Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаары, 2013-жылдын 30-майы N 302

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2013-жылдын 30-майы N 302

Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине ылайык, жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун стандарттарынын негизинде билим берүү секторунда мамлекеттик чыгымдарды башкаруу тутумун андан ары өркүндөтүү жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарын кошпогондо, айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия процесстерин камсыздоого чыгымдарды каржылоо 2013-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтериялары аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которулсун.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын типтүү штаттары;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби;

- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарын аныктоо методикасы;

- 2013-жылдын шарттарында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласы (коммуналдык чыгымдарсыз),

- Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын тизмеги.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы N 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санында:

"Башкы адис - эсеп бухгалтери" позициясы күчүн жоготту деп табылсын;

төмөнкү позицияларда:

"Жыйынтыгы" позициясындагы "16", "19", "21" цифралары тиешелүү түрдө "15", "18", "20" цифраларына алмаштырылсын;

"Бардыгы" позициясындагы "18", "22", "25" цифралары тиешелүү түрдө "17", "21", "24" цифраларына алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы N 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 10-пунктундагы "352" жана "67" цифралары тиешелүү түрдө "362" жана "77" цифраларына алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы N 563 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын каржылоонун жан башына принцибине которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталышында жана бүткүл текст боюнча "жан башына" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "ченемдик" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 1-пунктунда:

1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;

1-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтары 2013-жылдын 1-августунан тартып күчүн жоготту деп табылсын;

- 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүү кызматтары жөнүндө жободо:

бүткүл текст боюнча "жан башына" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "ченемдик" деген сөзгө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоонун жан башына принцибине которуу графигинде:

аталышында "жан башына" деген сөздөр "ченемдик" деген сөзгө алмаштырылсын;

3 жана 4-пункттарындагы "2012" цифралары "2013" цифраларына алмаштырылсын.

6. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- билим берүү чыгымдарын каржылоону республикалык бюджетке которууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык менчикте турган имараттарды кармоо боюнча билим берүү уюмдарынын чыгымдарын каржылоо функциялары сакталаары;

- ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун тартиби 2013-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирээри;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы N 202 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында окуу жүктөмүн этабы менен кыскартуу жөнүндө" токтомуна ылайык окуу пландарын оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулуучу каражаттар алынып коюлбастыгы жана иштин натыйжалуулугу жана сапаты, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарына келбеген балдарды мектепке даярдоону уюштуруу үчүн мектеп кызматкерлерине материалдык дем берүүгө жумшалаары;

- жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун стандарттарынын шкаласын кийинки жылдарга кабыл алууга чейин ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун стандарттарынын шкаласы колдонулаары;

- ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеги Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдик принцибине которууга жараша толукталаары;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына жана райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларына киргизилген кызмат орундарын кармоого финансылык чыгымдар "Билим берүү" бөлүмү боюнча каралган каражаттардын, ошондой эле ушул токтомдун 3-пунктуна ылайык республикалык бюджеттин трансферттеринин эсебинен кармалган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кыскартуунун натыйжасында бошотулуучу кызмат орундарынын чегинде ишке ашырылаары.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун киргизсин.

8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

а) 2013-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;

- ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилүүчү Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын типтүү штаттарына ылайык райондук (шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын штаттык саны бекитилсин:

б) 2013-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларын комплектесин;

в) 2013-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө билим берүү уюмдарын каржылоо маселелерине райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) кызматкерлерин окутсун;

г) ушул токтомдон келип чыккан уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

9. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүү айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын аткаруу органдарына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунушталсын.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 4-июнунда N 46 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы N 302 токтому менен
бекитилген

Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын
ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ

 

Кызмат орундарынын аталышы

Штаттык кызмат орундарынын санынын ченемдери

1

Башкы бухгалтер

Ар бир борбордоштурулган бухгалтерияга 1 кызмат орду

2

Экономист

Уюмдарды тейлөөчү 2000 кызматкерге 1 кызмат орду эсебинде киргизилет, бирок борбордоштурулган бухгалтерияга 1 кызмат ордунан кем эмес

3

Бухгалтер

Уюмдарды тейлөөчү 200 кызматкерге 1 кызмат орду эсебинде киргизилет

4

Мектептерди каржылоо боюнча өз алдынча эсеп жүргүзгөн бухгалтер

Ар бир 10 мектепке өз алдынча эсеп жүргүзүүчү 1 кызмат орду эсебинде киргизилет

5

Кассалык операциялар боюнча адис

Ар бир борбордоштурулган бухгалтерияга 1 кызмат орду

Эскертүү:

1. Борбордоштурулган бухгалтериялардын кызматкерлеринин чектик штаттык саны ушул штаттык ченемдерге жараша эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет.

Эгерде тейленүүчү уюмдарда кызматкерлердин саны белгиленген ченемдерден көп же аз болсо, анда борборлоштурулган бухгалтериялардын штаттык кызмат орундарынын саны пропорционалдуу түрдө көбөйтүлөт же азайтылат. Мында, борборлоштурулган бухгалтериянын штаттык санын эсептөө бүтүн сандын 0,25ке(1) эселүү болгон жүздүк үлүштөгү маанисине чейин тегеректөө эрежеси менен жүргүзүлөт.

1-мисал. Райондун билим берүү уюмдарында 1759 адам иштейт. Бул учурда бухгалтерлердин штаттык кызмат ордунун санын эсептөө төмөнкү түрдө жүргүзүлөт:

 

1759

------- = 8,795 ≈ 8,75 кызмат орду.

200

 

2-мисал. Шаардын билим берүү уюмдарында 868 адам иштейт. Бухгалтерия кызматкерлеринин саны:

 

868

----- = 4,340 ≈ 4,25 кызмат орду.

200

 

2. Борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлеринин штаттык саны 25 кызмат ордунан ашпашы керек.

3. Тейлөөчү уюмдардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен борбордоштурулган бухгалтериялардын кызматкерлеринин жалпы санынын чегинде кызмат орундарынын аталышы өзгөрүшү мүмкүн.

(1) 3 бирдик, 3,25 бирдик, 3,75 бирдик ж.б.у.с.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы N 302 токтому менен
бекитилген

2013-жылдын шарттарында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласы (коммуналдык чыгымдарсыз)

(сом)

N

Жалпы билим берүүчү уюмдардын тиби (класстары)

Чыгымдардын түрү

Шаарларда жайгашкан жалпы билим берүүчү уюмдар

Айыл жеринде жайгашкан жалпы билим берүүчү уюмдар

I баскыч

II баскыч

III баскыч

I баскыч

II баскыч

III баскыч

1

Башталгыч, негизги жана жалпы билим берүүчү мектептер (жалпы билим берүү класстары)

Эмгек акыга чыгымдар

6486

9398

9751

7835

11301

11441

Социалдык фондго төгүмдөр

1119

1621

1682

1352

1949

1974

Тамак-ашка чыгымдар

1260

 

 

1260

 

 

Окуу чыгымдары

159

176

210

173

192

220

Квалификациясын жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин сатып алууга чыгымдар

177

291

476

177

291

476

Учурдагы ремонтко чыгымдар

297

297

297

297

297

297

1 окуучуга Бюджеттик каржылоо стандарты

9591

11876

12509

11187

14123

14501

2

Мектеп-интернаттар (интернат класстары)

Эмгек акыга чыгымдар

10011

14506

15050

12093

17443

17660

Социалдык фондго төгүмдөр

1727

2502

2596

2086

3009

3046

Тамак-ашка чыгымдар

7140

7350

7350

7140

7350

7350

Окуу чыгымдары

159

176

210

173

192

220

Квалификациясын жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин сатып алууга чыгымдар

177

291

476

177

291

476

Учурдагы ремонтко чыгымдар

297

297

297

297

297

297

1 окуучуга Бюджеттик каржылоо стандарты

19604

25215

26072

22059

28675

29142

3

Мектеп-гимназиялар (гимназиялык класстар)

Эмгек акыга чыгымдар

6486

13259

14982

7835

15467

17075

Социалдык фондго төгүмдөр

1119

2287

2584

1352

2668

2945

Тамак-ашка чыгымдар

1260

 

 

1260

 

 

Окуу чыгымдары

159

176

210

173

192

220

Квалификациясын жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин сатып алууга чыгымдар

177

291

476

177

291

476

Учурдагы ремонтко чыгымдар

297

297

297

297

297

297

1 окуучуга Бюджеттик каржылоо стандарты

9591

16403

18642

11187

19008

21106

4

Мектеп-лицейлер (лицей класстары)

Эмгек акыга чыгымдар

6486

11875

15634

7835

13844

17818

Социалдык фондго төгүмдөр

1119

2048

2697

1352

2388

3074

Тамак-ашка чыгымдар

1260

 

 

1260

 

 

Окуу чыгымдары

159

176

210

173

192

220

Квалификациясын жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин сатып алууга чыгымдар

177

291

476

177

291

476

Учурдагы ремонтко чыгымдар

297

297

297

297

297

297

1 окуучуга Бюджеттик каржылоо стандарты

9591

14780

19407

11187

17105

21978

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы N 302 токтому менен
бекитилген

Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын
ТИЗМЕГИ

Райондордун аталышы

Айыл аймагынын аталышы

Мектептердин аталышы

1

2

3

Кемин

Ак-Түз

Ак-Түз айылындагы орто мектеп

Кемин

Кара-Булак

Кара-Булак айылындагы орто мектеп

Кемин

Чоң-Кемин

Тар-Суу айылындагы орто мектеп

Кемин

Алмалуу

Алмалуу айылындагы орто мектеп

Кемин

Кемин

Нур айылындагы орто мектеп

Кемин

Орловка

Подгорный айылындагы орто мектеп

Кемин

Чоң-Кемин

Калмак-Ашуу айылындагы негизги мектеп

Жайыл

Кара-Суу

Кара-Суу айылындагы орто мектеп

Жайыл

Полтавка

Малтабар айылындагы орто мектеп

Жайыл

Сары-Коо

Ийри-Суу айылындагы негизги мектеп

Жайыл

Сары-Коо

Жон-Арык айылындагы орто мектеп

Жайыл

Талды-Булак

Бекитай айылындагы орто мектеп

Панфилов

Курама

Молдокулов атындагы орто мектеп

Панфилов

Курама

А.Раимкулов атындагы орто мектеп

Панфилов

Күрпүлдөк

Ж.Болотбеков атындагы орто мектеп

Ысык-Ата

Юрьевка

Ысык-Ата курортундагы орто мектеп

Ысык-Ата

Ысык-Ата

О.Жакишев атындагы орто мектеп

Чүй

Кегети

А.Токоев атындагы орто мектеп

Чүй

Он-Бир-Жылга

Б.Маленов атындагы башталгыч мектеп

Чүй

Шамшы

Чоң-Жар айылындагы негизги мектеп

Чүй

Ибраимов

Ж.Саадаев атындагы орто мектеп

Чүй

Ибраимов

Султан айылындагы негизги мектеп

Москва

Ак-Суу

Усубалиев атындагы орто мектеп

Москва

Ак-Суу

Ленин атындагы орто мектеп

Москва

Ак-Суу

Артыкбаев атындагы орто мектеп

Москва

Сретенск

Т.Арыков атындагы орто мектеп

Москва

Петровка

"Кызыл-Туу" башталгыч мектеби

Москва

Чапаев

"Кызыл дыйкан" негизги мектеби

Москва

Предтеченка

Ш.Баялиев атындагы орто мектеп

Ак-Суу

Эңилчек

Эңилчек айылындагы негизги мектеп

Жети-Өгүз

Ак-Шыйрак

Негизги мектеп-интернат

Тоң

Улахол

Сагынтай атындагы орто мектеп

Түп

Сан-Таш

Каркыра айылындагы негизги мектеп

Кадамжай

Котормо

Карашоро айылындагы башталгыч мектеп

Баткен

Кыштут

А.Топчуев атындагы орто мектеп

Баткен

Ак-Татыр

Ж.Момунов атындагы орто мектеп

Баткен

Кара-Бак

Э.Эркебаев атындагы орто мектеп

Баткен

Кара-Бак

Таян орто мектеби

Баткен

Кара-Бак

А.Топчубаев атындагы орто мектеп

Баткен

Ак-Татыр

К.Абдраимов атындагы орто мектеп

Лейлек

Ак-Суу

А.Шаматов атындагы орто мектеп

Лейлек

Катран

Астидобут атындагы башталгыч мектеп

Лейлек

Маргун

Г.Үсөнов атындагы башталгыч мектеп

Лейлек

Сумбула

Дейноо айылындагы негизги мектеп

Сүлүктү шаары

 

Кайымкулов атындагы N 6 орто мектеп

Сүлүктү шаары

 

Бектемиров атындагы N 8 орто мектеп