогорку органынын демилгеси боюнча жүргүзүлөт.

44. Конференцияларда, пленумдарда шайланышкан облрайшааркомдордун, кесиптик  бирлик  комитеттеринин төрагаларын кызматтарынан бошотуу ошол эле кесиптик бирлик органдарынын конференцияларында, пленумдарында аларга катышкан делегаттардын (облрайшаарком мүчөлөрүнүн) жөнөкөй көпчүлүгүнүн добуштары менен жүргүзүлөт. Борбордук Комитет облрайшаарком жетекчилерин (төрагаларды) мөөнөтүнөн мурда бошотууну жана облрайшаардык комитеттердин ишмердүүлүгүн токтотуу менен  жаңы шайлоодорду  өткөрүүнү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүүгө укуктуу:

- уюштуруу-чарбалык, каржылык жана башка ишмердиктерде олуттуу тартип бузуулар орун алганда;

- уставдык талаптар сакталбаганда жана жогорку кесиптик бирлик органынын чечимдери аткарылбаган учурда.

Эгерде облрайшааркомдордун жана кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары оорулары боюнча узак мөөнөттүү дарыланууда, бала багуу боюнча өргүүдө болушканда, ошондой эле өз каалоолору менен ээлеген кызматтарынан бошошкондо, кесиптик бирликтин  жогорку органдары конференциялар жана пленумдар чакырылганга чейин шайланган органдардын курамынын ичинен төраганын милдетин аткаруучуну дайындоого укуктуу.

Кесиптик бирликтин БК төрагасын кызматтан бошотуу кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин пленумунун тизме боюнча курамынын 2/3  кем эмес мүчөлөрү добуш бергенде жүзөгө ашырылат. Кесиптик бирликтин БКнын төрагасынын орун басарларын кызматтан бошотуу пленумга катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү менен жүргүзүлөт.

45.Чогулуштарда шайланган кесиптик бирликтин уюштуруучулары чогулуштарга катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү менен кызматынан бошотулат.

 46.Облрайшааркомдордун жана кесиптик бирлик комитеттеринин пленумдары зарылчылык боюнча, бирок жылына 1 жолудан кем эмес чакырылат, президиумдардын жыйындарынын мезгилдүүлүгүн,  бирок ар бир үч айда 1 жолудан кем эмес өткөрүлүшүн пленум аныктайт.

 47. Кесиптик бирликтин чогулуштары, жыйындары, президиумдары жана пленумдары эгер аларга кесиптик бирлик уюмдарынын, профсоюз комитеттеринин, президиумдарынын, пленумдарынын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышканда ыйгарым укуктуу деп табылат. Кесиптик бирликтин конференциялары жана сьезддери аларга делегаттардын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда ыйгарым укуктуу деп табылат.

 48. Кесиптик бирлик органдарынын пленумдарынын жана президиумдарынын жыйындарына текшерүү комиссияларынын мүчөлөрү катыша алышат. Текшерүү комиссиялары өздөрүнүн жыйындарын зарылчылык боюнча, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүшөт.

 49.Кесиптик бирлик комитеттеринин чогулуштарынын, конференцияларынын,президиумдарынын, съезддеринин чечимдери аларга катышкандардын (делегаттардын) жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат

 50. Түз делегаттоо аркылуу шайланган шайлануучу  коллегиалдуу кесиптик бирлик органынын мүчөсү, ошол органдын демилгеси, ошондой эле аны сунуш кылган кесиптик бирлик уюмунун чечими боюнча  чакырылып алынат. Мындай учурда шайлануучу коллегиалдуу кесиптик бирлик органдарын түзүү тартиптерине ылайык тиешелүү кесиптик бирлик комитеттеринин президиумунун чечимдери боюнча анын тутумуна кесиптик бирликтин кайсы болбосун мүчөлүк уюмдарынан  бул органдын чечими менен тастыкталган башка өкүлдөрү сунуш кылынат.

51.  Кесиптик бирликтин уюмдарынан шайланган коллегиалдуу органдар кезектеги отчеттук-кайра шайлоо чогулуштарынын, конференциялардын, съезддердин аралыктарында өздөрүн  шайлаган кесиптик бирлик уюмдарынын алдында ар жыл сайын өз ишмердүүлүктөрү тууралуу отчет берип турушат.

52. Кесиптик бирлик түзүмүнүн бардык деңгээлдеги кесиптик бирлик уюмдары тиешелүү коллегиалдуу кесиптик бирлик органы аныктаган бирдиктүү мөөнөттөрдө мезгил-мезгили менен отчетторун беришет  жана шайлоо өткөрүшөт.  

 53. Аймактык шайлануучу же баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ушул Уставды бузуу менен  кабыл алган чечимдери  тиешелүү жогорку кесиптик бирлик органы тарабынан жокко чыгарылат.

 

 VI.   БАШТАПКЫ  КЕСИПТИК БИРЛИК  УЮМУ

  54. Баштапкы  кесиптик бирлик уюму  кесиптик бирликтин негизи болуп саналат жана билим жана илим мекемелеринде жана уюмдарында эмгектенгендер, ошондой эле окуу жайларында окугандар тарабынан үчтөн кем эмес кесиптик бирлик мүчөлөрү болгон шартта түзүлөт.

55. Баштапкы  кесиптик бирлик уюму  өзүнүн ишмердигин ушул Уставдын ажырагыс бөлүгү болуп саналган баштапкы  кесиптик бирлик уюму  жөнүндө Жобонун негизинде жүргүзөт.

 

  VIIКЕСИПТИК БИРЛИКТИН   РАЙОНДУК,  ШААРДЫК,  ОБЛАСТТЫК ЖАНА   БОРБОРДУК   ОРГАНДАРЫ

 56. Райондук жана шаардык тармактык кесиптик бирлик уюмдары бул аймактардагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын бириктирүүнүн натыйжасында, ал эми областтык кесиптик бирлик уюмдары райондук, шаардык жана аларга кирген баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын бириктирүү жолу менен түзүлөт. Алар Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетине биригишет.

57. Райондук, шаардык, областтык кесиптик бирлик уюмдарынын жогорку органы болуп беш жылда бир жолудан кем эмес чакырыла турган конференция эсептелет. Конференциялардын аралыгында облрайшааркомдордун пленумдары чакырылат, пленумдардын жыйындары аларга пленум мүчөлөрүнүн 2/3 катышканда ыйгарым укуктуу деп таанылат. Облрайшааркомдордун ишмердиктерин координациялоо үчүн кесиптик бирлик иштеринин ар кыл багыттары боюнча комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.

58. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жогорку органы болуп кесиптик бирликтин Борбордук Комитети беш жылда бир жолудан кем эмес чакыра турган съезд саналат.

 59. Съездди (конференцияны) чакыруу, өткөрүү тартиби, съездге (конференцияга) өкүлчүлүк ченемдери жана делегаттарды шайлоо жөнүндө чечимдер кесиптик бирликтин тиешелүү комитеттери тарабынан кабыл алынат.

60. Кесиптик бирликтин съезди:

- кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнүн багыттарын аныктайт, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн социалдык-эмгектик, кесиптик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү маселелерин, кесиптик бирликтин уюштуруу-түзүм тутумун карайт, кесиптик бирликтин каржылык саясатын аныктайт;

- кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин, республикалык текшерүү комиссиясынын ишмердүүлүктөрү жөнүндө отчетторун угат;

- кесиптик бирликтин Уставын бекитет, учурдагы Уставга кошумчаларды  жана өзгөртүүлөрдү киргизет;

- түз делегаттоо аркылуу кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин, республикалык текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн түзөт, кесиптик бирликтин БК президиумун, төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт, алардын ыйгарым укуктарын  мөөнөтүнөн мурда  токтотот;

-  Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын съездине делегаттарды шайлайт жана анын шайлануучу  органдарына өзүнүн өкүлдөрүн жиберет;

- кесиптик бирликтин мүлктөрүнүн пайдаланышын жана аны түзүү принциптерин аныктайт;

-  кесиптик бирликти  кайра түзүү жана  жоюу жөнүндө чечимди кабылалат; 

- кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүндөгү башка маселелерди карайт;

- кесиптик бирликтин Борбордук Комитетине жана анын пленумуна                            айрым ыйгарым укуктарды ыйгарат.

61. Съездге  делегаттардын 2/3 кем эмеси катышканда ал  ыйгарым укуктуу деп таанылат. Шайлоо түрү (ачык же жабык) съезд тарабынан аныкталат. Съезддин чечимдери анын ишине катышкан делегаттардын жарымынан көбү добуш берген шартта кабыл алынды деп табылат.

62. Кесиптик бирликтин областтык, шаардык, райондук органдары баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына функцияларын, каржылык ишмердигин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт, алардын текшерүү комиссияларына жардам берет.

 63. Кесиптик бирликтин областтык, шаардык, райондук комитеттеринин ишмердик маселелери облрайшааркомдордун биринчи пленумдарында шайланыша турган президиумдардын жыйындарында каралат. Кесиптик бирлик комитеттери пленумдардын жана президиумдардын жыйындарын чакыруунун мөөнөттөрүн өз иштеринин регламенттерин бекитүүдө карашат.

 64. Кесиптик бирликтин комитеттери аппараттарынын штаттарын жана түзүмдөрүн өздөрүнүн чарбалык керектөөлөрүнө жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бекитет.

65. Кесиптик бирликтин областтык  органдары:

- кесиптик бирликтин комитеттерине жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын  кесиптик бирлик уюштуруучуларына кесиптик бирликтин райондук жана шаардык комитеттери аркылуу алардын функцияларын аткарууларына жардам беришет, көмөк көрсөтүшөт жана  райшааркомдордун жоболорун бекитет.

- социалдык проблемаларды чечүү боюнча максаттуу аймактык (областтык) программаларды иштеп чыгышат жана аларды жүзөгө ашырууга катышышат, аларды чечүүдө билим берүү органдарынын жана кесиптик бирлик комитеттеринин биргелешкен ишмердиктерин изилдешет, жалпылашат жана жайылтышат, ошондой эле областтык деңгээлде кесиптик бирликтин ишмердиктеринин башка маселелерин жүргүзүшөт, бул үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруунун областтык органдары менен макулдашууларды түзүшөт.

 

 VIII. КЕСИПТИК БИРЛИКТИН  БОРБОРДУК   КОМИТЕТИ

  66. Съезддердин аралыгында  кесиптик бирликти башкаруунун жогорку аткаруу органы болуп кесиптик бирликтин Борбордук Комитети саналат, анын пленумуна съезддин бардык ыйгарым укуктары ыйгарылат. БК сандык курамы съезд тарабынан аныкталат.

Кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин  ыйгарым укуктары:

- мүчөлүк уюмдардын ишмердиктерин бириктирет жана жетекчилик кылат (координациялоо жүргүзөт);

- тармактык кесиптик бирликтин съезддерин чакырат, съездге катышуучу өкүлдөрдүн санын аныктайт;

- кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын мамлекеттик деңгээлде коргойт жана көрсөтө алат;

- кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин ишмердигиндеги артыкчылыктуу милдеттерди аныктайт жана кесиптик бирликтин областтык, райондук, шаардык комитеттеринин, окуу жайларынын кесиптик  бирлик  комитеттеринин ишмердиктерине багыт берет;

- мамлекеттик бийликтин республикалык органдарында, министрликтерде, ведомстволордо кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырат; алар менен тармактык кесиптик бирлик  мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча макулдашууларды түзөт;

- тармакта эмгек акыны, материалдык кызыктырууну  өркүндөтүү, тиешелүү эмгек шарттарын түзүү, тармактын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин билдирүүлөрүн угат;

- административдик-аймактык бирдиктер жоюлганда же кайрадан түзүлгөндө тиешелүү административдик-аймактык бөлүнүүгө ылайык кесиптик бирлик органдарынын түзүмдөрүн түзөт жана аныктайт;

- Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясында тармактык кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын көрсөтөт;

- кесиптик  бирлик  мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарынан улам башка тармактардын кесиптик бирликтеринин Борбордук Комитеттери, ошондой эле мамлекеттик эмес  уюмдар менен өз ара иш алып барат;

- санаториялык-курорттук дарыланууну жана кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн ден соолуктарын жакшыртуу үчүн билим берүү жана илим органдары менен материалдык-техникалык базаны өнүктүрөт;

- кесиптик бирликтин бюджетин түзөт, социалдык камсыздандыруу бюджетти бөлүштүрүүгө катышат, ошондой эле анын пайдаланылышын  көзөмөлдөйт;

-  республикалар аралык кесиптик бирликтик жана эл аралык байланыштарды өнүктүрөт;

- кесиптик бирлик комитеттерине укуктарын жана коргоочу функцияларын жүзөгө ашырууда усулдук жана иш жүзүндө жардам көрсөтөт, кесиптик бирлик кадрларын жана активин окутууну жүзөгө ашырат, кесиптик бирлик уюмдарынын алдыңкы тажрыйбаларын изилдейт, жалпылайт, таратат, тармактык же кесиптик бирликтик жалпыга маалымат каражаттарын жана басма сөздү колдонуу менен кароо-конкурстарды өткөрөт;

- кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо максатында кесиптик бирлик фонддорун (иш таштоо, тилектештик, пенсиялык ж.б.) түзөт, алардын иштөө тартиптери тууралуу жоболорду бекитет, кесиптик бирликтин Уставдык максаттарына жана милдеттерине жетүүгө багытталган социалдык, коммерциялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгат.

Съезддердин аралыгында пленум бекиткен иш регламентине ылайык кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин пленумдары чакырылат. Пленумдардын жыйындары анын иштерине кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан шартта ыйгарым укуктуу деп табылат.

Борбордук Комитеттин иштерин координациялоо үчүн съезд президиумдун курамын шайлайт, ал ишмердиктин ар кыл багыттары боюнча комиссияларды түзүүгө укуктуу.

Кесиптик  бирликтин Борбордук  Комитети өзүнүн ишинде съездге отчеттуу жана тармактын кесиптик бирлик уюмдарынын алдында дайыма отчет берип турат.

Кезексиз пленумдар президиумдун чечими боюнча же кесиптик бирликтин БКнын мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмесинин талаптары боюнча чакырылат.

 

 

IX. КЕСИПТИК БИРЛИКТИН  БОРБОРДУК КОМИТЕТИНИН     ПРЕЗИДИУМУ

 67. Кесиптик бирликтин Борбордук Комитети пленумдардын аралыгында күндөлүк иштерди алып баруу үчүн өз тутумунан сандык тутумун пленум аныктай турган президиумдун курамын шайлайт. Президиумга кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин төрагасы жана кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин мүчөлөрү болуп саналышкан мүчөлүк уюмдардын өкүлдөрү киришет. Президиумдун чечимдерин кабыл алуу үчүн президиумдун мүчөлөрүнүн 2/3 катышканда кворум болду деп табылат, чечим жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алынат.

68. Кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин президиуму:

- билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин съездинин,  Борбордук Комитеттин пленумдарынын чечимдерин иш жүзүнө ашырууну уюштурат;

- аймактык жана чөлкөмдүк кесиптик бирлик органдарын ирилештирүү жана бириктирүү маселелерин карайт;

- кесиптик бирликтин Уставын жана КР мыйзамдуулугун бузуу  менен кабыл алынган баштапкы, райондук, шаардык, областтык кесиптик бирлик уюмдарынын жана алардын шайлануучу органдарынын чечимдерин жокко чыгарат;

- Борбордук  Комитеттин  кирешелеринин жана чыгашаларынын сметаларын бекитет, кесиптик бирликтин мүлкүнө ээлик кылуу жана пайдалануу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;

- кесиптик бирлик уюмдарында отчетторду жана шайлоолорду өткөрүү тартиби жөнүндө, кесиптик бирлик   уюмдар жөнүндө  жана башка жоболорду бекитет;

- кесиптик бирликте отчетторду жана шайлоолорду өткөрүү мөөнөттөрүн аныктайт;

- тармактык милдеттерди чечүүдө кесиптик бирлик уюмдарынын уставдык ишмердигин бириктирет жана жетектейт, алардын иштерине  иш жүзүндө, усулдук жана кеңеш берүүчүлүк жардамдарды көрсөтөт;

   - кесиптик бирликке мүчөлөрдү толуктоону (мотивациалоону) күчөтүү боюнча иштерди уюштурат;   

- кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин  пленумдарын чакырат, алардын күн тартиптерин аныктайт;

- кесиптик бирлик кадрларын жана активин окутууну жана даярдоону уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык топтору, фракциялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, бардык деңгээлдердеги мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте кесиптик бирликтин уставдык ишмердигинин, кесиптик бирлик мүчөлөрүн социалдык, экономикалык жана укуктук коргоонун маселелери боюнча өз ара иш алып барат;

- кесиптик бирликтин ишмердигинин ар кыл багыттары боюнча комиссиялардын (секциялардын, демилгелүү топтордун, кеңештердин) курамын түзөт, алардын ыйгарым укуктарын аныктайт жана алардын ишмердиктери жөнүндө тиешелүү жоболорду бекитет;

- башка коомдук жана саясий уюмдар менен алакаларды аныктайт;

- кесиптик бирликтин БК пленумунда кийин бекитүү менен кыймылдуу жана кыймылсыз кесиптик бирликтин менчигин өзүнүн чечими менен жок кылууну, күрөөгө берүүнү,  акционерлештирүүнү жүргүзөт.

Президиумдун ыйгарым укуктары жана иштөө тартиби кесиптик бирликтин  Борбордук Комитеттин  пленуму кабыл алган  регламент менен аныкталат. 

 

 X.   КЕСИПТИК БИРЛИКТИН Борбордук Комитетинин   ТӨРАГАСЫ

 69. Кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин төрагасы:

- кесиптик бирликти мамлекеттик, коомдук органдарда, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринде, мамлекеттер аралык уюмдарда өкүлдүк көрсөтөт, зарыл учурларда кесиптик бирликтин атынан арыздарды, кайрылууларды жана сунуштамаларды жиберет, мамлекеттик, муниципалдык жана чарбалык башкаруунун тиешелүү органдары менен келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;

- съезддин, пленумдун, президиумдун иштерин башкарат, алардын жыйындарына төрагалык кылат;

- Уставдык талаптардын сакталышы, съезддердин, пленумдардын, президиумдардын чечимдеринин аткарылышы боюнча  чараларды көрөт;

- кесиптик бирликтин Борбордук  Комитетинин  аппаратына жалпы жетекчилик, анын кызматкерлерин ишке кабыл алууну жана бошотууну  жүргүзөт;

- негизги ишмердик жана жеке тутум боюнча буйруктарды чыгарат;

- кесиптик  бирликтин Борбордук  Комитетинин бардык каржылык иш кагаздарына биринчи болуп кол коюу укугу менен бекитилген сметанын чектеринде кесиптик бирликтин мүлкүнө жана акча каражатына ээлик кылат;

- тармактык кесиптик бирликтин атынан юридикалык тараптын укугун жүзөгө ашырат, кесиптик бирликти мамлекеттик, сот органдарында, коомдук бирикмелерде, башка уюмдарда, жалпыга маалымат каражаттарында, эл аралык уюмдарда ишеним катсыз көрсөтө алат;

- айрым учурларда кийин кесиптик бирликтин БК президиумунда бекитүү менен тармактык кесиптик бирликтин уюмдары милдеттүү түрдө аткаруу үчүн  чечимдерди өз алдынча кабыл алат;

- банк мекемелеринде жана башка кредит-каржы мекемелеринде эсептешүү жана башка эсептерди ачат;

- кесиптик бирликтин ишмердигин камсыз кылуу боюнча тартылган адистер менен жарандык-укуктук келишимдерди түзөт, кесиптик бирликтин атынан, анын ичинде анын кызыкчылыктарын көрсөтүү, алакаларды жүргүзүү аракеттерине ишеним кат берет.

70. Борбордук Комитеттин  төрагасы  жогорку шайлануучу органга шайланса бул  кызмат орду сакталат.

 

XI.  КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМДАРЫНЫН  ТЕКШЕРҮҮ  КОМИССИЯЛАРЫ

 71. Кесиптик бирлик уюмдарынын каржылык-чарбалык ишмердүүлүктөрүнө, мүчөлүк жана башка акылардын өлчөмдөрүнүн, төлөө тартиптеринин жана мөөнөттөрүнүн, төлөнүшүнүн жана келип түшүшүнүн, акча каражаттарынын жана мүлктөрүнүн сакталышына көзөмөлдүк  жана иш кагаздарын жүргүзүү үчүн текшерүү комиссиялары түзүлөт.

72.Текшерүү комиссиялары  кесиптик бирлик комитеттери менен бир мезгилдеги мөөнөткө шайланат.

73.Текшерүү  комиссияларынын мүчөлөрү бир эле мезгилде кесиптик бирлик уюмунун коллегиалдуу туруктуу аракеттене  турган жетекчи органдарынын мүчөлөрү  болуп шайлана алышпайт.

74. Кесиптик бирлик уюмдарынын текшерүү комиссиялары кесиптик бирлик уюмдарынын текшерүү  комиссиясы жөнүндө жобонун талаптарына ылайык кесиптик бирликтик бирдиктүү көзөмөлдөө-текшерүү кызматтарынын чектеринде  иш жүргүзөт.

 

XII. КЕСИПТИК БИРЛИКТИН   КАРАЖАТТАРЫ  ЖАНА  МҮЛКТӨРҮ

 75. Кесиптик бирликтин Борбордук Комитети юридикалык тарап болуп саналат, ал кесиптик бирликтик менчик болуп саналган акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү пайдаланат жана тескейт. Кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин менчигинде санаториялар, эс алуу үйлөрү, мейманканалар, курорттор, балдардын ден соолуктарын чыңдоо борборлору, туристтик базалар, транспорт каражаттары, акциялар жана башка мүлктөр турат.

76. Кесиптик бирликтин Борбордук Комитети кесиптик бирлик мүчөлөрүн социалдык коргоо үчүн ар кандай фонддорду түзөт.

77. Кесиптик бирликтин Борбордук Комитети ишканаларды, уюмдарды, коомдорду түзүшү, биргелешкен ишканаларды түзүүгө катышуусу, акцияларды сатып алышы, тармактык кесиптик бирликтин максаттарына жана милдеттерине жооп бере турган ишмердиктин башка түрлөрү менен алектениши мүмкүн.

78. Кесиптик бирликтин акча каражаттары ага мүчөлүккө кирүү жана айлык мүчөлүк акылардан; басмалык, коммерциялык жана башка ишмердиктен түшүүлөрдөн; кесиптик бирлик уюмдарынын, билим жана илим уюмдарынын жана мекемелеринин акча каражаттарын которууларынан; кайрымдуулук чегерүүлөрүнөн жана башка булактардан түшкөн каражаттардан куралат.

79. Ар бир ай сайын  төлөнүүчү мүчөлүк акылардын көлөмү эмгектенгендердин айлык эмгек акысынын, ошондой эле кошумча эмгек акынын бардык түрлөрүнүн, анын ичинде жүктөмүнө карабастан контракт боюнча иштеринин бир пайыз өлчөмүндө белгиленет.

80. Кесиптик бирликтик мүчөлүк акылар билим берүү уюмунун эсепканасы аркылуу которуу жолу, кээ бир учурларда накталай кабыл алуу жолу менен жүргүзүлөт.

81. Кесиптик бирликтик мүчөлүк акыларды кызматкерлердин эмгек акыларынан (окугандардын стипендияларынан)  которуу жолу менен жүргүзүү жамааттык келишимдерге жана  макулдашууларга ылайык иш берүүчүлөр тарабынан ар ай сайын жана акысыз түрдө жүргүзүлөт.

 82. Кесиптик бирликтин катарында турушкан иштебеген ардагерлер, балдарын тарбиялоого байланыштуу убактылуу иштерин токтотуп турушкан кызматкерлер республика боюнча белгиленген төмөнкү айлык акынын 0,5% өлчөмүндө айлык мүчөлүк акы төлөшөт.

83. Студенттер жана окуучулар окутуу түрүнө (бюджет же контракт) жана стипендиялары бар  же жок экендигине карабастан республика боюнча белгиленген төмөнкү айлык акынын 0,5% өлчөмүндө айлык мүчөлүк акы төлөшөт.

84. Баштапкы кесиптик бирлик уюмдары келип түшкөн мүчөлүк акылардан кесиптик бирликтин максаттарына жооп бере турган жалпы иш чараларды жана милдеттерди каржылоо үчүн жогоруда турган кесиптик бирлик органдарына  бирдиктүү пайыздагы чегерүүлөрдү жүргүзүшөт. Тармактык кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлүк акыларды чегерүү тартибин жана өлчөмүн кесиптик бирликтин БКнын пленуму аныктайт.

85. Кесиптик бирликтин акча каражаттары тиешелүү шайлануучу кесиптик бирлик уюмдарынын жана кесиптик бирликтин БК тарабынан бекитилген сметанын негизинде чыгымдалат.

86. Кесиптик бирликтин мүлктөрү, анын ичинде каржы каражаттары кесиптик бирликтин бирдиктүү жана бөлүнбөс менчиги болуп саналат. Кесиптик  бирликтин менчигин бөлүштүрүү БК президиумунун чечими менен кийин кесиптик бирликтин БК пленумунда  бекитилүү аркылуу ишке ашырылат.

87. Кесиптик бирликтин мүчөлөрү өздөрү кесиптик бирликтин менчигине өткөрүп беришкен мүлктөргө,  анын ичинде кесиптик бирликтик мүчөлүк акыларга укуктарын сактай алышпайт.

88. Кесиптик бирликтин Борбордук Комитети президиумдун жыйындарында өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө (мүчөлүк акылардын келип түшүүлөрүнө) жараша аппаратын кармоону жана уюштурууну аныктайт.

89. Кесиптик бирликтик мүчөлүк акылардан жана башка булактардан келип түшкөн каражаттар маданий-тарбыялык жана ден соолукту чыңдоо, спорттук иш чараларга, аппаратты кармоого, окутуучу семинарларды өткөрүүгө, кесиптик бирликтин активин сыйлоого, материалдык жардам көрсөтүүлөргө, президиумдарды, пленумдарды, съезддерди өткөрүүгө, эл аралык уюмдарга мүчөлүк акыларды төлөөгө,  чогулуштарда жана президиумдарда бекитилген сметаларга ылайык башка иш чараларга чыгымдалат.

90. Кесиптик бирлик менчик ээси укуктарында кесиптик бирликтин мүлктөрүн, акча каражаттарын жана башка баалуулуктарын ээликтейт, пайдаланат жана башкарат.

91.  Кесиптик бирликтин Борбордук Комитети өзүнүн ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл мүлктөргө ээлик кылат.

92.  Мамлекеттик жана башка органдардын кесиптик бирликтин каржы каражаттарын бөлүштүрүү жана пайдалануу процессине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

93. Кесиптик бирликтин Борбордук Комитети тармактык кесиптик бирлик уюмдары сыяктуу эле өз тутумуна кирген кесиптик бирлик уюмдарынын милдеттенмелерине  жоопкерчилик тартпайт.

94. Кесиптик бирлик уставдык максаттарга жана милдеттерге ылайык мыйзамда бекитилген тартипте тышкы экономикалык ишмердикти жүргүзүүгө, чет өлкөлүк кесиптик бирлик бирикмелери менен байланыштарды түзүүгө, кесиптик бирликтин коммерциялык уюмдарын уюштурууга, басма ишмердиги менен алектенүүгө, тилектештиктин зарыл болгон фонддорун, маданий-агартуучу жана өз ишмердиги үчүн зарыл болгон башка фонддорду түзүүгө укуктуу. Кесиптик  бирликтин коммерциялык ишмердиктерден алынган кирешелери мүчөлүк уюмдар тарабынан бөлүштүрүлүүгө жатпайт, ал уставдык максаттарга гана жумшалат.

 

XIII. ЮРИДИКАЛЫК  ТАРАПТАР  КАТАРЫ  КЕСИПТИК БИРЛИК  ОРГАНДАРЫНЫН  УКУКТАРЫ

           95. Илимий мекемелердин, билим берүү уюмдарынын кесиптик бирлик комитеттери, кесиптик бирликтин облрайшааркомдору,кесиптик бирликтин Борбордук Комитети юридикалык тараптар болуп саналышат, өздөрүнүн мөөрлөрүнө, штамптарына, банк мекемелериндеги эсептерине ээлик кылышат.

96.Баштапкы, райондук, шаардык жана областтык кесиптик бирлик уюмдарынын, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин ишмердигин токтотуу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим эгер ал үчүн чогулушка, конференцияга, съездге катышышкан катышуучулардын (делегаттардын) добуштарынын 2/3 кем эмеси берилгенде кабыл алынды деп таанылат.

97. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду, ага айрым беренелерди киргизүү укугу кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин съездине  гана берилет.

98. Кесиптик  бирликтин Борбордук Комитетинин пленуму айрым зарыл учурларда Уставдын негизги принциптерине, өлкөнүн учурдагы мыйзамдуулугуна карама-каршы келбеген кесиптик бирликтин Уставына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү  жана кошумчаларды кийин съездде бекитүүгө коюу менен киргизүүгө укуктуу.

99.  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин ишмердүүлүгүндө кабыл алынган иш кагаздары «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.

 

                            XVI.  КОРУТУНДУ   ЖОБОЛОР

 100. Кесиптик бирликтин ишмердиги кесиптик бирликтин съездинин аны кайрадан түзүү же жоюу чечими, ошондой эле соттун чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.

101. Кесиптик бирликтин же кайсы болбосун ага мүчөлүк уюмдун ишмердиги токтотулган шартта, кесиптик бирликтин мүлктөрү кредиторлор алдында карыздарды кайтаруу үчүн пайдаланылат.  Кредиторлор менен эсептешүүдөн кийин калган каражаттар ушул Уставда каралган максаттарга жумшалат.

102. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин жайгашкан орду жана юридикалык дареги: 720001, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 207.