Эмгекти стимулдаштыруунун натыйжасы
2017-жылдын 26-28-февраль күндөрү Жалал-Абад шаарында облустук предметик олимпиада өткөрүлүп, анда Ноокен районунан 34 окуучулар катышты. Жыйынтыгында 4 окуучу 1-орунга, 9 окуучу 2-орунга, 3 окуучу 3-орунга, 8-окуучу 4-орунга татыктуу болушуп, райондун командасы облуста 1-орунду ээледи.
Райондун командасынын мындай ийгилиги мугалимдердин эмгегин өз убагында райБББ менен райКБК тарбынан стимулдаштырып дем берип жаткандыгынын натыжасы болуп саналат. Мен 2016-жылдын жыйынтыктары менен Туркияга жолдонмо менен сыйланып эс алганда жакшы максаттарды койдум эле ал ишке ашып жаткандыгына кубанам. Менин окуучуларым 3-жылдаан бери катары менен республикага катышууга жетишүүдө. 2017-жылда республикада татыктуу катышып ийгиликтерди камсыз кылууга өзүбүздүн салымыбызды кошобуз.
Материалды даяррдаган, Ноокен районунун №6 “Арал” орто мектебинин химия мугалими, кесиптик уюмдун төрайымы, райКБКнын Президиумунун мүчөсү.