Ден соолуктун чың болушундагы эң маанилүү нерсе – бул туура тамактануу
Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №15 “Жомок” балдар бакчасында “Балдардын туура тамактануусу” темасында райондогу балдар бакчаларынын жетекчилеринин семинары болуп өттү.
Алгач семинардын катышуучулары №15 “Жомок” балдар бакчасынын иши менен таанышышты. Бакча башчысы А.Сапарова бакчанын жетишкен ийгиликтери жана алдыдагы аткарылуучу иштер жөнүндө маалымат берди.
Ошондой эле “Тамак-аш жасоодогу нормативдик өлчөм”, “Норматив жана каражат”, “Бакчадагы санитардык-гигиеналык нормалар” темаларында тажрыйба алмашуулар, талкуулар болду.
Маалыматты даярдаган: №15 “Жомок” балдар бакчасынын КБКнын төрайымы Т.Султанова