Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

ТИПТҮҮ ЖОБО

Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук  Комитети

 

                                                                                                                                                                           Кыргыз Республикасынын билим  жана илим

                                                                                                                                                                    кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

                                                                                                                                                                 Борбордук Комитетинин 2015-жылдын

                                                                                                                                                                                                    11-сентябрындагы I пленумунун № 1/4                                  

                                                                                                                                             токтому менен БЕКИТИЛДИ

 

 

Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук, шаардык, областтык кесиптик бирлик  уюмдары жана окуу жайларынын облрайшааркомдордун укуктарына ээ кесиптик бирлик комитеттери (аймактык кесиптик бирлик уюму) жөнүндө

ТИПТҮҮ  ЖОБО

 

I.    Жалпы жоболор

1.           Райондук, шаардык, областтык кесиптик бирлик  уюмдары жана окуу жайларынын облрайшааркомдордун укуктарына ээ кесиптик бирлик комитети    (мындан ары аймактык кесиптик бирлик уюму) юридикалык тарап болуп саналат, алар өздөрүнүн мөөрүнө, штампына, банк мекемелеринде эсеп-кысаптарына ээ боло алат.

2.           Аймактык  кесиптик  бирлик  уюму Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин түзүмдүк түзүлүшү болуп саналат.

3.           Аймактык кесиптик бирлик уюму  өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт,  өзүнүн конференциясына жана Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетине баш иет.

4.           Кесиптик бирликтин  областтык органы:

- кесиптик бирлик комитеттерине жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын кесиптик бирлик уюштуруучуларына алардын иш аракеттерин жүзөгө ашырууда райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттери аркылуу жардам берет жана көмөктөшөт;

- социалдык жагдайларды чечүү боюнча аймактык (областтык) максаттуу программаларды жүзөгө ашырууну иштеп чыгат жана ага катышат, аларды чечүүдөгү билим берүү органдары менен кесиптик бирлик комитеттеринин биргелешкен ишмердиктеринин тажрыйбаларын, ошондой эле областтык деңгээлде кесиптик бирликтин ишмердиктеринин башка маселелерин жалпылайт жана жайылтат, аларды жүзөгө ашыруу үчүн областтагы мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдары менен Макулдашуу түзөт.

 

II.    Аймактык кесиптик бирлик уюмунун укуктары

    Аймактык кесиптик бирлик уюму  укуктуу:

    1.  Мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүктүү) жана аткаруу органдарына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына же сотко аймактык кесиптик бирлик уюмунун, баштапкы кесиптик бирлик  уюмдарынын ишмердиктери, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүү үчүн кайрылууга.

2.           Кесиптик бирликтин шайлануучу органдарына тиешелүү деңгээлдеги тармактык макулдашууларды, башка келишимдерди  иштеп чыгуу жана түзүү боюнча  сунуштарды киргизет жана ал боюнча ишмердиктерине катышат, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

3.           Тармактык, аймактык же башка макулдашууларды  түзүү жана өзгөртүү жөнүндө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды  түзүү жана өзгөртүүгө байланышкан жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө, ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча тиешелүү тармактык комиссияны түзүү жана анын ишмердигин жүзөгө ашырууда кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоого.

4.           Кесиптик бирликтин шайлануучу жогорку органдарына мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүктүү), аткаруу органдарына жана сот бийлигине кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө кайрылууга.

5.           Кесиптик бирликтин шайлануучу жогорку органдарынын кызматкерлердин социалдык-эмгектик укуктарын жана окуп жаткан кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн социалдык укуктарын коргоону камтыган мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууларына катышууга.

6.           Кесиптик бирликтин шайлануучу жогорку органдарына массалык акцияларды уюштуруу, алардын ичинде митингдерди, демонстрацияларды, жүрүштөрдү, пикеттөөлөрдү, иш таштоо жарыялоолорду уюштуруу, ошондой эле кесиптик бирликтин аймактык уюму жүргүзүп жаткан жамааттык иш аракеттерди кесиптик бирликтин колдоосу жөнүндө сунуштар менен кайрылууга.

7.           Кесиптик бирликтин шайлануучу жогорку органдарына өзүнүн өкүлдөрүн шайлоого (делегаттоого), аларды кайра чакырып алууга жана алмаштырууга.

8.           Кесиптик бирликтин мүлкүн мыйзамда орнотулган тартипте жана Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына ылайык пайдаланууга.

9.           Аймактык кесиптик бирлик уюмунун мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык кесиптик бирлик кадрларын жана активин окутуу, өз ишмердиги үчүн зарыл маалыматтарды алуу жана таратуу үчүн пайдаланууга.

10.      Кесиптик бирликтин артыкчылык белгилери менен кесиптик бирликтин мүчөлөрүн сыйлоо жөнүндө  Борбордук Комитетке сунуш киргизүүгө жана кесиптик бирликтин тиешелүү аймактык уюмунун сыйлыктары менен сыйлоого. 

 

III. Аймактык кесиптик бирлик уюмунун милдеттери 

Аймактык кесиптик бирлик уюму милдеттүү:

1.           Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставын жана кесиптик бирликтин жогорку органдарынын чечимдерин аткарууга.

2.           Кесиптик бирликтин уюштуруучулук жактан бекемделиши жана жаңы кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарынын түзүлүшү боюнча иштерди жүргүзүүгө.

3.           Кесиптик бирликтин ишмердигин колдоого, анын максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо тилектештик көрсөтүүгө.

4.           Кесиптик бирликке бекитилген тартипте, мөөнөттө жана өлчөмдө кесиптик бирликке мүчөлүк акыларды чегерүү боюнча чечимдердин аткарылышын камсыз кылууга.

5.           Кесиптик бирликтин жогорку органдарына биригишкен кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн саны, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын саны, кесиптик бирликтин жогорку органдары тарабынан бекитилген башка статистикалык маалыматтарды жана отчетторду берип турууга.

6.           Кесиптик бирликтин жогорку органдары сунуш кылган маселелерди шайланган коллегиалдуу органдардын кароосуна киргизүүгө.

7.           Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине зыян жана жоготуу алып келе турган аракеттерге жол бербөөгө.

 

IV.   Аймактык кесиптик бирлик уюмунун органдары

Аймактык кесиптик бирлик уюмунун органдары болуп саналат:

Конференция – жогорку жетекчилик орган;

Аймактык кесиптик бирлик уюмунун пленуму –дайыма аракеттенүүчү коллегиалдык шайлануучу жетекчилик орган;

Президиум – коллегиалдык шайлануучу аткаруучу  орган;

Аймактык кесиптик бирлик уюмунун төрагасы– шайлануучу жеке жоопкер аткаруучу кызмат адамы;

Текшерүү комиссиясы – көзөмөлдөөчү-текшерүүчү  орган.

 

V. Конференция

1.   Конференция зарылчылыкка жараша, бирок беш жылда бир жолудан кем эмес чакырылат.

2.   Конференциянын күн тартиби, убактысы жана өткөрүлүүчү оруну белгиленген мөөнөттөн 10 күн мурункудан кем эмес учурда жарыяланат.

 3.  Конференция:

 - аймактык кесиптик бирлик уюмунун ишмердигинин багыттарын аныктайт;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун ишмердигинин бардык багыттары жана конференциянын чечимдеринин аткарылышы боюнча аймактык кесиптик бирлик уюмунун шайлануучу органдарынын отчетторун угат;

 - тармактык Уставдын негизинде аймактык кесиптик бирлик уюму жөнүндө жобону кабыл алат, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет жана жогорку профсоюздук органга бекитүүгө сунуш кылат;

-түз делегаттоо  аркылуу пленумдун тутумун түзөт, президиумду түзүү жөнүндө чечим кабыл алат, аймактык кесиптик бирлик уюмунун төрагасын, текшерүү комиссиясын  шайлайт жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечим кабыл алат;

  - кесиптик бирликтин съездине делегаттарды шайлайт, ошондой эле кесиптик бирликтин Борбордук Комитети бекиткен өкүлчүлүк ченемине ылайык шайлануучу кесиптик бирликтин органдарына өзүнүн өкүлдөрүн көрсөтөт;

-  кесиптик бирликтин тиешелүү жогорку органы менен макулдашуу боюнча аймактык кесиптик бирлик уюмунун ишмердигин кайра түзүү, токтотуу жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алат;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун ишмердигине байланышкан башка маселелерди чечет;

  - Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын чектеринде айрым ыйгарым укуктарды аймактык кесиптик бирлик уюмунун пленумуна өткөрүп берет;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун пленумунун, президиумунун, төрагасынын, текшерүү комиссиясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселелери боюнча чечимдер конференцияны өткөрүү кворуму болгон учурда ага катышкан делегаттардын үчтөн экисинен кем эмеси добуш бергенде кабыл алынды деп табылат;

- кезексиз конференция баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын үчтөн биринен кем эмесинин же кесиптик бирликтин жогорку органдарынын талаптары боюнча чакырылат.

 

 

 

VI.   Аймактык кесиптик бирлик  уюмунун пленуму

    1. Пленум аймактык кесиптик бирлик уюмунун дайыма аракеттенүүчү шайлануучу коллегиалдык жетекчи органы болуп саналат.

2. Аймактык кесиптик бирлик уюмунун пленуму:

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун ишмердигине жетекчилик жүргүзөт, конференциянын, кесиптик бирликтин  жогорку органдарынын, кесиптик бирликтин  съездинин чечимдерин аткаруу боюнча баштапкы кесиптик бирлик органдарынын иштерин жалпылайт, аларга усулдук, уюштуруучулук, укуктук жана башка көмөктөрдү жана колдоолорду көрсөтөт;

- тармактык чөлкөмдүк же аймактык макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө киришүү жөнүндө чечим кабыл алат, анын аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзөт;

- тармактык чөлкөмдүк же аймактык макулдашууларды түзүү жана өзгөртүү жөнүндө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды түзүү жана өзгөртүү жаатында жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө, ошондой эле социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салуу боюнча тиешелүү тармактык комиссиянын ишмердигин уюштурууда  жана жүргүзүүдө кызматкерлердин кызыкчылыктарына өкүлдүк  көрсөтөт;

- мыйзамдуулукта бекитилген тартипте иш берүүчүлөргө же алардын өкүлдөрүнө талаптарды коёт жана жөнөтөт, элдештирүү органдарын түзөт жана анын ишине катышат, иш таштоолорду жарыялайт жана ага жетекчилик кылат, аларды токтото туруу, кайра баштоо жана  токтотуу тууралуу чечимдерди кабыл алат, ошондой эле бул аракеттерди жетектейт;

- мыйзамдуулукка  ылайык  кызматкерлердин талаптарын колдоо жаатында алардын жамааттык аракеттерин уюштурат жана жүргүзөт;

- эмгек мыйзамдуулугунун  ичинен КР  “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзамынын жана укуктарынын  ченемдерин караган башка ченемдик укуктук актыларын  иш  берүүчүлөр жана алардын өкүлдөрү тарабынан сакталышына, эмгекчилердин арызданууларынын жана кайрылууларынын өз убагында каралышына  көзөмөл жүргүзөт;

 - аймактык кесиптик бирлик уюмунун ишмердигин кайра түзүү, токтотуу жана жоюу  маселелерин конференциянын кароосуна киргизет;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун иштеп жаткан  төрагасы өзүнүн каалоосу боюнча же башка себептер менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоп жаткан учурда аймактык кесиптик бирлик уюмунун төрагасын шайлоону кийинки конференцияда бекитүү менен жүргүзөт;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун конференциясынын чечимдеринин аткарылышына, кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрүнүн сын-пикирлеринин жана сунуштарынын жүзөгө ашырылышына көзөмөл жүргүзөт, алардын аткарылышы тууралуу кесиптик бирлик мүчөлөрүн кабараландырат;

- конференция ыйгарган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун президиумуна, төрагасына айрым ыйгарым укуктарды ыйгарат.

3. Пленумдун ыйгарым укугу – беш жыл.

4.  Пленумдун жыйыны президиум же төрага тарабынан зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес чакырылат.

5. Пленумдун кезексиз жыйыны президиум же төрага тарабынан жеке демилге боюнча пленумдун мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча же кесиптик бирликтин  жогорку органдарынын сунуштары боюнча чакырылат.

 

VII.  Аймактык кесиптик бирлик уюмунун президиуму

1. Президиум пленумдун жыйындарынын аралыгында аймактык кесиптик бирлик уюмунун шайлануучу аткаруу органы болуп саналат.

 2. Президиум:

 - аймактык кесиптик бирлик уюмунун пленумунун жыйынын чакырат, аны өткөрүүнүн күн тартиби жана оруну боюнча сунуш киргизет;

 - баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердигин жетектейт  жана уставдык ишмердигине көзөмөл жүргүзөт, шайлануучу кесиптик бирлик органдарынын чечимдерин аткарууну уюштурат, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын отчетторун угат;

- кесиптик бирликке тартуу жана жаңы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын түзүү боюнча иштерди уюштурат;

- каржылык-чарбалык ишмердикти жүзөгө ашырат, кесиптик бирликтин Борбордук Комитет бекиткен сметага ылайык аймактык кесиптик бирлик уюмунун ыкчам башкаруусунда турган акча каражаттарын тескейт, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде мүлктү сатып алуу же жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат;

- кесиптик бирликтин тиешелүү шайлануучу коллегиалдык органдары аныктаган тартипке ылайык баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын борборлоштурулган каржылык тейлөөнү бекитет;

-  практикалык зарылчылыктан жана каржылык мүмкүнчүлүктөн улам кесиптик бирликтин жогорку органдарынын сунуштарынын негизинде аймактык кесиптик бирлик уюмунун түзүмүн, штатын бекитет, аппараттын кызматкерлеринин эмгек акы системасын аныктайт;

- азыркы маалымат технологияларын пайдалануу менен аймактык кесиптик бирлик уюмунун жана тармактык кесиптик бирликтин ишмердиктерин чагылдыруу боюнча маалыматтык-жайылтуучулук иштерди жүргүзөт;

- баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын сунуштары боюнча кесиптик бирлик  активисттерин мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар, кесиптик бирликтин артыкчылык белгилери менен сыйлоо жана аларга ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштама жөнөтөт;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун ишинин перспективалык жана учурдагы иш пландарын, иш кагаздарынын номенклатурасын, статистикалык жана башка отчетторун бекитет, кесиптик бирлик  уюмунун учурдагы жана архивдик иш кагаздарын сактоо тартибин аныктайт;

- Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын чектеринде аймактык кесиптик бирлик уюмунун пленуму ыйгарган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

3. Президиумдун ыйгарым укук мөөнөтү  – беш жыл.

4. Президиумдун жыйындары зарылчылыкка жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

5. Тармактын баштапкы кесиптик бирлик  уюмдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу максатында облрайшааркомдор кесиптик бирлигинин иштери боюнча  ар кандай багыттагы комиссияларды түзөт.

VIII. Аймактык кесиптик бирлик уюмунун төрагасы 

1.           Аймактык кесиптик бирлик уюмунун ишмердигине   күндөлүк жетекчилик жүргүзүү үчүн аймактык кесиптик бирлик уюмунун төрагасы шайланат.

2.           Төрага:

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун пленумунун, президиумунун иштерин жетектейт, аларды чакырат жана алардын жыйындарын алып барат;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун жана кесиптик бирликтин жогорку органдарынын конференцияларынын, пленумдарынын, президиумдарынын чечимдерин аткарууну уюштурат, алардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында жана сотто, иш берүүчүлөрдүн жана алардын бирикмелеринин алдында, башка органдарда жана уюмдарда ишеним катсыз коргойт;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун атынан кайрылууларды жана сунуштарды жөнөтөт;

- конференцияга, пленумга президиумдун иштери тууралуу отчет берет, дайыма өзүнүн иштери жөнүндө отчет берип турат;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун эсеп-кысап саясатын, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитет;

- мүчөлүк акылардын чегерилишине жана алардын кесиптик бирликтин жогорку органдарына милдеттүү которулушунун тартибинин сакталышына көзөмөл жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети бекиткен ыйгарым укуктардын чектеринде аймактык кесиптик бирлик уюмунун ыкчам башкаруусунда турган мүлктөрдү жана акча каражаттарын тескейт, алардын натыйжалуу пайдаланылышына жоопкерчилик тартат;

- каржылык операцияларды жүзөгө ашырат, пленум, президиум тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде макулдашууларды жана келишимдерди түзөт;

 - бекитилген тартипте банктарда эсеп-кысаптарды ачат жана ал эсеп-кысаптар боюнча биринчи кол коюу менен бөлүштүрүүчү болуп саналат;

- кесиптик бирликтин  жогорку органдарына каржылык отчеттуулукту, ошондой эле алынган каражаттардын максаттуу пайдаланылышы тууралуу отчетту берет;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун атынан аракеттенүүгө ишеним каттарды берет;

- кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрүнүн учетун жана баштапкы кесиптик бирлик  уюмдарынын реестрин жүргүзүүнү уюштурат;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун саны тууралуу маалыматтарды жана кесиптик бирликтин  жогорку органдары бекиткен башка статистикалык маалыматтарды берет;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун аппаратын түзөт жана башкарат, аппараттын кызматкерлери менен эмгек келишимдерин түзөт жана токтотот, кесиптик бирликтин БК менен макулдашуудан кийин кесиптик бирлик кызматкерлеринин штаттык расписаниеси, кызмат акылары боюнча сунуштарды президиумдун кароосуна киргизет;

- аймактык кесиптик бирлик уюмунун иш кагаздарынын учетун уюштурат жана сакталышын, иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык аларды архивдик сактоого өткөрүүнү камсыз кылат;

- кийин пленумга, президиумга билдирүү менен ыкчам мүнөздөгү чечимдерди кабыл алат;

- башка ыйгарым укуктарды кабыл алат.

3. Аймактык кесиптик бирлик уюмунун төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү – беш жыл.

4.           Аймактык кесиптик бирлик уюмунун төрагасынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана эмгек келишимин бузуу тууралуу чечим төраганын демилгеси боюнча (өз каалоосу боюнча), ошондой эле кесиптик бирликтин Уставын жана шайланган коллегиалдуу органдын чечимдерин бир нече ирет бузган учурларда кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча же кесиптик бирликтин  жогорку органынын талабы боюнча кезексиз конференцияда же пленумда кабыл алынат.

5. Бул учурда аймактык кесиптик бирлик уюмунун төрагасынын  милдетин аткаруу  Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин чечимине ылайык кезексиз пленум же конференция өткөрүлгөнгө чейин аймактык кесиптик бирлик уюмунун шайланган коллегиалдуу органынын мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.

 

IX. Текшерүү  комиссиясы

1.  Аймактык кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясы кесиптик бирликтин бирдиктүү текшерүү-көзөмөл кызматынын чектеринде кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясы жөнүндө Жобонун негизинде аракеттенет.

 

X. Аймактык кесиптик бирлик уюмунун ишмердигин кайра түзүү, токтотуу жана жоюу

1. Аймактык кесиптик бирлик уюмунун ишмердигин кайра түзүү, токтотуу жана жоюу жөнүндө чечим конференцияда жана кесиптик бирликтин шайланган коллегиалдуу органы тарабынан кабыл алынат. Чечим эгерде ал үчүн кворум болгон шартта конференциянын делегаттарынын үчтөн экиси добуш берген учурда кабыл алынды деп табылат.

2. Аймактык кесиптик бирлик уюмун юридикалык тарап катары кайра түзүү жана жоюу Кыргыз  Республикасынын мыйзамдуулуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин  Борбордук Комитетинин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

3. Аймактык кесиптик бирлик уюмунун бардык эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн, кредиттерди жана алар боюнча үстөктөрдү кайтаруудан  жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин калган мүлктөрү тармактык уставда каралган шартта кесиптик бирликтин  Борбордук Комитетине  жөнөтүлөт.

4. Уюмдун ишмердигинин жүрүшүндө пайда болгон иш кагаздары ал уюм жоюлган учурда   КРнын “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө”  Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталууга жана пайдаланылууга жатат.