Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Бишкек шаары 2011-жылдын 24-майы N 239 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары

2011-жылдын 24-майы N 239

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда

"улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу

наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин

кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 26-январындагы N 60 токтомунун

редакциясына ылайык)

 

Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына төмөнкүдөй өлчөмдө ай сайынкы үстөк акы (мындан ары - ай сайынкы үстөк акы) белгиленсин:

- негизги персоналга - 1000 сом;

- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга - 500 сом.

"Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наам үчүн ай сайынкы үстөк акы кызматкерге негизги иштеген жери боюнча, эмгектин нормаларын (эмгек милдеттенмелерин) аткарганда төлөнөт жана аткарылган иштин көлөмүнө көз каранды эмес. Ай сайынкы үстөк эмгек акынын курамына кирет, айлык орточо эмгек акынын эсебине киргизилет, пайдага салынчу салык жана камсыздандыруу взностору алынчу киреше болуп эсептелет.

Ай сайынкы үстөк мамлекеттик мекеменин, уюмдун "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы үчүн эсептелет.

2. Тиркелген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомду ишке ашыруу үчүн керектүү финансылык каражаттарды бөлсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 14-февралындагы N 62 "Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы белгилөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы N 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 6-майындагы "Бишкек шаарындагы N 5 гимназия-мектепти Улуттук компьютердик гимназияга өзгөртүп түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 9-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы N 799 "Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт искусство музейин Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 24-октябрындагы Указын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги N 165 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө" токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-июнундагы N 261 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Талас областтык мамлекеттик "Манас Ордо" комплекси жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-августундагы N 432 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 14-февралындагы N 62 "Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-декабрындагы N 769 "Кыргыз улуттук консерватория кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы N 340 "Н.К.Крупская атындагы Мамлекеттик академиялык орус драма театрынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясына караштуу Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин жана хорунун кызматкерлеринин кызматтык маяналары жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-февралындагы N 42 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-июлундагы N 424 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 14-февралындагы N 62 "Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы белгилөө жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-декабрындагы N 815 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлерине "улуттук" статусу үчүн кызматтык маяналарына үстөк белгилөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы N 471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы N 933 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-январындагы N 21 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 14-февралындагы N 62 "Өзгөчө коомдук мааниси бар жетектөөчү чыгармачыл жамааттардын, маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы белгилөө жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы N 425 "Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы N 471 "М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театрына "академиялык" деген статус берүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-ноябрындагы N 553 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "С.Ибраимов атындагы Ош драма театрына "улуттук" деген статус ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги N 143 "Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору жөнүндө" токтомунун 2 жана 3-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы N 520 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эне менен баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлеринин эмгек акыларына кошумча белгилөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-июлундагы N 115 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына "улуттук" деген статус үчүн кошумча акы белгилөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы N 260 "Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө" токтому.

5. Бул токтом 2011-жылдын 1-майынан баштап күчүнө кирет.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жана билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2011-жылдын 24-майындагы

N 239 токтому менен

бекитилген

 

"Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу

наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын

ТИЗМЕСИ

 

(КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 26-январындагы N 60 токтомунун

редакциясына ылайык)

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы.

2. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

3. Кыргыз улуттук консерваториясы.

4. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университет.

5. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи.

6. Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназия.

7. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору.

8. Академик Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясы.

9. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры.

10. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры.

11. Кыргыз Республикасынын Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры.

12. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры.

13. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы.

14. Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи.

15. Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплекси.

16. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси.

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.

18. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору.

19. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору.

20. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталы.

21. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургиялык борбор.

22. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору.

23. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору.

24. Бабур атындагы Ош областтык академиялык өзбек музыкалык-драма театры.

25. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры.

26. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри.

27. А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр.

28. Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы.