Сузак районундагы Т.Кочкоров атындагы орто мектебинин мугалимдери “Абшыр-Ата” эс алуу жайында болуп кайтышты
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин жана №59 Т.Кочкоров атындагы орто мектебинин профсоюздук баштапкы уюмунун демилгеси менен мектептин педагогикалык жамааты “Абшыр-Ата” эс алуу жайында болуп кайтышты. Экскурсияга барган мугалимдер “Абшыр-Ата” эс алуу жайынын кооз жерлери, маданий эс алуу борборлору менен таанышышып кайтышты. Мектептин педагогикалык жамааты экскурсиянын уюштурулушуна ыраазылыктарын билдиришүүдө.
Профсоюздун Сузак райкомунун басма сөз катчысы: З.Киргизбаев