Кыргызстандын билим берүү системасынын кызматкерлеринин 100 жылдык мааракеси белгиленди
2024-жылдын 5-октябрында Кыргыз мамлекеттик Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониясында Кыргыз билим берүү системасынын негизделгендигинин 100 жылдыгына жана бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнүнө арналган салтанат өткөрүлдү.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, КР билим жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын кызматкерлери, мугалимдер, коомдук ишмерлер жана ошондой эле КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы М. Примкулов катышышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мугалимдерди жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады:
“Урматтуу агай-эжейлер!
Билим берүү тармагынын кымбаттуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Мугалим – бул устат, дүйнөдөгү бардык кесиптин ээлери алгач мугалимден билим алган. Мына ошондуктан бүгүнкү күн – ушундай деңгээлге жеткирген устаттарыбызга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк.
Эң алды өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого чексиз салым кошуп келаткан жалпы педагогикалык жамаатка өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Биз, буюрса, алгылыктуу билим берүү системасын түптөө менен, мугалимдик кесипти жашоодо карьера катары тандоого түрткөн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Ошондо гана өлкөбүздө мугалимдер берилүү менен иштейт, натыйжа чыгарат, ийгилик жаратат. Азыркы учурда кесипкөй, өз ишин мыкты билген мугалимдердин талыкпаган эмгегин баалагандар жыл өткөн сайын артып барат. Буюрса, мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы көтөрүлөт.
Коом үчүн билимсиз тарбиянын, тарбиясыз билимдин мааниси да, маңызы да жок. Сиздер балдарга билим гана эмес, терең тарбия да берип келесиздер. Акыл-эстүү, адеп-аклактуу, мекенчил муунду дал ушул сиздер тарбиялайсыздар.
Сиздерди дагы бир жолу бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!
Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалайм.
Бүгүнкү майрам күнүндө эле эмес, ар күнү кучагыңыздар гүлгө, жүрөгүңүздөр кубанычка толсун!”
Кыргыз билим берүү тармагынын түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева да билим берүү тармагынын кызматкерлерин Эл аралык майрамы менен куттуктап, Билим берүү министрлигинин бир катар мурдагы жетекчилерине, Венгриянын, Кытай Эл Республикасынын элчилерине, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдиги, АӨБ, БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, JICA, MercyCorps сыяктуу эл аралык уюмдардын жетекчилерине, Ага-Хан өнүктүрүү уюмдары, Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасы, ЮНЕСКО, ЮНИСЕФ, ЮСАИД Фондуна юбилейлик медалдарды тапшырды.
Иш-чаранын алкагында Майрамдык салтанаттын коноктору үчүн концерттик программа тартууланды.