Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы N 408 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1999-жылдын 26-июлундагы N 408

токтому менен бекитилген

 

Эмгек акыга кирүүчү кошумча төлөмдөрдүн

ТИЗМЕСИ

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 1-сентябрындагы N 504 токтомунун

редакциясына ылайык)

 

I. Негизги эмгек акы:

- кызмат маянасы;

- тарифтик ставка.

II. Эмгекке акы төлөө:

- дем алыш жана майрам күндөрүндөгү;

- түнкү жана мөөнөтүнөн ашыкча мезгилге.

III. Үстөктөр:

1. Жогорку квалификациясы жана кесиптик чеберчилиги үчүн үстөктөр:

- жогорку квалификациясы үчүн;

- кесиптик жогорку чеберчилиги үчүн;

- окумуштуулук даражасы үчүн;

- наамы, чини, классы, рангасы үчүн;

- өзгөчө маанилүү жана жооптуу ишти аткаргандыгы үчүн;

- чыгармачыл жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн.

2. иштеген жылдары үчүн (ай сайын).

3. Бийик тоолуу жана алыскы жерлерде иштегендик үчүн кошумчалар:

- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген калкка эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө кошумчалардын коэффициенттери;

- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайынкы кошумчалар.

4. Өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн үстөк:

- зыяндуу же кооптуу шарттарда жана оор иштерде иштегендиги үчүн;

- кыдырып иштегендиги үчүн;

- көчмө мүнөздөгү иштер үчүн;

- вахталык ыкма менен иштегендиги үчүн.

IV. Кошумча төлөмдөр:

- кесиптерди, кызматтарды айкалыштыруу, тейлөө зоналарынын кеңейиши жана аткарылуучу иштердин көлөмүнүн көбөйүшү үчүн;

- жок кызматкердин милдетин аткаргандыгы үчүн;

- нормага салынбаган жумушчу күн үчүн;

- көп нөөмөттүү режимдеги иш үчүн;

- жумуш нөөмөтүн бөлүктөргө бөлүштүрүү менен иштелген убак үчүн;

- кызматкерди төмөнүрөөк акы төлөнүүчү ишке которгондо эмгек акынын орточо өлчөмүнө чейин;

- бригадага жетекчилик кылуу үчүн;

- кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, окуучулардын жана студенттердин өндүрүштүк практикасына жетекчилик кылуу үчүн.

V. Сыйлыктар:

- белгиленген тапшырмаларды, иш-чараларды жана кызмат милдеттерин өз учурунда жана сапаттуу аткаргандыгы үчүн;

- өзгөчө маанилүү жана татаал атайын тапшырмаларды ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн;

- иштин негизги, түпкү натыйжасы үчүн;

- көп жылдык жана кынтыксыз иши үчүн;

- отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча ишкананын, уюмдун, мекеменин ишинин жалпы натыйжасы үчүн;

- мамлекеттик;

- автордук сыйлык.

VI. Талааларда иштегендиги үчүн маяна.