Пайдалуу семинар
2021-жылдын 15-октябрь күнү Базар-Коргон районундагы №11 "Гулнара" балдар бакчасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик комитеттери үчүн “Макулдашуу жана эмгек келишимдерин түзүү жана ишке ашыруу жолдору” деген маселе боюнча семинар болуп өттү.
Семинарга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров, кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев жана Базар-Коргон районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилери катышты.
Семинарды кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев ачып, билим берүү тармагындагы эмгек келишиминин мааниси, анын аткарылышы боюнча маалымат берди. Областтык кесиптик бирлик комитетинин инспектору А.Айдаров иш-чаранын катышуучуларын “19-октябрь кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнү” менен куттуктап, “Макулдашуулар менен социалдык-экономикалык маселелерди чеүү”, “Үч тараптуу макулдашуу” маселелери боюнча маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.
Семинардын катышуучулары пайдалуу маалыматтарды алышканын айтышып, анын уюштуруучуларына жана кесиптик бирликтин жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов