Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

«Мугалимдин статусу жөнүндө» КР мыйзамынын долбоору

Урматтуу кесиптештер!

«Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2021-жылдын 7-сентябрынан тартып коомдук талкууга коюлат. Областтык, райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттери аталган мыйзамдын 7-беренесине киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча өзүңөрдүн сунушуңарды Борбордук комитеттин электрондук дарегине жибериңиздер.

Долбоор

«Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене

«Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., N11, 638-ст.)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

7-берене төмөнкүдөй он жетинчи жана он сегизинчи бөлүктөр менен толукталсын:

Жалпы билим берүү уюмдарында республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуну даярдаган мугалимге үч айлык оклад сыйлык катары берилет.

Жалпы билим берүү уюмдарында он жылдан кем эмес иштеген мугалимге бир жолу төлөнүүчү 10 000 эсептик көрсөткүч сый акы берилет.

Сый акы берүүнүн тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.

2-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

              Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

 «Кыргыз Республикасынын «Мугалимдердин статусу жөнүндө»

мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

1. Долбоордун максаты жана милдеттери

Ушул Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин ишмердүүлүктөрүнө шыктандыруу жана социалдык-финансылык жактан колдоо болуп саналат.

2. Баяндоочу бөлүк

Билим берүү сапатын жакшыртуу компетенттүү, билимдүү мугалимдерден көз каранды. Ошондой эле билим берүүдөгү ийгиликтин негизги фактору – мугалимдин сапатында жатат. Мамлекет структураны, баалоо системасын, кайталанма талаптарды, сынактарды деги эле системаны канчалык өзгөртпөсүн, билим берүүнүн сапаты мыкты мугалимдер болмоюнча оңолбойт. Өлкөдө 2262 мектепте 1222661 окуучу билим алып, 83633 мугалим эмгектенет. Бүгүнкү күндө мугалимдерге окуучуларга билим, тарбия берүү жоопкерчиликтери жүктөлгөн жана ушул жараянды ишке ашырууну камсыздашат.

Сунушталып жаткан долбоор аркылуу “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленип жатат. 7-берене төмөнкүдөй 17-бөлүк менен толуктоо сунушталат:

Жалпы билим берүү уюмдарында республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуну даярдаган мугалимге үч айлык оклад сыйлык катары берилет.

Мугалимдин ар бир окуучу менен иштөөдө өзүндө окутууга болгон ишеними бийик болуп, окуучуларга да ишеним дем күч бере алышы керек.  Окуучунун өзүн таанып билүүсүнө, адам катары өсүшүнө, эркин, сынчыл ой жүгүртүүсүнө жана эң жакшы тараптарын, таланттарын ачып берүү мугалимге байланыштуу. Алардын түйшүктүү ишмердүүлүктөрү билимдүү коомдун, улуттун келечегинин пайдубалынын негизи.

Мугалимдердин ишмердүүлүгүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга шыктандыруу максатында предметтик олимпиадаларда ийгиликтерге жетишкен окуучулардын мугалимдерине акчалай колдоо демилгеленет. Англияда жайгашкан Varkey фонду 2013-жылдан бери мугалимдердин глобалдык статусуна изилдөө жүргүзүп келет. Аталган фонддун изилдөөсүнө ылайык мугалимдин статусунун жогорулашы түздөн-түз окуучунун билим алуусуна таасир этерин белгилешкен. Ушул эле изилдөөдө мугалимдердин ишмердигин жакшыртуучу же мотивациясын арттыруунун жолдору катары татыктуу айлык, мугалимдердин мыкты иштерин сыйлоо сыяктуу сунуштар көрсөтүлгөн. Ошондуктан алардын педагогикалык ишмердүүлүктөрүн баалоо жана акчалай жактан колдой алсак билим сапатын жакшыртууга болот. Окуучуларды райондук, облустук же дүйнөлүк деңгээлде предметтик олимпиадаларга даярдоого өзгөчө көңүл бурулат. Акыл эмгекти талап кылган мээнетти жана убакытты алат. Билим берүү тармагындагы сынактар окуучулардын окууга кызыгууларын, жактырган кесиптерин берилүү менен терең изилдеп үйрөнүшөт. Мугалимдердин да өздөрүнүн үстүнөн иштөөлөрүнө туура келет. Ал эми алардын жаңы чакырыктарга ачык болууларына, изилдөөлөрүнө мамлекет тарабынан колдоо жана түрткү берүү зарыл.

“Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесине төмөнкүдөй 18-бөлүк менен толуктоо сунушталат:

Жалпы билим берүү уюмдарында он жылдан кем эмес иштеген мугалимге бир жолу төлөнүүчү 10 000 эсептик көрсөткүч сый акы берилет.

Мугалимдер үчүн мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралган эмес. Алсак, бардык жарандар төлөөчү киреше салыгы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен алынып салынган сыяктуу мугалимдерге жеңилдиктер жок. Буга кошумча мугалимдердин сациалдык-тиричилигин түзүү жана финансылык-материалдык колдоо көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик программалар жок. Өлкөдөгү кылмыштуулуктардын жана терс көрүнүштөрдөн алдын алууда мугалимдердин эмгеги чоң. Оору менен күрөшүүгө караганда, анын белгилери менен күрөшүү оңой жана алда канча жеңил болот. Ошол сыяктуу мугалимдер окуткан окуучулар мектептен терең билим, татыктуу тарбия алып чыгышса терс көрүнүштөр жоюлат. Жалпы билим берүү уюмдарында окуу сапатын жакшыртууга болот. Ошондуктан бул кесиптин аброюн көтөрүп, кадырлоо учурдун талабы жана жалпы билим берүү мектебинде сапатты жакшыртууну ишке ашыруу зарыл.

Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлыгы социалдык төлөмдөрдү, киреше салыктарын кошпогондо 13843 сомду түзөт. Өлкөдөгү орточо  айлыкты 16224  сомду эске алганда мугалимдин айлыгы орточо айлыктан да төмөн. Бул каражат менен мугалимдер өз турак жайларын алууга мүмкүн эмес жана көптөгөн билимдүү жаш мугалимдер кесибин алмаштырууга мажбур болуп келет. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу менен мугалимдердин турак-жайга болгон муктаждыктарын чечүүгө жардам берет.

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Ошол эле учурда, мыйзам долбоорун кабыл алуу республиканын жалпы билим берүү мектептеринин ишинин натыйжалуулугун жана көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошого жараша Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына жана окуучулардын билим сапатына оң таасирин тийгизет.   

Мындан тышкары, окуучуларды предметтик олимпиадаларга даярдоодо мугалимдерде шыктануу пайда болот.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

“Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына коомдук талкуу процедурасын өткөрүү үчүн жайгаштырылды.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү

Мыйзамдарды анализдөөнүн жыйынтыгында берилген долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен финансылык сарптоолорго алып келет. Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинети кошумча каржылоо булактарын табууга тийиш.

7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат

Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес, себеби ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.


Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары