Постановление от 8-го ноября 2012 г. Джалал-Абад
Жакында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинде «2012-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү жана баштапкы профсоюздук уюму» кароо-сынагынын облустук турунун жыйынтыгы чыгарылды.
Жалал-Абад шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы орто мектептин директору Мамытова Кульнара Мухамедовна, Ноокен районундагы №6 «Жылдыз» балдар бакчасынын баштапкы уюмунун төрайымы Абдрахманова Чолпон жеңүүчүлөр деп табылды.
Мамытова К.М билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинде өтүүчү, ал эми Абдрахманова Чолпон профсоюздардын Жалал-Абад облустук кеңешинде өткөрүлүүчү кароо-сынакка катышуу үчүн сунушталды.
Обкомдун төрагасы: К.Мурзакматов