Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи – бардыгы үчүн сапаттуу билим берүү

2018-жыл 27-август күнү Ноокен районунун Кочкор –Ата шаарындагы Маданият үйүндө “Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи – бардыгы үчүн сапаттуу билим берүү” темасында Август кеңешмеси болуп өттү.

Анда Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаев, орун басары Н. Бекжигитова, айыл өкмөтүнүн башчылары, мекеме иш-каналардын жетекчилери,  ардагер мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери катышышты.

Август кеңешмесинде Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э. Маматаев билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жөнүндө айтып, бардык билим берүү кызматкерлерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев Ноокен райондук билим берүү тармагындагы аткарылган иштер жана жаңы 2018-2019-окуу жылына коюлган милдеттер жөнүндө айтып өттү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов өткөн окуу жылындагы жетишкен ийгиликтер, балдардын жана мугалимдердин жайкы эс алуусунун уюштурулушу жөнүндө маалымат берди. Ал өз сөзүндө кароо-сынактарга катышып, эң мыкты деп табылган билим берүү кызматкерлери жылдагыдан өзгөчөлөнүп Өзбекстан Республикасынын тарыхый эс алуу жерлеринди эс алгандыгын жана мындан ары да жайкы эс алуулар чет өлкөлөрдө уюштуруларын белгиледи.

Алдынкы  жамааттарга жана мугалидерге райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  Ардак  Грамоталары, көчмө  туулары жана  9  билим берүү ардагерлерине “Ноокен  районунун   билим  берүүсүнүн  Ардегери” тош  белгилери жана  акчалай  сыйлыктар  тапшырылды.

Ноокен рай КБКнын инспектору Т. Бакиров