Өнөктөштүк маселеси каралды
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин кезектеги Пленуму болуп өттү. Анын ишине Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, инспектору А.Айдаров, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов катышты. Анда “Макулдашуулардын, келишимдердин негизинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык-экономикалык, укуктук маселелерин чечүүгө жетишүү жөнүндө” маселе каралды.
Бул маселе боюнча Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы Орозалиев Абдимажит Джумабаевич кеңири мазмунда билдирүү жасады. Ал өз сөзүндө 2021-жылдын 10-мартында райондук мамлекеттик администрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин ортосунда Билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык жана укуктук проблемаларын чечүү максатында 2021-2023-жылдар үчүн үч тараптуу макулдашуу түзүлгөндүгүн жана бул локалдык акты 2021-жылдын 18-мартында Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодон өткөндүгүн билдирди.
Бул макулдашуунун негизинде тараптардын аткарып жаткан иштери жөнүндө жасалган анализдер боюнча баяндама жасалды. Баяндамада билим берүү кызматкеринин эмгектенүү шарттарын түзүүдө,маданий-массалык иштерин уюштурууга,үй куруу үчүн жер участокторунун берилишине,”Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 32-беренесине ылайык жаш адистерге 10 эсе өлчөмүндө бир жолку берилүүчү жөлөк пулдарды айыл өкмөттөрдүн көмөгү жөнүндө кенири маалымат берилди.
Пленумда анын мүчөлөрү Л.Ахмадалиев, А.Авазов, Т.Токонов, Н.Мамырасулов, С.Юсупова, Э.Акматалиева ж.б. чыгып суйлөштү. Алар өздөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүндө бүгүнкү күндө кесиптик бирликтин райкомунун аткарып жаткан иштери канааттандырарлык экенин белгилешти жана мындан ары билим берүү уюмдарын ремонт иштерин жүргүзүүдө тендерди эртерээк өткөрүү, өнөктөштөр менен бирге билим берүү кызматкерлеринин кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо жаатында иштерди жана коомдук көзөмөлдү күчөтүү жагын сунушташты.
Андан кийин обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов чыгып сүйлөшүп, райкомдун ишине ийгиликтерди каалашты.
Маалыматты даярдаган: Сузак райондук КБКнын адиси М.Примкулов