Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Кесиптик бирликтер жөнүндө КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 1998-жылдын 16-октябры N 130

Кесиптик бирликтер жөнүндө

(КР 2004-жылдын 4-августундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

I бөлүм
 Жалпы жоболор

1-статья. Кыргыз Республикасындагы кесиптик бирликтер

Кыргыз Республикасында кесиптик бирликтер - өз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, өндүрүштүк да, ошондой эле өндүрүштүк эмес да чөйрөлөрдөгү ишинин түрү боюнча кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизиндеги жарандардын ыктыярдуу коомдук бирикмелери.

2-статья. Кесиптик бирликтерге биригүү укугу

Он төрт жаш курагына толгон жана эмгектик ишин жүзөгө ашырган же окуу жайында окуган ар бир жаран, ошого тете пенсионерлер өздөрүнүн тандоосу боюнча ыктыярдуу кесиптик бирликтерди түзүүгө, ошондой эле алардын уставдарын сактаган шартта кесиптик бирликтерге кирүүгө укуктуу.

Кесиптик бирликтер менчигинин түрүнө карабастан, үч жана андан ашык киши иштеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда түзүлөт. Кесиптик бирликтердин чогулуштарында (конференцияларда) шайлануучу комитеттер же кесиптик бирликтердин уюштуруучулары алардын өкүлчүлүк органдары болуп саналат.

3-статья. Кесиптик бирликтерди, аладын бирикмелерин, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын юридикалык жак катары каттоо

Кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин юридикалык жак катары укукка жөндөмдүүлүгү аларды мамлекеттик катоодон кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган тартипте пайда болот.

(КР 2004-жылдын 4-августундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Кесиптик бирликтердин көз карандысыздыгы

Кесиптик бирликтер өз ишинде көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш иет. Алар мамлекттик бийлик органдарына, жумуш берүүчүлөргө, саясий партияларга жана башка коомдук уюмдарга отчет бербейт жана алар тарабынан контролдонбойт. Эгерде мыйзам тарабынан башкача каралбаса, кесиптик бирликтердин укуктарын чектей же алардын уставдык ишин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кыла турган ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат.

5-статья. Жарандарды кесиптик бирликтерге таандыктыгы боюнча басмырлоого тыюу салуу

Кесиптик бирликтерге таандык болуу же болбоо жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдик берилген эмгектик, социалдык-экономикалык, саясий, өздүк укуктары менен эркиндиктерин ар кандай чектөөлөргө алып келбейт. Кызматкерди ишке кабыл алууну, иш боюнча көтөрүлүүнү, ошондой эле иштен бошотууну анын кесиптик бирликтерге таандыктыгы же таандык эместиги, ага киргендиги же чыккандыгы менен шарттоого тыюу салынат.

6-статья. Кесиптик бирликтерди, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын кайра уюштуруу, ишин токтотуу, токтото туруу, ага тыюу салуу жана жоюу

Кесиптик бирликтерди же баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын кайра уюштуруу же ишин токтотуу анын мүчөлөрүнүн чечими боюнча кесиптик бирликтердин уставы, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары жөнүндө жобо тарабынан аныкталган тартипте, ал эми кесиптик бирликтерди же баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын юридикалык жак катары жоюу юридикалык жактарды каттоо жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

Кесиптик бирликтердин республикалык бирикмелеринин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурларда, ал алты айга чейинки мөөнөткө токтото турулат же ага Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими тарабынан тыюу салынат.

Аймактык кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин же баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурларда ал алты айга чейинки мөөнөткө токтото турулушу же ага тиешелүү областтын, шаардын же райондун прокурорунун сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү соттун чечими тарабынан тыюу салынышы мүмкүн.

7-статья. Кесиптик бирликтер, алардын укуктары жана ишинин кепилдиктери жөнүндө мыйзамдар

Кесиптик бирликтер, алардын укуктары жана ишинин кепилдиктери жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынан, башка мыйзамдарынан жана аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укук актыларынан турат.

Ушул Мыйзамды Куралдуу Күчтөрдө, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарында, ички аскерлерде колдонуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.

8-статья. Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ыйгарым укуктары

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, кесиптик бирликтердин уставдары, кесиптик бирликтер менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишимдер, макулдашуулар тарабынан аныкталат.

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдары, алардын өкүлчүлүк органдары кесиптик бирликтердин республикалык, бирликтер аралык, аймактык же тармактык бирикмелеринин уставы боюнча иштейт.

II бөлүм
 Кесиптик бирликтердин негизги укуктары

9-статья. Кызматкерлердин эмгектик укуктарын коргоо боюнча кесиптик бирликтердин укуктары

Кесиптик бирликтер өз мүчөлөрүнүн эмгекке болгон укуктарын коргойт, иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат, жарандардын иш менен камсыз болушуна жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырат; ишканалардан иштен бошотулган адамдарды жамааттык келишим, макулдашуу тарабынан мыйзамдардын негизинде аныкталуучу социалдык жактан коргоо чараларын сунуш кылат.

Ишкананын жана анын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн менчигинин түрүн өзгөртүү, аны жоюу, кайра уюштуруу, жумуш берүүчүнүн, менчик ээсинин же ал тарабынан ыйгарым укук берилген башкаруу органынын демилгеси боюнча жумушчу орундарынын кыскарышына же эмгек шарттарынын төмөндөшүнө алып келе турган өндүрүштүн толук же жарым-жартылай токтошу тиешелүү кесиптик бирликтерге үч айдан кечиктирилбестен алдын ала кабарланган жана алар менен кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн шартта гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

10-статья. Кесиптик бирликтер органынын талабы боюнча эмгек келишимин бузуу

Эгерде ал эмгек жөнүндө мыйзамдарды бузса же жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаса, жумуш берүүчү кесиптик бирлик органынын талабы боюнча мамлекеттик ишкананын кызмат адамы менен эмгек келишимин бузууга же аны ээлеген кызматынан түшүрүүгө милдеттүү.

Эгерде менчигинин түрү мамлекеттик эмес ишкананын жумуш берүүчүсү же кызмат адамы тарабынан эмгек жөнүндө мыйзамды бузууга, кызматкердин эмгектик укуктарын кысмакка алууга жол берилсе, анда кесиптик бирлик органынын талабы боюнча ал ээлеген кызматынан 6 айга чейинки мөөнөткө четтетилиши мүмкүн.

Кесиптик бирлик органынын эмгек келишимин бузуу жана ээлеген кызматтан четтетүү жөнүндө талабы кызмат адамы же жумуш берүүчү тарабынан он күндүк мөөнөттө жогору турган кесиптик бирлик органына даттанылышы мүмкүн, анын чечими биротоло болуп саналат.

11-статья. Кесиптик бирликтердин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүү укугу

Кесиптик бирликтер мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелери, жумуш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү) менен эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелерде социалдык өнөк катары чыгышат.

Кесиптик бирликтер жана алардын органдары жумуш берүүчүнүн администрациясы, менчиктин ээси же ал тарабынан ыйгарым укуктар берилген башкаруу органы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, кызматкердин атынан республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүүгө, алардын аткарылышын контролдоого укуктуу.

Кесиптик бирликтер:

Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин ортосундагы башкы макулдашууларды;

республикалык тармактык кесиптик бирликтердин жана министрликтердин, ведомстволордун ортосундагы макулдашууларды;

кесиптик бирликтердин аймактык бирикмелеринин, жумуш берүүчүлөрдүн жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын ортосундагы макулдашууларды;

жумуш берүүчүлөр менен жамааттык келишимдерди түзүү жолу менен өз мүчөлөрүнүн эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт.

Макулдашуулар жана жамааттык келишимдер менчигинин түрүнө карабастан, тиешелүү аймактагы же тармактык ишканалар, уюмдар жана мекемелер үчүн, ошондой эле трансулуттук корпорациялардын финансылык-өнөр жайлык топтору, чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар үчүн милдеттүү юридикалык күчкө ээ болот.

Кесиптик бирликтер ишканалардын кызматкерлеринин өкүлчүлүк органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, өздөрүнүн үгүттүк материалдарын таркатууга укуктуу.

(КР 2004-жылдын 4-августундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Кесиптик бирликтердин жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча укуктары

Кесиптик бирликтердин жарандардын эмгек акысынын шарттары жана аны төлөө, эмгекти коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздук, турак жай шарттары, социалдык камсыздандыруу, эмгекчилердин ден соолугун жана маданий кызыкчылыктарын коргоо, пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы укуктарын коргоо боюнча укуктары Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.

Кесиптик бирликтердин республикалык аймактык бирикмелери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары өз компетенциясынын чегинде эмгекчилерди социалдык жана экономикалык жактан коргоо чараларын иштеп чыгууга, калктын жашоо денгээлинин негизги чен-өлчөмдөрүн, компенсациялардын өлчөмдөрүн баалардын индексинин өзгөрүшүнө жараша аныктоого катышат, мыйзам тарабынан белгиленген жашоо минимумун жана пенсиялардын, стипендиялардын, пособиелердин өлчөмдөрүнүн сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат, жарандардын социалдык укуктарын бузгандарга карата сотко доо арызы менен кайрылууга укуктуу.

13-статья. Кесиптик бирликтердин социалдык камсыздандыруу, социалдык жактан камсыз кылуу жана ден соолукту коргоо жаатындагы укуктары

Кесиптик бирликтер эмгекчилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздандырууга арналган каражаттарды башкарууга тең укуктуулуктун принцибинде катышат жана Кыргыз Республикасынын социалдык жактан камсыз кылуу, социалдык камсыздандыруу жана саламаттык сактоо органдарынын ишин коомдук контролдоону жүзөгө ашырат.

14-статья. Кесиптик бирликтердин эмгек жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоо боюнча укуктары

Кесиптик бирликтер Кыргыз Республикасынын эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарын жумуш берүүчүнүн сакташына, жамааттык келишимдердин, макулдашуулардын аткарылышын контролдоого жана табылган укук бузууларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу. Жумуш берүүчү кесиптик бирликтердин мыйзамдарды бузууну четтетүү жөнүндө көрсөтмөлөрүн кароого же мыйзамсыз чечимди жокко чыгаруу менен аны карап чыгуунун натыйжалары жөнүндө кесиптик бирлик органына бир айлык мөөнөт билдирүүгө милдеттүү.

Эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдүк кылуу жана аларды контролдоо үчүн кесиптик бирликтер мамлекеттик эмгек инспекциясы менен бирдей укуктарга ээ болуучу жана Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан бекитилүүчү эмгектин укуктук жана техникалык инспекцияларын түзөт.

15-статья. Кесиптик бирликтердин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөгү жана акциялаштыруудагы укуктары

Кесиптик бирликтер, алардын органдары социалдык багыттагы объекттерди кошо алганда, мамлекеттик бийлик түзүмдөрүндө жана алардын өкүлчүлүк органдарында түзүлүүчү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча комиссияларда өз өкүлдөрүнүн болушуна укуктуу.

Кесиптик бирликтер чарбалык шериктиктердин жана коомдордун башкармаларынан аларга катышкандардын - эмгек жамааттарынын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарынын жана социалдык кепилдиктеринин сакталышын талап кылууга, алардын укуктарын бузган жумуш берүүчүлөргө карата сотко доо арызы менен кайрылууга укуктуу.

16-статья. Кесиптик бирликтердин эмгектик талаштарды чечүүдөгү жана кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу укуктары

Кесиптик бирликтердин өкүлдөрү эмгектик талаштарды кароо боюнча органга теңтайлаш башталышта кирет жана аларды эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык чечүүгө катышат.

Өз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык, эмгектик, турак жайлык жана башка укуктарын коргоо үчүн кесиптик бирликтер юридикалык кызматтарды түзөт жана консультацияларды уюштурат.

17-статья. Кесиптик бирликтердин социалдык жана эмгектик маселелер боюнча мамлекеттик жана өндүрүштүк иштерди башкарууга катышуу укугу

Кесиптик бирликтер мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатын иштеп чыгууга, социалдык жана эмгектик маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын иштеп чыгууга үч тараптуу өнөктүктүк тутумунда тең укуктуу социалдык өнөк катары катышат.

Кесиптик бирликтер эмгектик жана социалдык-экономикалык маселелер боюнча мыйзам жана башка ченемдик актыларды кабыл алуу, өзгөртүү же алып салуу жөнүндө сунуштарды мамлекеттик бийлик органдарына киргизүүгө укуктуу.

Кесиптик бирликтер башка өкүлчүлүк органдарына өз өкүлдөрүн шайлнуу үчүн талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу.

Кесиптик бирликтер ишканалардын башкармаларынын коллегиалдуу органдарында өз өкүлдөрүнүн болушуна укуктуу.

Кесиптик бирликтер миграция, калкты иш менен камсыз кылуу, эмгек, баа түзүү жана социалдык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүүгө катышууга укуктуу.

18-статья. Кесиптик бирликтердин маалыматка болгон укуктары

Кесиптик бирликтер өзүнүн уставдык ишин жүргүзүү үчүн жумуш берүүчүдөн, ошондой эле мамлекеттик органдардан эмгек жана социалдык-экономикалык өнүгүү менен байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды акысыз жана тоскоолсуз алууга укуктуу.

Кесиптик бирликтер өз ишин маалымдоо каражаттарында чагылдырууга, өздөрүнүн маалымдоо каражаттарын түзүүгө укуктуу, социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий, маалыматтык, окуу, усулдук, изилдөө борборлоруна ээ боло алышат.

Кесиптик бирликтердин өкүлдөрү кесиптик бирликтин мүчөлөрү иштеген ишканаларга жана жумуш орундарына өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткаруу жана укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолсуз кирүүгө укуктуу.

19-статья. Кесиптик бирликтердин чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды, иш таштоолорду жана баш ка жамааттык акцияларды уюштуруу жана өткөрүү укуктары

Кесиптик бирликтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана кесиптик бирликтердин уставдарына ылайык кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды, иш таштоолорду жана башка жамааттык акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө укуктуу.

20-статья. Кызматкерлердин кызыкчылыктарына сотто өкүл болуу

Кесиптик бирликтер сотто өз мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына сот өндүрүшүнүн ар кандай стадиясында өкүл болууга укуктуу.

III бөлүм
Кесиптик бирликтердин укуктарынын кепилдиктери

21-статья. Кесиптик бирликтердин мүлктүк укуктарынын кепилдиктери

Кесиптик бирликтер уставдык ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өздөрүнө менчик укугунда таандык мүлккө жана акча каражаттарына ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт. Кесиптик бирликтердин менчиги менчиктештирилүүгө тийиш эмес.

Кесиптик бирликтер өздөрүнүн уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте кесиптик бирдиктердин банктарын, камсыздандыруу, маданий-агартуу жана башка фонддорун түзүүгө, ошондой эле тышкы экономикалык, санаторийлик-курорттук, туристтик жана спорттук ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.

Кесиптик бирликтер мамлекеттик, чарбалык, кооперативдик жана башка коомдук уюмдардын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, алар өз кезегинде кесиптик бирликтердин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

Кесиптик бирликтердин бюджетинин каражаттарынын булактары, аны түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби кесиптик бирликтердин уставдары жана жамааттык келишимдер тарабынан аныкталат.

Кесиптик бирликтердин каржылык иштери алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт.

22-статья. Кесиптик бирликтердин шайлануучу кызматкерлери үчүн кепилдиктер

Кесиптик бирликтер комитетинин өндүрүштүк иштен бошотулбаган төрагаларын, кесиптик бирликтер комитетинин мүчөлөрүн, кесиптик бирликтердин уюштуруучуларын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген эмгек келишимин бузуунун жалпы тартибинен тышкары жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча иштен бошотууга жогору турган кесиптик бирлик органынын макулдугу болмоюнча жол берилбейт.

23-статья. Кесиптик бирликтердин укуктарын соттук коргоо

Кесиптик бирликтерди жана алардын шайлануучу өкүлчүлүк органдарын соттук коргоого кепилдик берилет.

Кесиптик бирликтердин укуктарын бузуу жөнүндө иштер прокурордун сунушу же баштапкы кесиптик бирлик уюмунун тиешелүү органынын доо арызы же даттануусу боюнча сот тарабынан каралат.

24-статья. Кесиптик бирликтердин укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Кесиптик бирликтер жөнүндө мыйзамдарды жана алардын уставдарын бузгандык үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары, жалдоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иретте тартиптик, администрациялык, жазык жоопкерчилигине тартылат.

IV бөлүм
Кесиптик бирликтердин жоопкерчилиги

25-статья. Кесиптик бирликтердин жоопкерчилиги

Жамааттык келишим, макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин бузгандык, сот тарабынан мыйзамсыз деп табылган иш таштоолорду уюштургандык жана өткөргөндүк үчүн кесиптик бирликтер жана анын жетекчи органдарына кирген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

V бөлүм
Корутунду жоболор

26-статья. Ушул Мыйзамдын колдонууга киргизилиши

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилет.

2. Өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

1998-жылдын 5-октябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган