Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун кызматкерлери арасында “Бильярд” оюну өткөрүлдү

23-февраль-Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин жалпы кызматкерлери үчүн кесиптик бирлик комитети тарабынан “КЛАССИК” бильярд клубунда 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку кызматкелери  арасында “Бильярд” мелдеши өткөрүлдү.

Иш-чарага ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобеков, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров, аксакал окутуучу –кызматкерлер жана мурдакы жылда чемпионат болгон оюнчулар катышышты.

Жыйынтыгында, 45 жашка чейинки агайлар арасында I орунга табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун окутуучусу Раимбердиев Ырысмамат I даражадагы диплом, 10 000 сом менен сыйланды.

Ал эми  45 жаштан жогорку агайлар арасында медицина факультетинин окутуучусу Боркулов Алмаз I даражадагы диплом, 10 000 сом менен жеңишке жетишти.

Андан сырткары калыстар тобу мыкты оюнчуларга II-III даражадагы дипломдор, кубоктор жана  акчалай байгелерди тапшырды.