Сузакта «Ден соолук – 2018» мугалимдердин райондук спартакиадасы өткөрүлдү
Сузак районунда билим берүү кызматкерлеринин арасында “2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында 2018-жылдын 3-мартында райондук спартакиада болуп өттү.
Райондук спартакиадага 13 айыл аймакта жайгашкан мектептерден спорттун түрлөрү боюнча 9 командада 387 мугалим катышышты.
Райондук спатакиаданын ачылыш аземине Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Н.Муратов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бечелов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти М.Тургановдор катышышты.
Ошол эле күнү райондук спартакиададанын жыйынтыгы чыгарылып, областтык спартакиадага катышуучулар аныкталды. Спорттун түрлөрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, 1,2,3-орундарды ээлеген командаларга райондук билим берүү бөлүмү жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди.