Кароо-сынактын райондук этабы жыйынтыкталды
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин иш планына ылайык “Мыкты профсоюздук уюмунун төрагасы-2021” кароо-сынагы жыйынтыкталды. Кароо-сынакка 7 балдар бакчасы жана 8 мектептердин баштапкы кесиптик уюмдары катышты.
Атайын түзүлгөн комиссия 4-8-октябрь күндөрү баштапкы кесиптик уюмдарда болуп, аткарылган иштер жана кароо-сынактын шарттарын жеринде карап чыгышты. Жалпы жыйынтык чыгарылып жеңүүчүлөр аныкталды.
Балдар бакчалары боюнча:
- 1-орун № 43 “Керемет” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Акинбекова Бегайым Абдыманаповна;
- 2-орун № 42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Тешебаева Жумагул Мамадалиевна;
- 3-орун № 44 “Алтын-Ачкыч” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Мамитова Азипа Суйунбаевна;
- 3-орун №31 “Бүчүр” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Абдрахманова Айпери;
Мектептер боюнча:
- 1-орун №14 Губкин атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Амиракулова Нуржамал Абибуллаевна;
- 2-орун №12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Исакова Айжангул Мадаминовна ;
- 3-орун № 13 Рахманжан орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Маматкулова Бумайра;
- 3-орун №25 “Кызыл-Туу” орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Ормонова Гулжан Зулумовна;
Жеңүүчүлөргө сыйлык 19-октябрда социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүндө тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров