Базар-Коргондо семинар өткөрүлдү
2021-жылдын 15-октябрында Базар-Коргон районундагы №11 “Гүлнара” мектепке чейинки билим берүү уюмунда бакчалардын баштакы кесиптик уюмдарынын төрагалары үчүн “Макулдашуу жана эмгек келишимдерин түзүү жана ишке ашыруу жолдору” темасында семинар өткөрүлдү.
Семинарда “Мектепке чейинки билим берүү уюмундарында эмгек келишимдерди түзүү иш тажрыйбасы” бала бакчанын директору З.Көчкөнбаева, “Үч тараптуу макулдашууларды түзүү” райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев, “Макулдашуулар менен социалдык-экономикалык маселелерды чеүү” темаларында Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаровдор маалыматтар беришти.
Катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди. Семинарда бакчанын тарбиялануучулары 19-октябрь “Кесиптик бирликтер күнү” майрамына карата куттуктоо концертин тартуулашты. Семинардын катышуучулары областтык жана райондук комитеттин жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Областтык КБКнын инспектору А.Айдаров