Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Пленум - Көп иштер алдыда турат

2013-жылдын 5-августунда  Нарын  областынын борбору Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  III - көчмө пленуму  болуп өттү.

Анын ишине БК пленумунун мүчөлөрүнөн тышкары облрайшааркомдордун, ЖОЖ профкомдорунун жетекчилери, БК аппаратынын кызматкерлери, БК текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.Т.Абдраимакунова, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы К.Т.Шадыканов, Нарын областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы А.А.Молдалиев, Нарын областынын  райшаарларынын мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын орун басарлары, тармактык профсоюздун активисттери  катышты.

Пленумду кириш сөз сүйлөө менен Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни аткарылды.

Жыйындын жумушчу органдары,  күн тартиби жана алып баруу тартиби бекитилди.

Пленумдун жыйынында төмөнкү маселелер каралды:

1. Уюштуруу маселелери:

1.1. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин мүчөлөрүн тутумдан чыгаруу  жөнүндө.

1.2. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө сунуш кылынгандардын ыйгарым укуктарын бекитүү жөнүндө.

1.3. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун тутумуна киргизилген мүчөлөрдүн ыйгарым укуктарын бекитүү жөнүндө.

2. Билим берүү   жана илим системаларынын кызматкерлеринин, студент жаштардын коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, эмгек укуктарын, социалдык-экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын  коргоо боюнча тармактык профсоюздун жана ага баш ийген уюмдардын биринчи кезектеги милдеттери жөнүндө.

3. Ар кыл маселелер.

3.1. Профсоюздун Борбордук Комитетинин 2013-жылдын 9-апрелиндеги президиумунун «Красная гвоздика» балдардын эс алуу борборунун жеринен 1.80 гектар көлөмдөгү жер участогун сатуу тууралуу» № 14∕8 чечимин бекитүү жөнүндө.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  төрагасы А.Т.Токтогулов сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Тармактык профсоюздун V съездинде  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине 57 адам  мүчөлүккө шайланган, бүгүнкү күндө ар кандай себептер менен 4 адам анын тутумунан чыгып жатат:

  1. Назарова Шырман Юсуповна- билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Суу райкомунун төрайымы өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу;
  2. Эпеев Молдобек Эпеевич  - билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо  райкомунун төрагасы өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу;
  3. Жандралиев Кыдырбай Сырымбекович - билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын райкомунун төрагасы өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу;
  4. Байсубанов Учкун Карыбекович – БГУнун бириккен профкомунун төрагасы башка кызматка которулгандыгына байланыштуу.

Пленум аларды билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнүн тутумунан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды.

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Уставына ылайык профсоюздун Борбордук Комитетинин тутуму түздөн-түз делегаттоо принциби аркылуу түзүлөт. Пленумдун кароосуна төмөнкү чечимдерди бекитүү сунуш кылынды:

  1. Профсоюздун Араван райондук комитети билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин тутумуна билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Араван райондук комитетинин төрагасы Базарбаев  Абдуллажан  Базарбаевичти делегаттоо чечимин кабыл алган.
  2. Профсоюздун Кара-Көл шаардык комитети билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин тутумуна билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Көл шаардык комитетинин төрайымы  Каракозуева Айгуль Карыпбаевнаны  делегаттоо чечимин кабыл алган.
  3. Профсоюздун Нарын райондук комитети билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин тутумуна билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын  райондук комитетинин төрагасы Курманкожоев Мукамбеталы Жунушалиевичти делегаттоо чечимин кабыл алган.
  4. Кыргыз мамлекеттик дене тарбыя жана спорт академиясынын  профсоюздук комитети билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин тутумуна окуу жайынын бириккен профсоюз комитетинин төрайымы    Арыкова Чынара Нурсеитовнаны делегаттоо чечимин кабыл алган.

Пленум бул жолдошторду Борбордук Комитеттин тутумуна кирүү боюнча ыйгарым укуктарын  бекитти.

Пленумдун катышуучулары  Борбордук Комитеттин тутумуна жаңыдан киргизилген жолдошторду куттуктап, иштерине албан ийгиликтерди, өздөрүнө бекем ден соолукту каалашты.

Борбордук Комитеттин 2013-жылдын 5-июлундагы президиуму Борбордук Комитеттин президиумунун тутумуна Борбордук Комитеттин аппарат жетекчиси Сагындыкова Адапкан Абсаматовнаны киргизүү  чечимин кабыл алган.                                                               

Пленум мына ушул чечимди бекитти: Сагындыкова Адапкан Абсаматовна Борбордук Комитеттин президиумунун тутумуна киргизилди. Мындан ары Борбордук Комитеттин тутуму 15 адамдан турат.

Пленумдун катышуучулары Адапкан Абсаматовнаны  Борбордук Комитеттин президиумунун тутумуна шайланышы менен куттуктап, ишине албан ийгиликтерди, өзүнө бекем ден соолукту каалашты.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  төрагасы А.Т.Токтогуловдун «Билим берүү   жана илим системаларынын кызматкерлеринин, студент жаштардын коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, эмгек укуктарын, социалдык-экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын  коргоо боюнча тармактык профсоюздун жана ага баш ийген уюмдардын биринчи кезектеги милдеттери жөнүндө» доклады  «Позиция профсоюза» газетасына жарыялангандыгына жана пленумдун катышуучуларына алдын-ала таратылып берилгендигине байланыштуу докладчы айрым  маселелерге токтолуп сөз сүйлөдү.

Докладды талкуулоого жарыш сөзгө төмөнкүлөр катышышты: профсоюздун Талас областынын Кара-Буура  райкомунун төрайымы Абдыжапарова Рыстай Максүтовна, профсоюздун Ош областынын Чоң-Алай райкомунун төрагасы Абдылдаев Касымбек Абдылдаевич, ЖАМУнун профкомунун төрагасы Болотбаев Керим Болотбаевич, профсоюздун Баткен обкомунун төрагасы Бөтөков Завиридин Насирович, профсоюздун Нарын областынын Жумгал  райкомунун төрайымы Жамантаева Бегимкан Абировна, профсоюздун Ысык-Көл областынын Түп райкомунун төрагасы Сыдыков Муратбек Акунович.

Пленумда Нарын областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы А.А.Молдалиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы К.Т.Шадыканов, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.Т.Абдраимакунова сөз сүйлөштү.

Пленум күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча профсоюздун Борбордук Комитетинин 2013-жылдын 9-апрелиндеги президиумунун «Красная гвоздика» балдардын эс алуу борборунун жеринен 1.80 гектар көлөмдөгү жер участогун сатуу тууралуу» № 14∕8 чечимин бекитти.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  төрагасы А.Т.Токтогулов жыйынтык сөз сүйлөдү.

Борбордук Комитеттин  пленуму күн тартибинде каралган маселелер боюнча тиешелүү токтомдорду кабыл алды.

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин III- пленуму жабык деп жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңырды.