Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Профсоюздук кызматкердин этикасы жөнүндө жобо

I. Жалпы жоболор

1.1. Профсоюздук кызматкердин этикасы жөнүндө жобо жалпы кесиптик этиканын жыйындысын түшүндүрөт. Профсоюздун ишмердүүлүгүндө жана билим  берүү уюмдарында эмгек милдеттерин аткаруу учурунда алардын ээлген кызматына карабастан билим берүү жана илим тармагынын баалуулуктарын, жүрүш-туруш эрежелерин профсоюздук кызматкерлери жана профсоюздук активдери жетекчиликке алууну сунуштайт.

1.2. Этика жөнүндө жобонун максаттары:

- профсоюз кызматкерлеринин жана профактивдин профсоюздук ишмердиктерин жана жүрүш-туруштарын укуктук, ыймандык жана этикалык ченемдерге, кесиптик этиканын ченемдерине ылайык уюштуруу;

- профсоюз кызматкерлеринин, профактивдин өздөрүн-өздөрү көзөмөлдөөлөрүн өнүктүрүү жана эмгек жамаатында моралдык-психологиялык ички жагдайды жакшыртуу;

- профсоюз кызматкерлерине жүктөлгөн функцияларды аткарууларынын натыйжалуулугун камсыз кылуу;

- иш берүүчү менен уюмдун педагогикалык кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы катары профсоюздук активдин ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрдү өркүндөтүү;

- коомдук аң-сезимде профсоюздук ишмердикке, профсоюздун имиджине карата сый мамилелердин сакталышы;

- педагогикалык кызматкердин кадыр-баркынын бекемделинишине көмөк көрсөтүү, педагогдук кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу.

 

II. Профсоюздук кызматкердин, профактивдин жүрүш-турушунун этикалык эрежелери

2.1. Профсоюздук кызматкер милдеттүү:

- профсоюздук ишмердикти жогорку моралдык-этикалык, психологиялык-окутуучулук деңгээлде жүзөгө ашырууга умтулууга;

- укуктук, ыймандык жана этикалык ченемдерди сактоого;

- профсоюздун коомдогу айрыкча ролун жана ордун, анын иштөө функцияларын, ыкмаларын түшүнүүгө, жана да, анын натыйжасында өзүнүн кызматкерлердин өкүлү катары алардын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу болуусундагы социалдык ролун таанып билүүгө;

- өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн, кесиптик ар тараптан түшүнүктүүлүгүн, укуктук жана жүрүш-туруш маданиятын өнүктүрүүгө, моралдык-этикалык жогорку сапатка ээ болууга;

-  ар дайыма өзүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатууга, өзүнө талап коюп туруусуна, өзүн-өзү жогорулатууга умтулууга;

- кесиптештери менен демократия, өнөктөштүк, жамаатчылык жана өз ара жардам берүү принциптерине негизделген ишкер жана кайтарымдуу мамилелерди орнотууга, эмгек жамаатында жагымдуу моралдык-психологиялык жагдайдын түзүлүшүнө шарт түзүүгө;

- педагогикалык кызматкерлерге сөзү жана иши менен жардам кылууга, моралдык-психологиялык көмөк жана колдоо көрсөтүүгө, суроо-талаптарды жана керектөөлөрдү билип турууга;

       - жамаатта кесиптик этиканын принциптеринин жана ченемдеринин негизинде өз ара мамилелерди жөнгө салууга;

            - жамаатта пикир келишпестиктерди, ушак-айыңдарды, калпыстыктарды, уятсыздыктарды, жүзү каралыктарды болтурбоого;

            - профсоюздук уюмда ачыктыктын жана маалымдуулуктун өтө жогорку деңгээлинин болушуна жетишүүгө, профсоюз кызматкери тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткаруусуна кандайдыр бир күнөм жарата турган жүрүш-туруштан баш тартууга, ошондой эле, өзүнүн жана профсоюз уюмунун ишкер абалына жана кадыр-баркына зыян келтире турган чыр-чатактуу жагдайларга жол бербөөгө;

- өлкөдө жашап жаткан элдердин каада-салттарына жана маданиятына көтөрүмдүү мамиле жасоого жана сыйлоого, ар кандай этникалык, социалдык топтордун жана конфессиялардын маданий жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алууга, улуттар аралык жана диндер аралык өз ара келишүүчүлүүккө көмөк көрсөтүүгө;

-профсоюздук кызматтагы милдеттерди ак ниеттен аткарууга жолтоо болгон кандайдыр-бир жекече, мүлктүк (каржылык) жана башка кызыкчылыктардын пайда болушу менен байланышкан аракеттерди болтурбоого.

2.2. Профсоюздук кызматкер, профактив кесиптик жетишкендиктин, уюшкандыктын, жоопкерчиликтин, эмгек жана аткаруучулук тартиптин, ишкер кадыр-барктын, өзүнүн жеке жүрүш-турушу менен чынчылдыктын, берилгендиктин жана адилеттүүлүктүн үлгүсү  болууга тийиш

 

 

2.3. Профсоюздук кызматкер, профсоюздук актив жол бербейт:

- кесиптештерине карата орой мамиле жасоого, үнүн болбогон жерден көтөрүп сүйлөөгө, жок жерден асылууга, кемсинткен сөздөрдү, курулай сындарды айтууга, арзыбаган жана мыйзамга туура келбеген айыптоолорду коюуга;

- адаттагы пикир алышууларга тоскоол болгон коркутууларга барууга, оозго алгыс сөздөрдү жана пикирлерди айтууга, аракеттерди жасоого же туура эмес жүрүш-турушка алып келген учурларга жол берүүгө;

- социалдык жактан колдоого ээ болбогон адаттарды (тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүү, сөгүнүп-сагынуу) көрсөтүүгө;

- чечимдерди кабыл алуудагы шашмалыкка, укуктук жана (же) моралдык ченемдерге кол шилтебөөгө, мыйзамдын талаптарына, ыймандык принциптерге жана ченемдерге шайкеш келбеген каражаттарды колдонууга.

2.4. Профсоюздук кызматкер, профактив жамааттын кызматкерлери менен баарлашууда ийкемдүүлүктү, сылыктыкты, кармануучулукту, токтоолукту жана көңүл буруучулукту көрсөтүшү, сүйлөө маданиятын сакташы, сүйлөшүү үчүн жеткиликтүү, ачык жана жылуу кабыл алуучулукка ээ болушу  керек.

2.5. Профсоюздук кызматкер билими, тажрыйбасы жана билгичтиги менен катар айрыкча психикалык бекемдикке, өтө көп психикалык оорчулукка туруштук берүүгө, өзүнүн ишинин тууралыгына терең ишенүүгө, жаңыланып турууга, кыжалат абалдан чыгып кетүү жагдайына ээ болуусу керек.

2.6. Профсоюз кызматкеринин эмгек милдеттерин аткаруудагы тышкы көрүнүшү профсоюз кызматкерине карата сый мамиленин жаралышын шарттап турууга тийиш, ал расмий абалы, токтоолугу, тыкандыгы менен айырмаланган жалпыга тиешелүү ишкер көрүнүшкө жооп бериши керек.