Биринчи орунду камсыз кылды
Ысык-Көл. Ак-Суу. Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынан 2012-жылга уюштурулган «Жылдын мыкты баштапкы профсоюз уюму» кароо-сынагына райондогу Туратбеков атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму да активдүү катышышты. Жамааттын саны 50 адамга чейинки мекеме, ишканалардын арасындагы бул мелдештин областтык турунда аталган мектеп мүмкүн болгон 100 упайдан 87 упай топтоп 1-орунду камсыз кылгандан кийин Ысык-Көл областынын атынан документтери Кыргызстан Профсоюздар Федерациясына жиберилген. Натыйжада, республика боюнча саны 50 адамга чейинки жамааттар катышкан кароо-сынакта 25 мекеме-уюмдардын ичинен 1-орунду ээлеп Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын 1-даражадагы Дипломуна жана акчалай сыйлыгына татыктуу болду.
Айта кетүүчү жагдай, 2012-жылы Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитети тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты социалдык өнөктөшү» кароо-сынагында ушул эле райондун Ракымов атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму активдүү катышкандыгы үчүн Ардак Грамотага татыктуу болгон.
Бул ийгиликтер 2012-жылы райондук профсоюз комитети тарабынан жүргүзүлгөн уюштуруу иштеринин жакшы жыйынтыгы деп айтсак туура болмокчу