Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Профсоюздук биримдик жана тилектештик үчүн

ПРОФСОЮЗДУК БИРИМДИК

 ЖАНА ТИЛЕКТЕШТИК ҮЧҮН

 

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин III пленумунда Борбордук Комитеттин төрагасы А.А.Токтогуловдун «Тармактык профсоюздун жана анын жер-жерлердеги уюмдарынын билим берүү, илим системаларынын кызматкерлеринин, студенттик жаштардын коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, эмгек укуктарын, социалдык-экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоо боюнча биринчи кезектеги чаралары жөнүндө» жасаган доклады

 

Урматтуу пленум мүчөлөрү!

 

Бүгүнкү пленумдун талкуусуна коюлуп жаткан маселеге кыскача токтолуп, азыркы учурдагы тармактык профсоюздун ишмердигинин башкы аспектилерин ортого салып, алдыда аткара турган  биринчи кезектеги милдеттерди белгилеп, максаттарды аныктап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Билим берүү жана илим системаларынын кызматкерлерин социалдык-экономикалык коргоо проблемаларына биринчи кезекте маани берүү менен аларды педагогдорубуздун, илимий кызматкерлерибиздин, окутуучуларыбыздын материалдык жагдайларын жогорулатуунун башкы шарты катары карап, профсоюздун Борбордук Комитети бул проблеманы өзүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыт катары эсептөө аркылуу мурдагыдай эле айрыкча көңүл буруп келет.  Негизги максат иретинде эмгектенүү  шарттары жана эмгек акы төлөө  педагогдун, илимий кызматкердин коомдогу социалдык статусуна  жана билим берүүдөгү кадрлардын интеллектуалдык деңгээлине толук өлчөмдө жооп берүүсүн олуттуу жана ырааттуу коюп жатабыз.

 Билим берүү бүгүн дүйнөдөгү коомдук өнүгүүнүн  маанилүү көрсөткүчтөрүнөн жана башкы багыттарынан болуп калды. Республикабыз заманбап талаптарга ылайык жооп берүү менен өз кезегинде 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын негизинде анын бардык деңгээлдеринде реформа жүргүзүүнү активдүү баштап олтурат, мунун түпкү максаты биздин мамлекетибиздин жана коомубуздун инновациялык өнүгүүсүн камсыз кылуу болуп саналат. Ошондой болсо да, кандай гана кайра түзүүлөр болбосун, демилгелер киргизилбесин, мугалим, дагы бир жолу сыймык менен айтканда, мугалим гана билим берүүдөгү бул реформалардын башкы жүзөгө ашыруучусу болуп кала берет, алардан реформаларды  иш жүзүнө ашыруунун мөөнөтү жана сапаты көз каранды. Педагогдун коомдогу статусу, анын материалдык жагдайы өлкөдө белгиленип жаткан реформаларда жана инновацияларда алдыңкы орундардын бирин ээлейт.

Эгер расмий статистикага таяна турган болсок, азыркы учурда биздин республиканын мамлекеттик бюджетинде социалдык сектордун чыгымдары 50 пайыздан ашыкты түзөт, анын жарымы билим берүүгө тиешелүү.

Албетте, бул сектордогу жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдардын натыйжалуулугу жана оптималдууулугу мамлекетибиздин экономикалык жана социалдык коопсуздугуна таасир бере турган турмуштук маанилүү жагдайлар болуп саналат. Ошондуктан, өлкөнүн билим берүү тармагындагы абалы анын эң башкы көрсөткүчтөрүнөн экендиги талашсыз. Мамлекетибиз азыркы учурда эмгек акы төлөөдөгү жүргүзүлүп жаткан реформаларга байланыштуу эмгек акыга  гана 11 миллиард сом бөлөт. Билим берүү тармагындагы эмгек акы төлөө дегендин өзү эмнени түшүндүрөт? Республиканын мектептериндеги мугалимдердин 2011-2012-окуу жылындагы эмгек акыларынын орточо өлчөмү, Сиздер жакшы билгендей,  мурдагы жылдардагы эмгек акыга салыштырмалуу 2-2,5 эсеге өстү, бирок, 2012-2013-окуу жылында дем берүүчү фонддун 10 пайызын эсепке алганда, эмгек акы төлөө деңгээли төмөндөдү, азыркы учурда билим берүүдөгү орточо айлык эмгек акы республика боюнча жалпы эмгек акынын деңгээлинин 73,2 пайызына гана барабар. Мындан көрүнүп тургандай, бул маселеде баары эле ойдогудай эмес.

Профсоюздун Борбордук Комитети 2012-жылдын ноябрь-декабрь айларында мугалимдердин эмгегине акы төлөөлөрдү төмөндөтүүнүн себептерин аныктоо максатында  жүргүзгөн мониторинг көрсөткөндөй, эмгек акынын мындай төмөндөшүнө КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде мектеп программасынын Базистик планы боюнча педагогикалык жүктөмдөрдүн олуттуу кыскарышы себеп болгон. Мына ушул себептен, мисалы, Нарын областында быйылкы окуу жылында мугалим ар ай сайын 758 сомду аз алып калды, бул сан Баткен областында  965 жана Ош областында 600 сомду түздү. Жогорудагы мониторингдин жыйынтыктары жана орточо айлык эмгек акынын аз пайызы тууралуу профсоюздун Борбордук Комитети республиканын Өкмөтүн кабардар кылды жана 2013-жаңы каржы жылында педагогдордун эмгек акыларын жогорулатуу маселесин кароону сунуштады.

Жогоруда сөз болгон педагогикалык жүктөмдү азайтуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 токтомуна ылайык мугалимдердин эмгек акыларын дем берүүчү фонддон төлөөлөр эсебинен жогорулатууну караган. Бирок, республиканын көптөгөн мектептеринде, тилекке каршы, мындай укук байкамасандыкка айланып келатат. Аз сандагы мектептердин профсоюз уюмдарынын жана райшааркомдордун жетекчилери гана жер-жерлерде дем берүүчү фонддон кошумча өлчөмдөрдү эсептөөнү колго алышты. Алардын катарында Балыкчы шааркомунун  төрагасы К.Жээнбаев, Талас шааркомунун төрайымы Ф.Баатырбаева, Кызыл-Кыя шааркомунун төрайымы С.Мукумбаева, Талас райкомунун төрайымы Ж.Умарова, Ысык-Көл райкомунун төрагасы Э.Шаршалиев, Кадамжай райкомунун төрагасы А.Нурмаматов, Лейлек райкомунун төрагасы А.Мамажанов, Сокулук райкомунун төрайымы И.Афанасьева бар, тармактык профсоюздун башка райшааркомдорунун жетекчилеринин дарегине мындай жылуу пикир айтуу али эрте. Бул маселе боюнча мектептерде өз убагында башталбаган иштерден улам мугалимдерибиз кошумча дем берүүчү фонддон 240 млн. сомду албай калышты, андан улам алардын капчыктары кыйла жукаргандыгын айта кетишибиз керек.

2020-жылга чейин  билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясында каралган реформа мектепте билим берүүнү каржылоого да таасирин тийгизип жатат.  

Быйылкы жылдын 1-августунан тартып мамлекеттик билим берүү уюмдарынын окутуу жана тарбыялоо процесстерин камсыз кылуунун каржылык чыгымдары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн эсепканалары аркылуу жүзөгө ашырыла баштайт. Бирок, белгилей кетүүчү жагдай, билим берүүнүн чыгымдарын каржылоону республикалык бюджетке өткөрүүдө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында муниципалдык менчикте турган имараттарды кармоо боюнча ал уюмдардын чыгымдарын каржылоо функциясы сакталып калат. Мындан ары мугалимдердин эмгек акыларын, оорулары же төрөт боюнча жөлөкпулдарын эсептөө ар кандай каталарсыз жана кем эсептөөлөрсүз жүргүзүлөт деген ишеничтер бар. Буга жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, райшаар билим берүү бөлүмдөрү,  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети, анын жер-жерлердеги комитеттери тарабынан аябаган зор түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарыл. Быйылкы жылы билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан республиканын бардык областтарында эмгек акы төлөө системасын түшүндүрүү боюнча окутуу семинарлары жана тренингдери өткөрүлгөндүгүнө карабастан, кайрадан уюшулуп жаткан райшаар борборлоштурулган эсепканалардын кызматкерлерин окутуу, аларга эмгек акы, кошумча төлөөлөр, үстөктөр, оору баракчалары жаатында практикалык жардам көрсөтүү  боюнча алдыда зор иштер турат.  Мындан тышкары, жогорудагы  эсепканалардын кызматкерлери ушул маселелер боюнча ченемдик-укуктук актылар менен камсыз болуулары керек, муну биздин Борбордук Комитет көңүлдүн борборунда кармап турат.

Акыркы убактарда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө аныкталгандай, убактылуу эмгекке жарамсыздык  баракчалары, кош бойлуулук же төрөт боюнча жөлөкпулдарды эсептөө маселелериндеги  Талас областынын Манас, Бакай-Ата, Чүй областынын Чүй райондорунун айыл округдарында  орун алып келген кемчиликтерди кайталоого жол бербешибиз керек. Жогорудагы райондордун текшерилген айыл округдарынын эсепканаларында «Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобо» таптакыр жок же колдо болгону менен колдонулган эмес. Алар оору алдында кызматкер алып турган үч айлык эмгек акынын ордуна ошол кызматкер ооруп калган же төрөт боюнча кеткен айдагы эмгек акыдан алынып эсептеп келишкен. Мындан тышкары, айыл округдарынын эсепканалары жөлөкпулдарды дем берүүчү өлчөмдөрдү эсепке албастан эсептеп беришкен, ушундан улам эмгекке жарамсыздык  баракчалары, кош бойлуулук же төрөт боюнча жөлөкпулдар олуттуу азайтылып эсептелген. Ушундай катачылыктар менен катар жөлөкпулдардан негизсиз салык кармоо, социалдык фондго которуу, профсоюздук мүчөлүк акы кармоо жүргүзүлгөндүктөн, алардын өлчөмү дагы кыскарып турган. Негизсиз эсептелбеген өлчөм кээде 500 же андан көп сомго жеткен.

Жогоруда көрсөтүлгөн жөлөкпулдардагы, эмгек акы төлөөдөгү, эмгек акыга кошумчалардагы, өргүүлөрдүн узактыгын аныктоодогу кемчиликтер тармактык профсоюздун активдүү колдоосу жана бул маселелерде алар тарабынан жер-жерлерде практикалык жардам көрсөтүү аркылуу республиканын райшаар билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган эсепканаларында кайталанбашы керек. 

Быйылкы жылы профсоюздун Борбордук Комитети профсоюздук активге жардам катары билим берүү чөйрөсүндө эмгек акы төлөө боюнча усулдук китепче иштеп чыкты, менин пикиримче, бул  китепче райшаар билим берүү бөлүмдөрүнүн кайрадан түзүлүп жаткан борборлоштурулган эсепканаларында практикалык колдонмо катары пайда алып келет деп ишенем. Ал материалдар биздин БК сайтында жайгаштырылган жана тармактык газетага жарыяланган.

Республиканын билим берүүсүндө тутумуна тармактык макулдашууну, аймактык макулдашууларды, айыл округдарынын деңгээлиндеги үч тараптуу макулдашууларды, ЖОЖ, АООЖ жана илимий мекемелердеги жамааттык келишимдерди камтыган социалдык өнөктөштүктүн көп деңгээлдеги системасын өнүктүрүү колго алынып келатат.

Тармактык макулдашууну кабыл алуу  эмгек келишимдерин түзүү, эмгек акы төлөө, жумушчу күн, эс алуу мезгили менен байланышкан билим берүү уюмдарындагы өтө маанилүү маселелерди чечүүдө кызматкерлердин социалдык кепилдиктерин жогорулатууга багытталган коргоо жоболорун активдүү колдонууга өбөлгө түзөт, бардык деңгээлдеги профсоюз комитеттеринин аракеттеринин артыкчылыктуу багыттарын аныктайт. Тармакта быйылкы жылдын июль айына карата республиканын билим берүү уюмдарынын 97, 2 пайызында негизинен тармактык макулдашууда камтылган милдеттерди аткарууга жана мектептин, ЖОЖ, айыл аймагынын, шаардын, райондун, илимий мекеменин өзүнүн социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө багытталган жамааттык келишимдер жана үч тараптуу макулдашуулар аракеттенип жатат. Булар билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде социалдык-өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнү шарттап, аракеттенип жаткан ченемдик-укуктук базанын шарттарында тармактын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону күчөтөт.

Бул кандайдыр бир деңгээлде билим берүү системасынын ар кыл тармактарында социалдык-өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө шарт түзөт, аракеттенип жаткан ченемдик-укуктук базанын шарттарында кызматкерлерди социалдык коргоону күчөтөт.  

Белгилеп кетүүчү жагдай, азыркы учурда биздин тармакта макулдашууларды жана келишимдерди түзүү боюнча айтаарлык тажрыйба топтолуп калгандыгын ачык айтышыбыз керек. Мамлекет Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси аркылуу өзүнө кызматкерлер үчүн укуктарды орнотуу жана социалдык кепилдиктер үчүн милдеттенмелердин бир аз гана бөлүгүн алат дагы, маанилүү социалдык-эмгектик маселелерди чечүүнү түздөн-түз социалдык өнөктөштүктүн тараптарына өткөрүп берет. Өз кызматкерлеринин социалдык, укуктук жана эмгектик проблемаларын чечүүдөгү мындай укуктарын билгичтик менен пайдаланышкан уюмдардын катарында Ж.Баласагын атындагы КУУ (төрагасы Ш.Б.Сальпиев), И.Арабаев атындагы КМУ (төрагасы Э.Ш.Бектуров), ОшМУ (төрагасы А.У.Аккулов), ОшКСУ  (төрагасы Мамажакып уулу Чыңгыз), ЖАМУ (төрагасы К.Б.Болотбаев), К.Карасаев атындагы БГУ (төрагасы А.Ж.Байболиев), профсоюздун Бишкек шааркому (төрайымы Г.У.Султанбаева), профсоюздун Ош шааркому (төрагасы А.О.Балтабаев), профсоюздун Жалал-Абад шааркому (төрайымы З.А.Тургунбаева), профсоюздун Аламүдүн (төрайымы Б.А.Намазбекова), Москва (төрайымы Т.В.Эсенканова), Ысык-Ата (төрайымы Б.К.Тыныбекова), Ысык-Көл (төрагасы Э.Б.Шаршалиев) райкомдору, Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынын бир катар райшааркомдору бар.

Профсоюздун Борбордук Комитети ар жылдын аягында эреже катары областтардын губернаторлоруна, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарына жаңы каржы жылында  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары өздөрүнүн бюджеттерин түзүүдө педагогикалык кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген социалдык жеңилдиктер жана кепилдиктер менен камсыз кылууга каражаттарды киргизүүнү эске алууларына көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен атайын кайрылууларды жөнөтүп келатат.   Областтардан алынган маалыматтарга караганда, бул маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарынын коллегияларында атайын маселе катары каралып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине «Билим берүү жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талапка ылайык аткаруу боюнча көрсөтмөлөр берилет.

Профсоюздун Борбордук Комитетинин мындай сунушуна областтардын жетекчилеринин жоопкерчиликтүү мамилелери жана жер-жерлерде тармактагы социалдык өнөктөштүктүн дараметин билгичтик менен пайдалануу аркылуу жылдан-жылга региондордогу педагогдордун нагыз социалдык проблемаларын чечүү динамикасы жогорулап келатат. Алсак, Аламүдүн районунда акыркы жылдарда 55 мугалим өздөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртууга жетишишти, 40 мугалим кызматтык батирлерди алышты, Жалал-Абад областында 139 жана Баткен областында 101 мугалимге үй салууга жер участоктору берилди, Ош шаарында мугалимдер үчүн көп кабаттуу үй куруу болжолдонууда, Москва районунун айыл округдары мугалимдерге коммуналдык чыгымдар үчүн ар жыл сайын 785,8 миң сом өлчөмүндө төлөөлөрдү жүргүзүшөт, Жалал-Абад шаарында жана Ноокен районунда мугалимдердин коммуналдык төлөөлөрүнө 9,9 млн. сом чегерилген, Ысык-Ата районунун бир катар айыл округдарында мугалимдердин бардык коммуналдык чыгымдарын айыл өкмөттөрү өз моюндарына алышкан, айрым райондордо (Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл ж.б.) педагогикалык колледждерде жана ЖОЖ сырттан окушкан мугалимдердин окутуу акыларын жергиликтүү бюджеттерден төлөп келишет, Сокулук районунда жаш мугалимдер он кызмат акысы өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөкпулду ала башташкан, Жалал-Абад областынын Сузак, Ала-Бука, Ноокен, Аксы райондорунда, Каракөл, Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак шаарларында бул максаттарга 1,3 млн. сом бөлүнгөн, Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунда жана Баткен областында мугалимдерге таш көмүр арзандатылган баалар менен сатылат, ал эми жаш адистердин ар бирине жарым тонна көмүр бекер берилет.

Жыл өткөн сайын мектептерден алыскы айылдарда жашашкан мугалимдерге унаа акыларын жергиликтүү бюджеттерден төлөө,  мугалимдерди мыкты көрсөткүчтөрү үчүн сыйлоо жана материалдык жардам көрсөтүү көбөйүп баратат. Мисалга айта турган болсок, Ош областында мугалимдерге 1 млн. 127 миң, Жалал-Абад областында 1 млн. 279 миң 688 сомдук материалдык жардамдар көрсөтүлгөн, Баткен областында мугалимдерди газета-журналдарга жаздырууга 50 миң сом бөлүнгөн.

Практика көрсөткөндөй, жер-жерлерде социалдык өнөктөштүктүн деңгээлин жана мүмкүнчүлүктөрүн билгичтик менен пайдалануу, бийликтин бардык түзүмдөрү менен иштиктүү социалдык диалогду мыйзам чегинде жүргүзүү тармактын кызматкерлеринин укуктары жана кызыкчылыктары үчүн күрөштүн куралы катары жылуу кабыл алынууда. Мындан тышкары, биздин профсоюздун мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн кошумча рычаг катары бардык деңгээлдердеги депутаттык корпус менен иштөөгө,  мында айрыкча мугалимдердин катарларынан шайланышкан депутаттардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга көңүл буруу зарыл.

Ошону менен катар, тармактын айрым профсоюздук уюмдарында макулдашуулардын көпчүлүгү куру сөздөр менен жазылат, мазмуну тайкы, милдеттүүлүгү аныкталбаган, тараптарга милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн колдонулуучу зарыл санкциялар киргизилген эмес. Ал түгүл, райондо профсоюздун райкому, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук мамлекеттик администрация ортосунда үч тараптуу макулдашууну  гана түзүшүп, калган билим берүү уюмдарында андай макулдашуулар түзүлбөгөн учурлар дагы кездешет. Мындай абал профсоюздун Борбордук Комитетинин тейлөөсүндөгү бардык эле мүчөлүк уюмдарда кездеше бербегени менен, тилекке каршы, орун алып келатканын жашырууга болбойт, мына ушунун өзү биз үчүн тынчсыздануунун жана көңүлдү топтоштуруунун белгиси болушу керек, жер-жерлерде профкомдор жана райшааркомдор ишмердиктеринин мына ушул багытына тиешелүү маани беришпей жаткандыгынан жыйынтык чыгаруу менен ишти оңдой алабыз. Айта кетүүчү жагдай, дал ушундай абал орун алган жерлерде эреже катары мугалимдердин социалдык маселелери чечилбейт, билим берүү кызматкерлери социалдык жактан корголгон эмес, эмгек мыйзамдуулугунда, эмгек акы төлөөдө, жөлөкпулдарды, иштегендердин эмгек өргүүлөрүн  аныктоодо ж.б.у.с. көп укук бузуулар катталат.

Борбордук Комитеттин быйылкы жылдын июль айындагы президиумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-октябрындагы № 541 токтомунун негизинде укуктук өз алдынчалыкты алышкан республиканын билим берүү уюмдарынын каржылоонун ченемдик түрүнө өтүп жаткандыктарын эске алуу менен Борбордук Комитетте түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун үлгүсү бекитилди. Макулдашуунун бул үлгүсү тармактык профсоюздун «Позиция профсоюза» газетасына жарыяланат, Борбордук Комитеттин сайтында кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырылды. Менин оюмча, мектептердин профсоюз уюмдары аларды иштеринде негиз катары пайдалана башташса болот.

Жогоруда айтылып жаткан макулдашуунун үлгүсү жер-жерлерде аларды иштеп чыгууда бардык деңгээлдеги профсоюз уюмдарына усулдук жардам катары пайдаланылат, башкаруунун жергиликтүү органдары менен иштиктүү социалдык диалогду жүргүзүү сапатын жакшыртат, мектептердин, жатак мектептердин, мектепке чейинки балдар мекемелеринин кызматкерлеринин социалдык, эмгектик жана укуктук кызыкчылыктарын чечүү ыраатына өзүнүн оң таасирин тийгизет деген ишеничтер бар.

 

Урматтуу пленумдун катышуучулары!

 

Профсоюздун Борбордук Комитетинин өз профсоюз мүчөлөрүнүн жеке эмгек укуктарын коргоодогу биринчи кезектеги милдеттерине жер-жерлердеги эмгек келишимдерин түзүүдө жана аткарууда бекитилген тартиптердин сакталышына, эмгек китепчелеринин туура толтурулушуна, жумуш убактысынын жана эс алуу учурунун орнотулушуна ж.б. профсоюздук көзөмөл жүргүзүү менен байланышкан маселелер кирет.

Азыркы учурда Борбордук Комитеттин укуктук инспекциясынын ишмердиги жаңы деңгээлге көтөрүлдү десек мактагандык эмес, буга облрайшааркомдордун штаттык бирдиктеринде юристтердин пайда болгондугу дагы көмөк болууда. Коомдук көзөмөлдүн жогорулашы профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын, алардын эмгек кызыкчылыктарын социалдык коргоого алуунун деңгээлин жакшыртууда. Профсоюздун Борбордук Комитети билим берүү уюмдарында эмгек мыйзамдуулугунун ченемдеринин сакталышына дайыма коомдук көзөмөл жүргүзүп келатат. Өткөн пленумдан бери бул көзөмөлдүктөр Нарын, Чүй, Талас областтарынын, Баткен областынын бир катар райшаарларындагы билим берүү уюмдарында, Бишкек шаарынын айрым атайын орто окуу жайларында жүргүзүлдү. Эреже катары андай көзөмөл жүргүзүүлөрдөн кийин ошол аймактын билим берүү уюмдарынын жана профсоюздук комитеттеринин өкүлдөрүнүн  активдүү катышуусу менен  окутуу семинарларын өткөрүү практикасы өзүн актап келатат. Укук инспекторлору  профсоюз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча сот отурумдарына катышуулары жана аларда өз мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо аракеттери, доо арыздарын даярдоого катышуулары  жыл өткөн сайын жакшырып баратат. Алсак, 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында тармактык профсоюздун укук инспекторлору тарабынан 26 доо арыздары даярдалган, 142 кызматкердин эмгек укуктары калыбына келтирилген, 58 кызматкер кайрадан кызматтарына орношкон. Мындан тышкары, билим берүү системасынын уюмдарында аракеттенип жаткан мыйзамдуулукту бузуунун 300дөн ашуун учурлары катталган, алардын ичинен 128 арыз профсоюз мүчөлөрүнүн өздөрүнөн келип түшкөн. Өткөн пленумдан бери эмгектенгендердин эмгек укуктарынын бузулушу боюнча 573 арыздар жана кайрылуулар каралган, ошондой эле 1220 адамга ар кандай мүнөздөгү кеңештер жана жардамдар көрсөтүлгөн, кат жүзүндө жооптор берилген. 

Укук маселелери ар жыл сайын профсоюздун Борбордук Комитетинин, обкомдорунун, райшааркомдорунун, ЖОЖ, АООЖ, илимий мекемелердин комитеттеринин президиумдарынын кароолоруна коюлуп, ар дайым талкууланып  келатат. Ошого карабастан, тилекке каршы, бул маселе билим берүү системасында оор бойдон кала берүүдө.

Акыркы убактарда республикада жалпы билим берүү жана мектепке чейинки балдар мекемелерине кызматкерлерди кабыл алууда жана бошотууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө, иштегендердин эмгек китепчелерин толтурууда юридикалык өз алдынчалык берилгенден бери жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин беренелерин бузуу учурлары көбөйүп баратат. Ушундай жагдайды эске алуу менен профсоюздун Борбордук Комитети кадрдык маселелер боюнча усулдук сунуштамалардын топтомун иштеп чыгып, аларды «Позиция профсоюза» газетасына жарыялады жана БК сайтына жайгаштырды. Мен ушул сунуштарыбыз билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кадрдык иш кагаздарын жүргүзүүдө олуттуу көмөк көрсөтөт деген ишенич билдирип кетким келет.

Профсоюздун Борбордук Комитети жогорку окуу жайларында окутуучуларды кызматка кабыл алууда бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялабастан эле чукул эмгек келишимин бир окуу жылынын мөөнөтүнө карата түзүп жаткандыктарына өтө тынчсыздангандыкты билдирет. Мында, көзөмөл жүргүзүүлөр көрсөткөндөй, ал окуу жайларынын профсоюз комитеттери келишүүчүлүк жагдайды ээлегендиктери байкалууда.

Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекиткен «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук тутумунун кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө» жобого ылайык ЖОЖ окутуучуларды кабыл алууда конкурстан өтүшкөндөн кийин гана азыркыдай окуу жайынын ректораты бир окуу жылына кабыл алып жаткандай эмес, 5 жылга чейинки мөөнөткө кабыл алынышат. Профсоюздун Борбордук Комитетинин укук инспекциясы, областтык комитеттердин укук инспекциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорудагы токтому менен бекитилген жобонун аткарылышына мындан ары коомдук көзөмөлдү күчөтүшөт, жогорку окуу жайларында профессордук-окутуучулар тутумун кабыл алууда мыйзамдуулук бекем сакталат, бул маселелер боюнча ар кыл мүнөздөгү арыздануулар токтойт  деп ишенем. Ушул маселе күн тартибиндеги биринчи маселелердин ичинде кала бермекчи.

 

Урматтуу кесиптештер!

 

Азыркы учурда өлкөбүздө жогорку окуу жайларынын тармагын турукташтыруу боюнча реформа башталды. Мына ушул максатта республиканын Өкмөтү тарабынан «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар тармагын турукташтыруу жөнүндө» токтомдун долбоору даярдалып, анда республикалык жана аймактык маанидеги жогорку окуу жайларынын тизмеси жана айрым окуу жайларын кайра атоо каралган. Токтом кабыл алынган шартта ЖОЖ чөйрөлөрү аныкталат, бир аймакта бир адистиктеги кадрларды даярдоодогу кайталоолор жоюлат. Республиканын жогорку окуу жайларынын чөйрөсүндө күтүлүп жаткан олуттуу кайра түзүүлөр ал негизинен максат кылгандай, азыр аракеттенип жаткан жогорку окуу жайларынын статустарынын өзгөрүшүнө алып келет, мамлекеттик жогорку окуу жайлар тармагы турукташтырылат, айрым окуу жайлары өзүн-өзү каржылоого өткөрүлөт. Жогорку окуу жайларын мындай турукташтыруунун алгылыктуу чечиминин бири катары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине кайра түзүүнү айтаар элем, анткени ал окуу жайы жаңы статуста Кыргызстандын педагогикалык илиминин көч баштоочусу болуп калмакчы.

Билим берүү тармагы сыяктуу маанилүү чөйрөдө реформа жүргүзүү ар дайым  бирөөлөргө жага бербеген, көндүм болуп калган адаттардан арылууну каалабаган жагдайларга кабылаары шексиз. Чындыгында эле, бир катар жогорку окуу жайларынын адистешүү статустарын өзгөртүү боюнча өлкөдө башталган иш чаралар, албетте, кадр маселелерине дагы өз таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан, ЖОЖ реформалоонун бардык этаптарында ал окуу жайларынын профсоюз комитеттери жагдайды толук көзөмөлгө алып туруулары керек, кызматкерлерди  бошотуу, которуу же кыскартуу боюнча бир дагы учур мыйзамдан тышкары чечилбеши жана алар катталган болсо тиешелүү деңгээлде  каралбай калбашы зарыл,  бул үчүн кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү милдети турат, айрыкча кадрлар менен иштеген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин беренелерин бекем сактоолору маанилүү, реформага дуушар болушкан ЖОЖ окутуучуларынын жогорку инстанцияларга массалык түрдө кайрылууларына жол бербөө үчүн жеринде чыр-чатак болсо аракеттенип жаткан мыйзамдардын негизинде гана чечүү зарыл, ошондой эле кызматкерлердин кыскарган шартында төлөнүүчү жөлөкпулдардын эсептелиниши жана төлөнүшү коомдук көзөмөлдө болушу керек. 

 

Урматтуу пленум мүчөлөрү!

 

Сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир орчундуу проблемага- бүгүнкү күндө тармакта Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзамынын жүзөгө ашырылып жатышына бургум келет.

Тармактык профсоюз билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо ченемдеринин аткарылышына, эмгектин дени сак жана коопсуз шарттарын түзүү жаатында иштерди ырааттуу көзөмөлдөп келатат, ал иштердин көпчүлүгү үч тараптуу макулдашуулардын жана жамааттык келишимдердин аткарылышы аркылуу жүргүзүлөт. ЖОЖ, АООЖ, илимий мекемелердин, жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки уюмдардын алдында ар бир жумушчу орундарында дени сак жана коопсуз шарттарын түзүү боюнча коомдук көзөмөлдүк жүргүзүүгө жооптуу адамдар иштеп жатышат.

Эмгекти коргоо маселелери профсоюздун Борбордук Комитетинин, обкомдорунун, райкомдорунун жана шааркомдорунун дайыма көзөмөлүндө турат. Өткөн мезгилде профсоюздун Борбордук Комитети республиканын ар кыл аймактарындагы эмгекти коргоо боюнча иштердин абалын активдүү иликтөө менен катар,  ошондой эле бул маселе боюнча профсоюздук активди окутуу семинарларын уюштуруп келатат. Мындай семинарлар Ысык-Көл жана Чүй областтарынын бир катар райондорунда өттү, үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек шаарынын бардык ЖОЖ эмгекти коргоо боюнча нускоочулары менен  ушундай иш чара жакшы маанайда жыйынтыкталды. Мындан тышкары, жер-жерлерге билим берүү уюмдарынын эмгекти коргоо боюнча иш кагаздарын жүргүзүү тууралуу практикалык жардамдар көрсөтүлүп келатат, Бишкек шаарынын студенттик жатаканаларындагы  коопсуз жашоо шарттары текшерилип турулат, алардын коменданттарына орун алган кемчиликтерди чечтетүү боюнча мөөнөттөр берилип, жолго коюунун жолдору көрсөтүлөт. Эмгекти коргоонун эрежелерин колдонуу боюнча иштердин алдыңкы тажрыйбаларына ээ болушкан профсоюздун Түп (төрагасы М.Сыдыков), Ак-Суу (төрагасы Э.Садабаев) райкомдорун, жогорку окуу жайларынан Ж.Баласагын атындагы КУУ (төрагасы Ш.Сальпиев), К.Карасаев атындагы БГУ (төрагасы А.Байболиев), И.Арабаев атындагы КМУ (төрагасы Э.Бектуров) профсоюз комитеттерин  сыймык менен атап кетүүгө болот.

Борбордук Комитеттин техникалык эмгек инспекциясы келечекте мына ушундай алдыңкы уюмдардын бул маселе боюнча тажрыйбаларын терең талдоого алып, биздин тармактык профсоюздун бардык уюмдары арасында жайылтуусу керек.

Ошентсе да, белгилеп кетүүчү жагдай, азырынча эмгекти коргоо маселелери дагы эле болсо тынчсызданууну жаратат. Жер-жерлерде кырсыктардын алдын алуу боюнча план ченемдүү иштер жүргүзүлбөйт, айрым профкомдор азыркы убакка чейин болгон кырсыктарды милдеттүү түрдө иликтөө тууралуу билишпейт, эмгекке жарамсыздык баракчалары жөлөкпулдарды төлөө үчүн Н-1 формасы толтурулбайт жана тиричилик кырсыктары боюнча комиссиянын иликтөө актысы жок толтурулуп келатат, көп учурларда жөлөкпулдар кырсыкка кабылган адамдын бардык эмгек акы өлчөмүнөн алынбай, жалпы негиздерде төлөнүп, өлчөмү кыйла азайып  калат, булар Кыргыз Республикасынын аракеттенип жаткан мыйзамдарын олуттуу бузууга алып келүүдө. Мындан тышкары, өндүрүштөгү кырсыктарды жаап-жашырууга аракеттер байкалат, буга  профсоюздун бардык деңгээлдеги органдары эч качан жол бербөөлөрү милдет. Ачык эле айтып коюшум керек, биздин Борбордук Комитеттин башкы техникалык эмгек инспекциясынын ыкчам жана жакындан  кийлигишүүсү менен андай жаап-жашыруулар ачыкка чыгарылып, кетирилген кемчиликтер оңдолуп, кырсыктар кайрадан терең иликтөөгө алынып, жабыр тартышкан кызматкерлерге тиешелүү жөлөкпулдар толукталып эсептелип, кем берилген өлчөмдөр кайтарылып жатат.

Өткөн учурда Борбордук Комитеттин башкы техникалык эмгек инспекциясы тарабынан 90 билим берүү уюмдары иликтөөгө алынып, 60 эскертүү баракчалары толтурулган, кырсыктардын 8 учуру, анын ичинен оор жаракат менен 5 учур, 2 өлүмгө алып келген учур иликтенген. Булар сиздерди ойлонтот деп ишенем, урматтуу профсоюздук жетекчилер, ошондуктан биздин Борбордук Комитеттин жана облрайшааркомдорубуздун, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун алдында өндүрүштүк кырсыкка учуроолордун жана жаракат алуулардын алдын алуу боюнча иштерге коомдук активди кеңири жана активдүү тартуу, аларды болтурбай коюу максатында алдыңкы тажрыйбаларды окуп-үйрөнүү менен жер-жерлерде кеңири колдонуу  милдети турат.

Пленумдун катышуучуларынын көңүлдөрүн дагы бир жолу тармактын уюмдарында эмгектин зыяндуу шарттарын милдеттүү түрдө аттестациялоо тууралуу маселелер Борбордук Комитеттин пленумдарында, президиумдарында, семинарларда ар дайым көтөрүлгөнү менен, тилекке каршы, колго алынбай жаткандыгына бургум келет. Бардык эле билим берүү уюмдарында  жана илимий мекемелерде эмгектин өзгөчө шарттары бар жумушчу орундарын аттестациялоо, андай шарттарда иштегендиктери үчүн 15 пайыз кошулуп төлөө жүргүзүлбөйт, булар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 863 «Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн төлөөлөр жөнүндө» токтомун аткарбай коюуга алып келип жаткандыгы өкүнүчтүү, республиканын Эсептөө палатасынын текшерүүчүлөрү жүргүзгөн текшерүүлөрдүн көбүндө ал фактылар орун алып жаткандыгын ачык айтууга туура келүүдө.

Урматтуу кесиптештер, профсоюздун Борбордук Комитети быйылкы жылдын февраль айында тармактык деңгээлде Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзамынын чектеринде жетекчилер, эмгекти коргоо инженерлери үчүн иштегендердин дени сак болууларын камсыз кылуу жана эмгектин коопсуз шарттарын түзүү боюнча практикалык иштерде колдонуулары үчүн жардам ирээтинде усулдук сунуштамалардын топтомун иштеп чыкты жана жер-жерлерге таратууга жетишти. Сунуштама ошондой эле эмгекти коргоо маселелери боюнча тренингдерди, семинарларды сапаттуу өткөрүүгө көмөк көрсөтөт деген ишеничтер бар.         

 

Урматтуу пленумдун катышуучулары!

 

Тармактык профсоюздун көңүлүнүн чордонунда биздин профсоюзубуздун мүчөлөрүнүн эс алууларын, ден соолуктарын чыңдоолорун жана дарыланууларын уюштуруу турат. Бүгүнкү пленумга даярдык көрүп жатып, Борбордук Комитет ар бир мүчөлүк уюмда биз үчүн эң башкы иштерден болуп саналган кызматкерлерибиздин эс алууларын жана ден соолуктарын бекемдөөнүн үстүндө кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгын талдоого алды. Анын жыйынтыктары көрсөткөндөй, бул маселеде жалпысынан жер-жерлерде алгылыктуу аракеттер бар экендиги байкалат. Обкомдор, райкомдор, шааркомдор жана профкомдор көпчүлүк учурларда айыл округдарынын жергиликтүү бюджеттеринин, ЖОЖ жана АООЖ, илимий мекемелердин  бюджеттен тышкаркы каражаттарынын эсебинен профсоюз мүчөлөрүнүн эс алууларын уюштуруп жаткандыктары кубандырат. Албетте, мында тармактын бардык деңгээлдеринде түзүлгөн үч тараптуу макулдашуулар жана жамааттык келишимдер зор роль ойноп жаткандыгын айта кетишибиз керек. Алсак, Ош областында жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан 2012-жылдын жай мезгилинде Ысык-Көлдө 628 мугалим ден соолуктарын чыңдашса, 3020 билим берүү кызматкерлери Арстанбап, Сары-Челек, Кара-Кой, Абшир-Ата ж.б. атактуу жайларда кыска мөөнөттүү эс алышкан, 135 мугалим «Ош» пансионатында дарылынышкан. Быйылкы жылдын жай айларында профсоюздун Ош обкому «Кооператор» санаторий-профилакторийинде,  «Ош», «Ак-Буура» пансионаттарынын базаларында билим берүү кызматкерлеринин ден соолуктарын чыңдоону колго алып жаткандыгы жакшы көрүнүш экендигин айта кетишибиз керек. Областтын профсоюз комитеттери эс алуунун ар кыл түрлөрүн: аймактын кооз жерлерине экскурсия уюштуруу, тарыхый эстеликтер менен тааныштыруу, Ысык-Көлгө, Сары-Челекке ж.б.   кыска мөөнөткө келип-кетүүнү өздөштүрүп жатышат.

Профсоюз мүчөлөрүнүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн эс алууларын уюштурууда профсоюздун Бишкек шаардык комитетинин (төрайымы Г.Султанбаева) иштерине кененирээк токтолууну туура таап олтурам. Көп жылдардан бери Бишкек шаарынын мектептеринин жана балдар мекемелеринин кызматкерлеринин көпчүлүгү ден соолуктарын чыңдоону жана эс алууну ойдогудай өткөрүп келатышат. Алсак, акыркы эки жылда шаардык профсоюз комитети тарабынан 3152 адам ден соолуктарын бекемдеген. Быйылкы жылдын жай айларында шаарком Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарда жана санаторияларда 1855 билим берүү кызматкерлерин эс алдыруунун үстүндө алгылыктуу иштерди алып барууда, ага профбюджеттин жана жалпы билим берүүчү мектептердин жамааттык келишимдеринде каралган каражаттарды пайдаланып жатышат.  Мындан тышкары, шаарком шаардык мугалимдердин 50дөн балдарын Ысык-Көлдө эс алдырып келатат.

Мугалимдердин жамааттык эс алууларын уюштуруу Жалал-Абад областынын райшааркомдорунда да жакшы жолго коюлган. Сузак (төрагасы А.Исмаилов), Аксы (төрагасы А.Бабакулов), Тогуз-Торо (мурдагы төрагасы М.Эпеев) райондук, Жалал-Абад шаардык (төрайымы З.Тургунбаева) комитеттери өз мүчөлөрүнүн эс алдыруу жаатында айтаарлык тажрыйбаларды топтошту десек аша чапкандык болбойт.

 Өздөрүнүн профсоюз мүчөлөрүнүн эс алууларын жана дарыланууларын ар жылы активдүү өткөрүп келаткан Ысык-Ата (төрайымы Б.Тыныбекова), Сокулук (төрайымы И.Афанасьева) райкомдорун мактоого  болот. Мындай профкомдордун катарында ЖОЖ профкомдорунан Н.Исанов атындагы КМКТАУ (төрагасы М.Дильдаев), Б.Ельцин атындагы КОСУ (төрайымы М.Рудова), И.Арабаев атындагы КМУ (төрагасы Э.Бектуров), М.Рыскулбеков атындагы КЭУ (төрайымы К.үсөнова), ОшМУ (төрагасы А.Аккулов), ОшМСУ (төрагасы Мамажакып уулу Чыңгыз), ЖАМУ (төрагасы К.Болотбаев) бар экендигин айта кетишибиз керек.

Быйылкы жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 50 орундуу санаторий-профилакторий ачылгандыгын зор канааттануу менен белгилөөгө болот, мындан ары бул окуу жайынын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери өздөрүнүн ден соолуктарын чыңдоону алыс барышпай эле, өздөрүнүн окуу жайынан жүргүзө алышат.

2012-жылы тармакта билим берүү кызматкерлеринин ден соолуктарын чыңдоого жана эс алууларын уюштурууга демөөрчүлук жардамдарды эске алганда 1,1 млн. сом чыгымдалган. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджеттеринен балдарды эс алдыруу, балдардын эс алуу борборлорун ремонттон өткөрүү жүргүзүлүп жатат. Бир мисал. үч тараптуу макулдашуунун негизинде Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы шаардык бюджеттен 80 баланын эс алууларына 300 миң,  балдардын эс алуу борборун кармоого 100 миң сом которуп берген.

Жыл өткөн сайын профсоюздун Борбордук Комитети жер-жерлердеги профсоюз мүчөлөрүн эс алдырууга бөлгөн жолдомолордун саны көбөйүп баратат. Быйылкы жылы тармактын кызматкерлерин мындай жолдомолор менен эс алдыруунун көлөмүн 2012-жылдагыдан 2 эсеге көбөйтүү боюнча пландар бар. Ошондой эле балдардын эс алуу борборлорунда келечек ээлеринин ден соолуктарын чыңдоону да арбытуу аракеттери көрүлүүдө. Жогоруда айтылып өткөндөрдү так цифралар менен бекемдеп көрсөк, быйыл профсоюздун Борбордук Комитетинин жолдомолору менен 1000ге чукул билим берүү кызматкерлери, 1000ден ашуун балдар эс алышмакчы, 3 миңге чукул профсоюз мүчөлөрүбүз ар кыл деңгээлдеги профбюджеттерден ден соолуктарын чыңдашат, буларга жалпысынан  17 млн. 175 миң сомдук каражат чыгымдоо караштырылууда.

Мындан тышкары, тармакта жашоонун сергек жагдайын жайылтуу боюнча иштер райондордо, шаарларда жана областтарда маданий-массалык иш чараларды, спорттук мелдештерди жана таймаштарды жакшы уюшкандыкта өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылып келатат. Алар жакшы салтка айланып баратат, мындан мугалимдерибиз жана окутуучуларыбыз ден соолуктарын чыңдоо менен ойдогудай эс алышып, ынтымактуулукту жана биримдикти көрсөтүп жатышат.  Алсак, Ош областында профсоюздун областтык комитетинин (төрагасы С.Тойгонбаев) линиясы боюнча ЖОЖ окутуучуларынын көмөгү менен республикада жарыяланган «Ишкердик жылына» жана тармактык профсоюзда жарыяланган «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты ЖОЖ окутуучусу», «Жылдын мыкты иш берүүчүсү» кароо-сынактарына арналган спартакиада өткөрүлдү.

 

Урматтуу кесиптештер!

 

Белгилеп кете турган жагдай, өткөн мезгилде тармактын ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун иштеринде студенттер жана жаштар чөйрөсүндө профсоюздук идеологияны активдештирүүнүн алгылыктуу жылыштары байкалды.  Бул уюмдардын жамааттык келишимдеринде студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды социалдык жана укуктук коргоо боюнча бөлүмдөр киргизилген. Окуу жайларынын социалдык жана жаштар саясаты боюнча проректорлору студенттик профсоюз лидерлери менен тыгыз кызматташып жатышат. Профкомдорубуз студенттерден профсоюзга мүчө болуу мотивациясын активдештиришүүдө. Студенттер менен иштөөдө  айрыкча көңүл аларды социалдык жактан коргоого бурулууда. Жетим, майып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн студенттер жарым-жартылай окутуунун контракттык түрүнөн жана жатаканаларда жашоо акыларынан бошотулушкан.

Социалдык жеңилдиктер жана кепилдиктер эл аралык олимпиадалардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрүнө, окуунун отличниктерине, окуу жайларынын спорттук жана маданий турмушуна активдүү катышкандарга берилет, өтө муктаж болгон студенттерге материалдык жардамдар көрсөтүлөт. ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун ишмердиктеринин чөйрөсү өтө кенен: алар ар бир студентке жеке кеп-кеңеш берүүдөн жалпы студенттик жамаатты коргоого чейинки иштерди камтыйт, студенттерге өздөрүн ар тараптан көрсөтүүлөрүнө, лидерлик сапаттарга жана пикир алышуулардын ыкмаларына ээ болууларына, өз кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоолоруна  жетишүүлөрүнө мүмкүнчүлүк беришет.

Бир катар ЖОЖ жана АООЖ студенттердин жумушка орношуусуна чоң көңүл буруп келишет. Карьера жана маркетинг борборунда бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик мүмкүнчүлүктөрү менен иш берүүчүлөрдү тааныштыруу жаатында иштер жүргүзүлүүдө, ошондой эле «Карьера күнү», «Бизнес күнү», тегерек үстөлдөр өткөрүлүүдө. Ал түгүл студенттер стажировкаларга чет өлкөлөргө жиберилген учурлар дагы бар.

Текшерүүлөр көрсөткөндөй, студенттик жатаканаларда жашоо шарттары бир кыйла жакшырып баратат. ЖОЖ жана АООЖ бардык окуу корпустарында жана студенттик жатаканаларында буфеттер, ашканалар иштейт, алар профкомдордун дайыма коомдук көзөмөлүндө турат, мындай коомдук комиссиялардын тутумунда студенттик профсоюздук лидерлер дагы бар. Студенттердин ден соолуктарын чыңдоо жаатында да жакшы иштер байкалууда, айрым ЖОЖ жана АООЖ медпункттар иштейт, студенттер ар жыл сайын медициналык кароодон өтүп турушат. Окуу жайларында спорттук, маданий-массалык иштер жакшы уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүп келет, аларга профкомдор арбын каражаттарды жумшап келатышат. Мындай иш чаралардын башкы максаты студенттер жана жаштар арасында жашоонун сергек образын пропагандалоо болуп саналат.

Мен докладымда айрыкча профсоюзубуздун Борбордук Комитетинин алдында иштеп жаткан студенттик профсоюз комитеттеринин Кеңешинин иштерине токтоло кетким келип турат. Кеңеш тарабынан  өткөн мезгилде тармактык профсоюздун ишмердигине студент жаштардын кеңири чөйрөсүн тартуу, алардын пикирлерин, профсоюздук кыймылдын актуалдуу проблемаларын чечүүгө алардын көз караштарын  угуу жана жалпылоо боюнча бир катар иштер аткарылды.     Мындан тышкары, Кеңеш алдыда студенттердин окуудан тышкаркы иш менен камсыз болууларын, жумушка орношууларын, эмгек рыногуна калып алууларын жана каныгууларын чечүүнүн, окуган студенттердин социалдык-тиричилик, жашоо шарттарын жакшыртуунун, студенттерге стипендия төлөөнүн жаңы системасын киргизүүнүн үстүндө иштөөгө бел байлап олтурат. Албетте, булар Кеңеш алдыга койгон максаттардын бир катары десек болот. Ал өзүнүн комплекстүү программаларынын ар бир деңгээлинде салттуу инновациялык технологияларды сактоону өнүктүрүүнү жана жаңысын өздөштүрүүнү камтыган профсоюзга мүчөлүккө мотивациялоону сактап келет. Кеңеш өзүнүн ишмердигиндеги белгиленген вектордук багытты    аткаруу менен ЖОЖ студентеринин арасынан «Красная гвоздика» балдардын ден соолуктарын чыңдоо борборунда тарбыячы болуп иштөөгө талапкерлерди иргөө боюнча иш жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинде үстүбүздөгү жылдын февраль айында студенттик профсоюз комитеттеринин Кеңешинин мүчөлөрү Бүтдүйнөлүк Эмгек Уюмунун эмгекчилердин ишмердиктери боюнча башкы адиси Сергиус Гловацкас менен жолугушуу өткөрүштү. Анда Кеңештин мүчөлөрү мурдагы жолугушуудан бери «Жаш профсоюз лидерлеринин жайкы мектеби» долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча (2012-жылдын июнь айы) профсоюздук иштеринде өздөрү жетишишкен ийгиликтер тууралуу айтып беришти. Белгилүү болгондой, Кеңеш өзүнүн иштерин 2012-жылы кабыл алынган стратегиялык программанын негизинде жүргүзүп келет. Бүтдүйнөлүк Эмгек Уюмунун өкүлү өз сөзүндө Кыргызстандын профсоюздарынын жаштар саясатын активдештирүү боюнча Кеңештин нагыз аткарып жаткан иштеринин баалуулугун белгиледи жана жолугушуу учурунда жетишилген бардык макулдашуулар жүзөгө ашырылаарына ишенич билдирди.

Азыркы учурда Кеңеш республиканын бардык областтарынын жаш кадрларынан аларды андан ары иште пайдалануу үчүн профсоюз кызматкерлеринин резервин түзүүнүн үстүндө  иштеп жатышат.

Быйыл май айында профсоюздун Борбордук Комитети жана Кеңеш Талас мамлекеттик университетинде Кыргызстандагы эл аралык профсоюздук тилектештиктин америкалык борборунун колдоосу менен семинар-тренинг өткөрдү. Бул семинардын катышуучуларын ушул окуу жайынын студенттеринин профсоюздук активи түзүп, алардын катарында аспирант, магистрант жана бириккен профсоюз комитетинин мүчөлөрү болушту.  Иш чаранын натыйжасы катары университеттин профкомунда студенттик канаттын түзүлгөндүгүн жана анын катышуучуларынын арасынан 12 студенттин профсоюзга мүчө болуп киришкендиги болду.  Бул семинар тармактык профсоюзду модернизациялоонун алкагындагы Борбордук Комитет көтөргөн кезектеги маанилүү демилге болуп калды.

 

Урматтуу пленумдун катышуучулары!

 

Профсоюздун Борбордук Комитети өткөн жылдын декабрь айында «Жылдын мыкты социалдык өнөктөшү» тармактык кароо-сынагынын республикалык турунун жыйынтыктарын чыгарып, социалдык өнөктөштүктүн системасын өнүктүрүү боюнча жер-жерлердеги профсоюздук уюмдардын талаптагыдай иштерин белгилөө менен жеңүүчүлөргө Дипломдорду жана баалуу белектерди ыйгарды. Бул кароо-сынактын жеңүүчүлөрү, Борбордук Комитетте ар жыл сайын салтка айланып келаткан «Жылдын Бакайы», «Жылдын Датка Айымы», «Жылдын Мырзасы», «Жылдын Айымы» ардак наамдарынын ээлери тууралуу, менин оюмча, Сиздер жакшы таанышсыздар, анткени алар жөнүндө «Позиция профсоюза» газетасына жана биздин электрондук сайтка абдан кенен материалдар жарыяланган. Айрыкча белгилеп кете турган сыйлык, өткөн жылы социалдык жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу салтанаттуу жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жана төш белгиси менен Ош областынын Өзгөн райондук комитетинин мурдагы төрайымы Галина Турдиевна Примбердиеванын сыйланышы болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 273 Жарлыгы менен 2013-жыл республикада «Иштерман жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу профсоюздун Борбордук Комитети өз кезегинде аны жүзөгө ашыруунун иш чараларынын Планын бекитти, тармакта 5 номинация боюнча «Кесиби боюнча мыкты» кароо-сынагын жарыялады. Мындан тышкары, билим берүү уюмдарынын профсоюздук органдары Кыргызстан профсоюздар федерациясы жарыялаган «Кызматкерлерге татыктуу эмгек камсыз кылган жылдын мыкты иш берүүчүсү», «Кесиби боюнча мыкты» кароо-сынактарына (алар тууралуу БКтин сайтынан таанышууга болот, жоболор жер-жерлерге жиберилген) катышышат деген ишеничтер бар. Обкомдордун, райкомдордун, шааркомдордун жетекчилери жогорудагы кароо-сынактарга активдүү катышуулары керек, бул үчүн жеке жоопкерчилик тартышаарын дагы бир жолу ушул трибунадан туруп айта кетким келет.

 

Урматтуу  пленумдын мүчөлөрү!

 

Азыркы учурда профсоюздун Борбордук Комитетинин көңүлүнүн борборунда мурдагы жылдарда жакшы өнүгүүгө ээ болуп калган Эл аралык билим берүү уюму, Бүткүл профсоюздар конфедерациясы, эл аралык профсоюз уюму, ЕврАзия эл аралык билим берүү профсоюздар шериктештиги сыяктуу эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк профсоюздар менен кызматташтыкты бекемдөө милдети турат.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети Эл аралык билим берүү уюмунун мүчөлүк уюму болуп саналуу менен көп жылдардан бери анын регионалдык бөлүмү менен тыгыз кызматташып келатат. Мындай олуттуу кызматташтыктын натыйжалуу жана айтаарлык багыттарынын бири катары тармактын профлидерлерин окутуу боюнча биргелешкен семинарларды өткөрүүнү айтаар элем. 2011-жылдан баштап Эл аралык билим берүү уюму окуткан биздин профсоюздун областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларынын арасынан даярдалган тренерлер бүгүнкү күндө жер-жерлерде тармактык профсоюздун баштапкы уюмдарынын жетекчилерин жана активин үйрөтүү боюнча семинарларды өткөрүп жатышат.

2012-жылдын декабрь айында Бишкекте Эл аралык билим берүү уюмунун Азия-Тынч океан чөлкөмдүк бөлүмүнүн координатору Джером Фернандес мырзанын  катышуусунда республиканын профлидерлери үчүн 2 күндүк семинар-кеңешме өткөрүлдү. Анда жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2013-жылы окутуучу семинарларды өткөрүү боюнча аракеттердин Улуттук планы бекитилди.

Ушул планга ылайык баштапкы уюмдардын ролун жогорулатуу максатында быйылкы жылы Эл аралык билим берүү уюму даярдаган тренерлер аркылуу башталгыч звенодогу профлидерлерди окутуу практикасын улантып жатабыз. Айтсак, 19-24-апрелде менин жана Эл аралык билим берүү уюмунун Азия-Тынч океан чөлкөмдүк бөлүмүнүн координатору Джером Фернандес мырзанын катышуусунда Чүй областынын баштапкы профсоюз уюмдарынын лидерлери үчүн «Рынок экономикасынын шарттарында мугалимдердин профсоюзунун ролу» деген темадагы 3 күндүктөн 50 адам катышкан эл аралык 2 семинар (бири Чүй областынын чыгыш зонасы, экинчиси батыш зонасы үчүн)  «Кыргызстан» санаториясынын базасында өткөрүлдү. Модераторлор профсоюздун Москва райкомунун төрайымы Т.Эсенканова, профсоюздун Сокулук  райкомунун төрайымы И.Афанасьева болушуп, семинарларды алып барышты.

 Жогорудагыдай аталыштагы дагы эки семинар «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын базасында Ысык-Көл областынын баштапкы уюмдарынын лидерлери үчүн өткөрүлдү. Ыңгайлуу болушу үчүн областтын аймагы эки зонага бөлүнүп, 67 адам катышты. Окутууну профсоюздун Жети-Өгүз райкомунун төрагасы Ө.Молдокматов, профсоюздун Аксуу  райкомунун төрагасы Э.Садабаев, профсоюздун Балыкчы шааркомунун төрагасы К.Жээнбаев жүргүзүштү. Бул семинарга Эл аралык билим берүү уюмунун Азия-Тынч океан чөлкөмдүк бөлүмүнүн координатору Рей Долот мырза катышты.

Ушундай аталыштагы семинар республиканын түштүгүндө 28-30-июнь күндөрү өтүп, ага Эл аралык билим берүү уюмунун Азия-Тынч океан чөлкөмдүк бөлүмүнүн координаторлору Рей Долот жана Джером Фернандес мырзалар катышышты.

Белгилеп кетүүчү жагдай, эл аралык семинарларды өткөрүү менен алгылыктуу жыйынтыктарга жетишип жатканыбызды айта кетишибиз керек, айрыкча башталгыч звенодогу профсоюз лидерлеринин кесиптик чеберчиликтери жогорулап, иштери активдеше баштагандыгы кубандырат.

үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкек шаарында Эл аралык билим берүү уюмунун 5 донор өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен биздин профсоюздун лидерлеринин жолугушуусун өткөрүү пландалууда.  Анда 2014-2016-жылдарга профсоюздук активди окутуунун жаңы долбоору талкууланмакчы. Эл аралык билим берүү уюму менен кызматташтыктын жаңы этабы башталат деген ишеничтер бар.

Эл аралык билим берүү уюмунун долбоорунун үч жылга созулган биринчи этабынын аякташы боюнча андан билим берүү системасынан 710 адам, анын ичинен быйылкы жылы гана башталгыч звенодогу 200 адам окуп чыгышты жана профсоюздук иштердин бардык багыттары боюнча практикалык жардам алышты. Мына ушуга байланыштуу, мен айрыкча белгилеп кете турган жагдай, республиканын тармактык профсоюздарынын биринде дагы ушундай көп сандагы адамдарды эл аралык семинарлар аркылуу окутуу жүргүзүлө элек.  Ошондуктан, жогорку сапаттагы жана таанып-билүүдөгү мындай семинарларды эл аралык деңгээлде өткөрүү аркылуу профсоюздун Борбордук Комитетинин жер-жерлердеги уюмдарына,  алардын жетекчилерине жеке зор жоопкерчилик жүктөп олтурат. Алдыда белгиленип жаткан окутуу семинарларынын алдында атайын мониторингдерди өткөрүп,  мурдагы жылдарда топтолгон тажрыйбаларды терең талдап, алдыңкы иштерди кеңири пайдалануу менен иштиктүү иш чараларды жүргүзүү милдети турат.

Мен, профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасы катары, эл аралык профсоюз уюмдарынын бардык иш чараларына активдүү катышууга аракет жасап келатам.

Коңшулаш өлкөлөрдүн тектеш профсоюздары менен да кызматташып келатабыз. Өткөн жылы октябрь айында Азербайжандын көз карандысыз профсоюзунун XVI Конференциясына атайын чакыруу менен мен, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Ш.Сальпиев, Ош мамлекеттик социалдык университетинин профсоюз комитетинин төрагасы Мамажакып уулу Чыңгыз катышып келдик.

 

Урматтуу пленумдун катышуучулары!

 

Профсоюздун Борбордук Комитети акыркы 3 жылдан бери МОТ-ИПЕК эл аралык уюмунун колдоосу астында «Балдардын эмгегин пайдаланбаган аймактарды түзүү» долборунун үстүндө иштеп келатат. Бул иште пилоттук аймактар катары Чүй областынын Москва жана Ысык-Ата райондору тандалып алынган. Эл аралык эмгек уюму окутуу аркылуу балдардын эмгегин пайдалануунун проблемаларын чечүүдөгү тармактык профсоюздун ишмердигин жогору баалоодо жана улуттук деңгээлде бул маселеде көрүп жаткан аракеттерине ыраазычылык билдирүүдө. Белгилеп кетүүчү жагдай, профсоюздун Борбордук Комитетинин балдардын эмгегин пайдаланууну жок кылуу жаатындагы активдүү позициясы Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү  өзгөчө практика катары бааланууда. Бекеринен Казахстандагы, Тажикстандагы жана Азербайжандагы МОТ-ИПЕК долбоорунун социалдык өнөктөштөрү балдардын эмгеги проблемаларын чечүүдөгү биздин иштерибиздин тажрыйбаларын үйрөнүү максатында Кыргызстанга келүү демилгеси менен чыгышпаса керек. Быйылкы жылдын май айында андай жолугушуу болуп өттү. Жолугушуудан тышкары биздин Борбордук Комитет ошол маселе боюнча тегерек үстөл өткөрүп, ага Казахстандагы, Тажикстандагы жана Азербайжандагы МОТ-ИПЕК долбоорунун катышуучулары гана эмес, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.Сасыкбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Н.Никитенко, Улуттук иш берүүчүлөр конфедерациясынын өкүлдөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары, мектеп жетекчилери, мугалимдер жана журналисттер катышышты. Тегерек үстөлдүн катышуучулары балдардын эмгеги менен күрөшүү боюнча тажрыйба алмашышты, профсоюздун Борбордук Комитети өз кезегинде аларды бул маселе жаатындагы тажрыйбасы менен тааныштырды, жыйынтыгында биздин чөлкөмдө келечекте бул багыттагы иштерди биргелешип жүргүзүүнүн чараларын иштеп чыгышты.

Бул иш чарадан кийин меймандар Москва районунун пилоттук мектептеринде болушуп, балдардын эмгегинин эң кыйын түрлөрүнөн арылышкан жана мектепке кайтып келишкен окучуулардын  сабактарына катышышты, алар менен баар алышышты, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушушту.  Профсоюздун Борбордук Комитети азыркы учурда МОТ-ИПЕК эл аралык уюмунун колдоосу астында 3 жылдан бери иштеп жаткан «Балдардын эмгегин пайдаланбаган аймактарды түзүү» пилоттук долборун жүзөгө ашыруу боюнча өзүнүн иштерин жалпылап, бул багытта иштеген уюмдарга арналган колдонмо басып чыгарды.

үстүбүздөгү жылдын июнь айында Тажик Республикасындагы   балдардын эмгегин мониторингдөө системасынын модели менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында биздин өкүлдөр бул өлкөгө барып келишти. Бул иштиктүү сапардын учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.Сасыкбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Н.Никитенко Эл аралык эмгек уюмунун көмөгү астында Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын билим берүү, эмгек министрликтеринин, билим берүү кызматкерлеринин профсоюздарынын, профсоюз уюмдарынын федерацияларынын, иш берүүчүлөр уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушушту жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуу балдардын эмгегин пайдалануунун эң кыйын түрлөрүн жок кылуунун проблемаларынын үстүндө иштөөнүн чектериндеги кезектеги баалуу иш чара болуп калды. Андан соң Бишкек жана Ош шаарларынын ортосунда уюштурулган телекөпүрө биздин өлкөдө бул жагдайда башталган багыттын уландысы болду десек болот.

 

Урматтуу пленумдун мүчөлөрү!

 

Тармактык профсоюздун ишмердигин маалымдоо боюнча иштерге  кыскача токтоло кетүүгө уруксат этиңиздер.

Азыркы илим менен техниканын абдан жетишкен учурунда профсоюзга өзүнүн уставдык милдеттерин ак ниеттүүлүк жана толук өлчөмдө аткаруусу гана жетишсиз деп ойлойм. Профсоюздун бардык деңгээлдеги органдарынын иштери тууралуу бизди активдүү позициялары менен ар дайым колдоп турушкан баштапкы уюмдарыбыз, катардагы мүчөлөрүбүз толук маалымданып туруулары керек. Азыркы учурда, тилекке каршы, жалпы коомчулук биздин профсоюзубуздун мугалимдердин, окутуучулардын, илимий кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердигинин мүнөзү, эл аралык профсоюз уюмдары менен жолго коюлуп келаткан чоң кызматташуулар жана пайдалуу байланыштар жөнүндө чыныгы маалыматка ээ эмес.

Профсоюздун бүгүнкү күндөгү натыйжалуу ишинин өбөлгөсү болуп профсоюзга мүчөлүктүн массалуулугу саналат. Профсоюзга мүчөлүккө мотивация системасында негизги роль азыркы учурда маалыматтык иштерге таандык. Ар бир адам профсоюзга ойлонуу менен жана берилип мүчө болуусу зарыл. Бул үчүн ал профсоюз ага эмне кылып берээрин жана өзү эмнелерди жасоо керектигин жакшы түшүнүүгө тийиш. Маалыматтык иштердин башкы принциптери болуп, менин көз карашымда, анын максаттарынан жана милдеттеринен келип чыккан профсоюздук ишмердүүлүктү пропагандалоодогу объективдүүлук, өтө ыкчам оперативдүүлүк, ачыктык ( маселени кеңири чагылдыруу үчүн), өжөрлүк саналат.

Тармактын профсоюзунда, белгилеп кете турган жагдай, азыркы учурда бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүүдө жакшы иштерди жасап жатабыз. 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен электрондук тармактарда профсоюздун Баткен обкому (төрагасы З.Бөтөков), Ош обкому (төрагасы С.Тойгонбаев), Жалал-Абад обкому (төрагасы К.Мурзакматов), Ноокен райкому (төрагасы А.Айдаров), Сузак райкому (төрагасы А.Исмаилов), Ак-Суу райкому (төрагасы Э.Садабаев), Жумгал райкому (төрайымы Б.Жамантаева), Балыкчы шааркому (төрагасы К.Жээнбаев), Талас райкому (төрайымы Ж.Умарова), ОшМУ профкому (төрагасы А.Аккулов) өздөрүнүн баракчаларын ачышып, маалымат алуунун жана алмашуунун жаңы түрлөрүн өздөштүрүп жатышат. Ал эми профсоюздун Борбордук Комитетинин расмий сайтында азыркы учурда «Профсоюздук активге жардам», «Профсоюз жардам берди», «Суроо-жооп», «Жер-жерлердеги иштер», «Иштерман жылына карата» деген рубриканын алдында материалдар орун алууда. Сайтта билим берүү тармагына тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын банкы түзүлгөн.

Компьютерлештирүүнүн жана интернеттештирүүнүн учурдагы деңгээлин баалоо менен, моюнга алышыбыз керек, биздин бардык эле райкомдорубуз жана шааркомдорубуз, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорубуз өздөрүнүн иштеринде компьютерлерди  сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн эмдигиче пайдаланыша элек, эгер ага ээ болушса интернет аркылуу бүт дүйнө менен байланышууга жол ачып алышмак, ушундан улам биздин Борбордук Комитеттин расмий сайты менен байланышты эптеп-септеп жүргүзүп жатышкандыгы өкүндүрөт. Мындай абал менен биз эч келише албайбыз. Жакынкы арада биздин жер-жерлердеги түзүмдөрүбүз глобалдуу тармакка кошулат деген ишенич билдирип кетким келет.

Мына ушундай маалыматтык ишибиздин жаңы инновациялык ыкмалары менен катар биздин Борбордук Комитет профсоюздук маалыматтарды кеңири жана максаттуу аудиторияга жеткирүүнүн салтка айланып калган ыкмаларын колдонууга да тиешелүү деңгээлде көңүл буруп келатат. Алсак, биздин тармактык профсоюздун «Позиция профсоюза» газетасынын аткарып жаткан ишин жогору баалоого болот. Азыркы учурда анын нускасы 3700гө жетип, республиканын ар бир мектебине, айыл округуна, райшаар билим берүү жана каржы бөлүмдөрүнө чейин жеткирилип жатат. Биздин түзүмдүк уюмдарыбыз газетага 100 пайыз жазылып жатышкандыгы кубандырат.

Эреже катары биздин газетада тармактык профсоюздун жана анын жер-жерлердеги түзүмдөрүнүн ишмердүүлүктөрү кеңири чагылдырылат, алдыңкы тажрыйбалар жайылтылат, социалдык өнөктөштөр билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдуу проблемаларын кандай чечип жатышкандыктары тууралуу маалыматтар берилет, профсоюзубуз ар жылы өткөрүп жаткан кароо-сынактардын жүрүшү жана жеңүүчүлөрү жөнүндө жазылат, мугалимдерибиз жана билим берүү кызматкерлери кызыккан суроолорго Борбордук Комитеттин жооптуу кызматкерлери жооп даярдашат, мына ушулардын баары биздин тармактык профсоюзубуздун кадыр-баркынын өсүшүнө татыктуу кызмат кылып жатат деп сыймык менен айта алабыз.

Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, биздин жер-жерлердеги түзүмдөрүбүз муниципалдык деңгээлдердеги басма сөз жана телерадио компаниялар менен тыгыз байланыш жасап жатышкандыгы кубандырат. Ош техникалык университети (төрагасы А.Арзыматов), Ош мамлекеттик университети (төрагасы А.Аккулов) өздөрүнүн жаштар телестудияларына ээ, бир катар жогорку окуу жайлары (Ж.Баласагын атындагы КУУ, Н.Исанов атындагы КМКТАУ) өз газеталарын басып чыгарышат, аларда профсоюздук турмуш тууралуу берүүлөр жана материалдар берилип келатат. Албетте, бүгүн биз мыкты профсоюздук маалыматтык мейкиндикти түзмөйүн, өзүбүздүн профсоюз уюмдарыбызда иштин сапатын жана кесиптик чеберчиликти эч качан жогорулата албайбыз, ансыз биздин эң башкы милдетибиз болгон тармактык профсоюздун мүчөлөрүнүн эмгектик, укуктук, социалдык кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу мүмкүн эмес, профсоюздук мүчөлүккө мотивациялоо жана социалдык өнөктөштүк өнүкпөйт.

Урматтуу кесиптештер, азыркы этапта, дүйнө көз ачып-жумганча тез өзгөрүп жатканда, биз иштердин кайсы түрлөрү болбосун алардан баш тартпашыбыз керек. Эң башкысы, алар натыйжа алып келсе гана болгону. Биз ар дайым маалымат жеткирүүнүн жана алуунун жаңы технологияларын өздөштүрүп гана кеңири маалыматтык камсыз кылууга жетише алабыз. Профсоюз, менин көз карашымча, биринчи кезекте өзүнүн иши тууралуу маалыматтардын өз убагында жана толук жеткирилишине кызыкдар болушу керек, бул үчүн биздин Борбордук Комитет, жер-жерлердеги түзүмдөрүбүз маалымат мейкиндигинде иш алып барууну билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун кыргыз коомчулугундагы ролун жогорулатуунун өбөлгөсү катары карообуз зарыл.

 

Урматтуу пленумдун катышуучулары!

 

Докладымдын аягында, биздин алдыда биринчи кезекте аткара турган көп иштер күтүп тургандыгын дагы бир жолу айта кетким келет. Аларды натыйжалуу чечүү үчүн, баарыдан мурда, профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча бизге тагылган тикелей милдетибизди так жана өз орду менен аткарышыбыз керек, ал үчүн өз катарыбызды уюштуруучулук жактан мындан ары катуу бекемдеп, иш аракетибизди күчтөнтүүгө жана бекем биригүүгө тийишпиз. Мына ушундай бекем жана өткүр уюм гана биздин мүчөлөрүбүздүн мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары боюнча иш берүүчүлөргө жана бийлик түзүмдөрүнө өзүнүн үнүн өз учурунда жана өз деңгээлинде угуза алат, аны менен алар эмгекчилердин ыйгарым укуктуу органы катары эсептешишет, профсоюз мүчөлөрүбүзгө ченемдик, укуктук жана жергиликтүү актылар менен берилген жеңилдиктерди жана кепилдиктерди жүзөгө ашыруу боюнча биздин профсоюз менен токтоосуз социалдык диалогго барууга мажбур болушат. Кыргызстандын профсоюздарын мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу бардык уюмдарыбызда жүрүп жаткан талкуулар азыркы учурдагы профсоюзга шайкеш келе турган биринчи кезектеги талаптарды сунуш кылууга мүмкүнчүлук берет. Менин пикиримче аларга төмөнкүлөрдү кошууга болот:

         - биздин профсоюз мүчөлөрүбүздун кызыкчылыктарынан улам мыйзам чыгаруучу  бийлик кабыл алуучу чечимдерге активдүү таасир этүү;

         - натыйжалуу конструктивдүү социалдык өнөктөштүктү камсыз кылуу;

         - акылга таянган профсоюздук мүчөлүккө басым жасоо;

         - жогорку кесипкөй жетекчи жана кызматкер кадрлар менен камсыз болуу;

         - мыйзам чегинде социалдык теңсиздик менен күрөшүү;

         - бекем материалдык базага ээ болуу.

Мына ушул жогорудагы критерийлерге, бүгүнкү күндүн чакырыгына  шайкеш келүү үчүн биз бүгүнкү пленумубузда билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун алдында турган биринчи кезектеги милдеттерди  белгилешибиз жана аларды практикалык  аткарууга зарыл чечимдерди кабыл алуубуз зарыл.       

 

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!