Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясы жөнүндө ЖОБО


Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети

 

                                                                      Кыргыз Республикасынын билим  жана илим

                                                                      кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

                                                                      Борбордук Комитетинин 2015-жылдын

                                                                     11-сентябрындагы I пленумунун № 1/4   

                                                                      токтому менен БЕКИТИЛДИ

 

 

Кесиптик  бирлик уюмунун текшерүү комиссиясы жөнүндө

ЖОБО

 

I.  ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.       Кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясы – кесиптик бирликтин тиешелүү комитети менен бир мезгилде чогулушта, конференцияда, съездде профсоюздук органдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайлана турган өз алдынча орган.

   2. Кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясы КР билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын сакталышына жана кесиптик бирлик уюмдарынын каржылык-чарбалык ишмердиктерине, эмгекчилердин сунуштарынын, арыздарынын жана кайрылууларынын каралышына, ошондой эле социалдык тилектештик, айкындуулук жана демократия принциптеринин сакталышына көзөмөл жүргүзөт.

   3. Кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясы өзүнүн ишмердигинде КР билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

    4. Кесиптик бирликтин республикалык  уюмунун текшерүү комиссиясы тиешелүү кесиптик бирлик комитети менен бир мезгилде кесиптик бирлик органы съездде өзүнүн ишмердиги тууралуу отчет берип жаткан мөөнөткө ошол эле тартипте жана мөөнөткө шайланат.

  5. Кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясынын сандык тутуму съезд, конференция, чогулуш тарабынан бекитилет.

  6. Баштапкы, аймактык (областтык, райондук, шаардык) кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясынын төрагасы тиешелүү текшерүү комиссияларынын жыйындарында шайланышат.

  7. Текшерүү комиссиясынын мүчөсү бир эле мезгилде кесиптик бирлик уюмунун дайыма аракеттенип жаткан шайлануучу коллегиалдуу органынын (пленум, президиум, кесиптик бирлик комитети) мүчөсү боло албайт.

    8. Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү тиешелүү кесиптик бирлик органдардын пленумдарынын, ал эми текшерүү комиссиясынын төрагалары президиумдардын жыйындарына же кесиптик бирлик комитеттеринин чогулуштарына катыша алышат.

    9. Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн тутумдан чыгаруу тууралуу маселе КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставында каралган негизде жүргүзүлөт (50-пункт).

         10. Текшерүү комиссиясы бир жылга түзүлгөн жана тиешелүү кесиптик бирлик органы менен макулдашылган планга ылайык иш алып барат.

 

    11. Кесиптик бирликтин  жогорку органынын текшерүү комиссиясы кесиптик бирликтин жогорку органына  баш ийген кайсы гана болбосун төмөнкү кесиптик бирлик органдарынын же уюмдарынын ишмердиктерине көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу. Ал ошондой эле мүчөлүк кесиптик бирлик уюмдарынын текшерүү комиссияларынын ишмердиктерине усулдук жетекчилик жүргүзөт.

 

    12. Кесиптик бирликтин Борбордук Комитети текшерүү комиссияларына усулдук жана практикалык жардамдарды берет, ал комиссиялардын мүчөлөрүн жана төрагаларын окутууну уюштурат, аларды токтомдор, нускамалар жана башка иш кагаздары менен камсыз кылат.

 

II ТЕКШЕРҮҮ  КОМИССИЯСЫНЫН ИШИНИН  МАЗМУНУ

                        13.      Текшерүү комиссиясы текшерет:

   -  кесиптик бирликтин бюджетинин аткарылышын: мүчөлүк акылардын толук жана өз убагында төлөнүшүн, кесиптик бирликтин  чогулушу бекиткен смета боюнча эгер алар каралган болсо-башка булактардан каражаттардын келип түшүүлөрүн, маданий-массалык жана ден соолукту чыңдоо иштерине, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө жардам берүүгө жана кесиптик бирликтин активин сыйлоого, акы төлөнүүчү аппаратты кармоого жана башка чыгымдарга чыгымдардын мыйзамдуулугун жана максатка ылайыктуулугун, акча каражаттарынын материалдык баалуулуктардын сакталышын жана алардын пайдаланылышын;

     - социалдык камсыздандыруу бюджетинин аткарылышын: жолдомолор үчүн келип түшүүлөр жана башка кирешелер; эмгекке жарамсыздык баракчалары жана сөөк коюуга жөлөкпулдардын толтурулушунун жана төлөнүшүнүн тууралыгын; жолдомолордун эсеп-кысабын, бөлүштүрүлүшүн, берилишин жана пайдаланылышын;

     -бухгалтердик эсеп-кысаптын жүргүзүлүшүнүн тууралыгын жана кесиптик бирлик бюджетинин каражаттары жана жолдомолор боюнча отчеттуулуктун аныктыгын;

     - кесиптик бирлик органынын кесиптик бирлик тейлөөсүндө турган кесиптик бирлик  уюмдарынын текшерүү комиссияларына кесиптик бирлик органынын жетекчилиги жана усулдук-практикалык жардам көрсөтүү боюнча ишмердиктерин жана көзөмөлдүк-текшерүүчүлүк иштеринин абалын;

     - иш кагаздарынын  жүргүзүлүшүн, кесиптик бирликке кабыл алуу жана кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эсеп-кысабын жүргүзүү тартиптеринин сакталышын, эмгекчилердин кайрылууларынын жана арыздарынын өз убагында жана туура каралышын, чогулуштарда, конференцияларда, пленумдарда жана съезддерде айтылган сын-пикирлердин жана сунуштардын аткарылышын.         

14. Текшерүү комиссиясы тиешелүү кесиптик бирлик органынын, ага баш ийген балдардын ден соолуктарын чыңдоо борборлорунун, санаториялардын жана профилакторийлердин каржылык-чарбалык ишмердиктерине текшерүү жана көзөмөлдөө жүргүзөт.

 

III. ТЕКШЕРҮҮ КОМИССИЯЛАРЫНЫН УКУКТАРЫ

ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

15. Текшерүү  комиссиясы  укуктуу:

- текшерүүлөрдү  жана көзөмөлдөөлөрдү жүргүзүүдө бухгалтердик, каржылык жана башка иш кагаздарынын түп нускаларын талап кылууга;

 - материалдык-жооптуу адамдардын акча каражаттарынын жана материалдык баалуулуктарынын накта калдыктарын жана алардын сакталышын камсыз кылууну текшерүүгө;

- кредиттик уюмдардан учурдагы эсеп-кысапта канча каражаттын бар экендиги тууралуу маалымат, текшерилип жаткан органдын кызматкерлеринен каржылык тартип бузуулардын аныкталган, ичип-жеген жана жетпей калган учурлары боюнча түшүнүк каттарды алууга, текшерилип жаткан органдын эсептешүүлөрү боюнча аныктамаларды сурап алууга;

-  текшерүүлөрдү жана көзөмөлдөөлөрдү жүргүзүүгө кесиптик бирлик активин, ошондой эле тиешелүү кесиптик бирлик органынын аппаратынын кызматкерлерин тартууга.

 

         16. Текшерүү комиссиясы милдеттүү:

      - текшерүүлөрдү жана көзөмөлдөөлөрдү сапаттуу жүргүзүүгө, текшерилип жаткан органга аныкталган тартип бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө, алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылууга; 

      - акча каражаттарынан  жана материалдык баалуулуктардан жок кылуу, уурдоо, жетпей калуу учурлары катталганда кесиптик бирлик комитеттеринен келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү талап кылууга;

      -жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана көзөмөлдөөлөрдүн жыйынтыктары  тууралуу ыкчам ачыктыкты камсыз кылууга, өз ишмердиги  тууралуу конференцияларда, чогулуштарда, пленумдарда отчет берип турууга.

 

IV.  ТЕКШЕРҮҮ  КОМИССИЯЛАРЫНЫН ИШТӨӨ ТАРТИБИ

17. Текшерүү комиссиясы өзүнүн бекитилген жылдык планы боюнча иштейт, жылдык пландын бир нускасы тиешелүү кесиптик бирлик комитетине маалымат үчүн жиберилет. Зарыл болгон учурларда комиссия пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жана  көзөмөлдөөлөрдү жүргүзөт.

18. Текшерүүлөр ошондой эле отчеттук-шайлоо чогулуштарынын, конференциялардын жана съезддердин алдында, анан дагы кесиптик бирлик уюмунун төрагасы алмашкан учурда кесиптик бирлик уюмунун жаңыдан шайланган төрагасына иш кагаздарын жана акча каражаттарын өткөрүп берүү үчүн жүргүзүлөт, булар тууралуу кесиптик бирлик органы тарабынан бекитилген иш кагаздардын номенклатурасына ылайык иш кагаздарын өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу актысы түзүлөт.

19. Текшерүүлөрдүн  жана  көзөмөлдөөлөрдүн иш кагаздары тиешелүү актылар жана тастыктамалар менен толтурулат жана беш жылдан кем эмес мөөнөткө сакталат.

20. Текшерүү комиссиясынын сунуштары билим берүү уюму үчүн милдеттүү болуп саналат жана комиссия белгилеген мөөнөттө аткарылууга жатат.

21. Кесиптик бирлик органы текшерүү комиссиясынын катышуусу менен өз жыйынында бир айлык мөөнөттө текшерүүнүн (көзөмөлдөөнүн) иш кагаздарын кароого, текшерүүдө жана  көзөмөлдөөдө аныкталган тартип бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

22. Текшерүү комиссиясынын иш сапарлары менен чыгып жүргүзгөн текшерүүлөрү менен байланышкан чыгымдары тиешелүү кесиптик бирлик органы тарабынан бардык керектүү иш кагаздарын тапшырганына жараша төлөнүп берилет.

23. Текшерүү комиссиясы менен кесиптик бирликтин шайланган коллегиалдуу органынын ортосундагы пикир келишпестиктер чогулуш (конференция) же кесиптик бирликтин шайланган жогорку коллегиалдуу органы  тарабынан каралат же чечилет.

24. Кесиптик бирлик уюму кесиптик бирликтик мүчөлүк акыларды которууну үч айдан ашык убакытта аткарбаган шартта кесиптик бирликтин жогорку органынын текшерүү комиссиясы андай уюмдун каржылык ишмердигине талдоо жүргүзөт жана кесиптик бирликтин тиешелүү шайланган коллегиалдуу органына сунуштарды киргизет.

25. Текшерүү комиссияларынын мүчөлөрү активдүү иштери жана текшерүүлөрдү жана  көзөмөлдөөлөрдү жогорку сапатта жүргүзгөндүктөрү үчүн кесиптик бирликтин уюму тарабынан бекитилген тартипте сыйланышы мүмкүн.