Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Электрондук күндөлүк системасы Жалал-Абад шаарында ишке ашууда!

Электрондук күндөлүк системасы Жалал-Абад шаарында ишке ашууда!

Жалал-Абад шаарында электрондук күндөлүк системасы 10 мектепте ишке ашууда. Электрондук күндөлүк менен мугалимдердин жумушу бир кыйлага жеңилдеди. Мугалимдер ата-энелер менен тыгыз иш алып баруусуна жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү.

 28.01.2020      800

Алтынай Казыбекова менен сыймыктанабыз!

Алтынай Казыбекова менен сыймыктанабыз!

2020-жылдын 20-январында президентибиз Сооронбай Шарипович өлкөбүздүн социалдык-экономикалык, маданият жана билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошкон кызматкерлерди сыйлыктар менен сыйлады.

 28.01.2020      853

"Сүрөттөр сүйлөсүн"

"Сүрөттөр сүйлөсүн" темасында И. Арабаев ат. КМУнун жылды жыйынтыктоо кечесиндеги сыйлоолорду тартуулайбыз. Сап башында КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов "Жетиген" журналынын редакциялык кеңешинин чечими менен "Жылдын мыкты ректору", КМУнун проректору Тууганбай Коңурбаев өкмөттүн грамотасы менен сыйланышты.Мамлекеттик сыйлыктар, "КМУнун мыктылары номинациясы" менен Университетке эмгеги сиңген, жыл ичинде коллективдин ийгилигине зор салымын кошкон кесиптештерибиз да сыйланышты. И. Арабаев ат. КМУнун акыркы жылдары жасап жаткан ийгиликтеринде жетекчиликтин креативдүү, прагмативдүү иш жүргүзүп туура багыт берип жатканын жана жалпы жамааттын аны колдоп күжүрмөн ииштеп жатканын баса белгилесе болот.

 27.01.2020      736

Семинар по делопроизводству и электронному документообороту

Семинар по делопроизводству и электронному документообороту

Московский районный комитет 17 января провел семинар по профсоюзному делопроизводству для председателей профкомов в актовом зале ЦДТ «Тан-Нуру». Рассмотрены вопросы планирования первичной профсоюзной организации, работы общественных комиссий, правильность оформления протоколов, решений профсоюзных собраний и заседаний профсоюзного комитета. Особенный интерес к данным вопросам был у вновь избранных председателей. Для успешной работы молодых председателей разработан и роздан на семинаре методический материал.

 20.01.2020      600

Кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

Кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

10 январь күнү Кемин районундагы М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинде Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Тулебаева, КР эмгек сиӊирген мугалими Н.Тулебаева, Кемин районун Чым-Коргон айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макеев жана мектеп директорлору, кесип бирликтер комитеттеринен шайланган делегаттар катышты. Кемин районунун кесип бирликтер комитетинин конференциясына 39 делегат чакырылган. Делегаттардын баардыгы келип конференцияга катышты. Конференциянын күн тартибинде каралган маселелер боюнча: 1. А.Т.Чылабаева 2015-2020-жылдар боюнча Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин аткарган иштери боюнча маалымдама берди 2. Кемин райондук кесип бирликтер комитетине келип түшкөн акча каражаттары жөнүндө текшерүү комиссиясынын төрайымы Н.Ашыралиева маалымдама берди 3. Конференцияга келген делегаттардын 100 пайызы Кесип бирликтер комитетинин төрайымынын ишин канааттандыраарлык деп баалашты. Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин төрайымдыгына А.Т.Чылабаева шайланды.

 16.01.2020      783

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан эгемен өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактарынын бардык кызматкерлерин, социалдык өнөктөштөрүбүз болуп саналышкан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын, айыл өкмөттөрүнүн эмгек жамааттарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктаймын. 2019-жылы  Борбордук Комитет тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү цифралаштыруу жылынын алкагында райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылында” биз өзүбүздүн ишмердигибизди бирден-бир стратегиялык максатыбыз болгон профсоюз  мүчөлөрүнүн социалдык-эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн арнап, бул жаатта бир катар иштерди аткарууга жетишкенибизди сыймык менен айтууга негиздер бар. Биз жаңырган 2020-жылга арбын милдеттерди иш жүзүнө ашырууну алдыга коюп жатабыз. Алардын арасында билим берүү системасынын кызматкерлеринин аз эмгек акы алышкан  бөлүгүнүн эмгек акыларын көбөйтүү боюнча иштерди улантуу, социалдык өнөктөштөр менен макулдашууларга жана жамааттык келишимдерге профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктерин кеңейтүү багытындагы иш кагаздарын Эл аралык эмгек уюмунун талаптарына шайкеш келтирүү, коопсуз жана ыңгайлуу эмгектенүү шарттарын түзүү боюнча иштерге профсоюздук активди, эмгекти коргоо боюнча коомдук нускоочуларды катыштыруу, тармактык профсоюздун катарына жаштарды тартуу, профсоюздун маалыматтык-телекоммуникациялык  түзүмүн өркүндөтүү, эл аралык профсоюздук кыймылга тилектештик билдирүү жана биригүүнү колдоо сыяктуу олуттуу милдеттер бар.

 30.12.2019      735

Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловго ИИМСИнин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

Борбордук Комитеттин  төрагасы А.Токтогуловго   ИИМСИнин “Ардактуу профессору” наамы  ыйгарылды

2019-жылдын 25-декабрында Жалал-Абад шаарындагы Илимий - изилдөө медициналык- социалдык институтунда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович менен жамааттын жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын 1-бөлүгүндө меймандарды институттун Президенти экономика илимдеринин кандидаты, доцент Арынбаев Жаңыбай Токоевич, институттун ректору, физика-математика идимдеринин доктору, Куштарбек Бекмуратович Тампагаров жана жамааты менен тосуп алышты. Институттун Президентинин жумуш бөлмөсүндө жамаат жөнүндө меймандарга кыскача маалымат берилип, институтка эстелик белектер тапшырылды.

 30.12.2019      697

Жыйынтыктоо отуруму

Жыйынтыктоо отуруму

И.Арабаев ат.КМУнун профсоюз комитетинин жылды жыйынтыктоо отуруму болуп өттү. Салтка айланып калган "Мыкты курамдык профбюро" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Гран при- Лингвистика факультети профбюро төрайымы Дильдаева Эльзат. 1-орундан эки жеңүүчү КМУнун гум.колледжи төрайымы - Сагымбаева Гульзат, Биология жана Химия факультети төрайымы - Кендирбаева Салтанат; 2-орундан да эки жеңүүчү: Тарых жана укук факультети төрайымы - Карасартова Чынара, Көркөм маданият жана билим берүү факультети төрайымы - Мунара; 3-орундан 3 жеңүүчү: Мамлекеттик тил жана маданият төрайымы Садыкова Гүлүмкан, Физика жана математика факультети төрайымы - Анарбекова Мария; Педагогика төрайымы - Раимбекова Мария. Калган курамдык бөлүмдөр да куру калган жок аларга азыраак бирок акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлыктары менен куттуктайбыз, үй бүлөңөрдө бакыбатчылык ишиңерге ийгиликтерди каалайбыз!!!!!

 26.12.2019      761

Премии от ЦК профсоюза

 Премии от ЦК профсоюза

20 декабря 2019 г. состоялось итоговое заседание Президиума ЦК профсоюза работников образования и науки КР. В ходе заседания президиума были подведены итоги республиканского конкурса Год социальной эффективности деятельности районных, городских профсоюзных комитетов и профсоюзных комитетов ВУЗов и СПУЗов отрасли в ГОД развития регионов и цифровизации страны. В работе заседания приняли участие представители областных, районных и первичных организаций профсоюза образования, которые приехали со всех регионов Кыргызстана.

 26.12.2019      749

Нургазы Кемельбаев менен Асылбек Токтогулов КУУнун ардактуу профессору болушту

Нургазы Кемельбаев менен Асылбек Токтогулов КУУнун ардактуу профессору болушту

Бул тууралуу 2019-жылдын 23-декабрь күнү болуп өткөн Окумуштуулар кеңешинин отурумунда белгилүү болду. Жыйындын катчысы Гүлзыйнат Аркабаева Окумуштуулар кеңешинин тиешелүү чечимин окуп берген соң, КУУнун ректору Канат Садыков Нургазы Кемельбаев менен Асылбек Токтогулов тууралуу кыскача маалымат берип, аларга "КУУнун ардактуу профессору" наамынын атрибуттары болгон аттестатты, академиялык мантияны жана конфедератканы тапшырды.

 24.12.2019      1060

Борбордук Комитеттин президиуму

Борбордук Комитеттин президиуму

2019-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган президиумунун жыйыны болуп өттү. Анын ишине Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү, Борбордук Комитеттин мүчөлөрү, райшаар, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун төрагалары, БК аппаратынын кызматкерлери, профсоюз активинин жана басма сөздүн өкүлдөрү катышышты. Президиумду кириш сөз сүйлөө менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

 23.12.2019      747