Жыл жыйынтыгын чыгаруу Президиуму
Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин жыл жыйынтыгын чыгаруу Президиуму 2018-жылдын 19 – январында болуп өттү.
Президиумга 2017 – жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана 2018- жылга максаттарды белгилөө жөнүндө жана ОПКнын 2018- жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндөгү маселелер каралып, бекитилди.
Иш – чаарага ОПКнын тейлөөсүндөгү уюмдардын төрага, төрайымдары, социалдык өнөктөштөр, сыйлыктарга татыктуу болгон сыйлануучулар катышышты.
2017 –жылдын 27 –октябрында болуп өткөн, билим, илим кызматкерлеринин областтык кесиптик бирлигинин ХVI отчеттук - кайра шайлоо конференциясынын чечимдерин жетекчиликке алуу менен, кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүүгө басым жасалаары маалымдалды.
Ош областтык профсоюз комитети.