Кемин районундагы А.Токомбаев атындагы Кайынды орто мектебинин окуучулары "Боорукерлик"акциясын уюштуруп,карыларга жардам беришти.
Кемин районундагы А.Токомбаев атындагы Кайынды орто мектебинин окуучулары "Боорукерлик"акциясын уюштуруп,карыларга жардам беришти.
30.01.2020 766Профсоюздук мүчөлүккө мотивациялоо менен бирге мүчөлүктүн катарын өстүрүү
Таш-Көмур шаардык билим берүү болумүнө караштуу Теңдик айыл аймагындагы жаңы ачылган “Ай-Данек”бала бакчасынын жумушчуларын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмунун катарын өстурүү аракетинде мүчөлүккө кабыл алуу аземи өттү.
30.01.2020 644В школах требуют ПИН ребенка? Как его получить
В центрах обслуживания населения увеличилось количество обращений за справками о наличии персонального идентификационного номера (ПИН) у ребенка. Об этом сообщили в пресс-службе ГРС.
30.01.2020 569Ден-соолук спартакиадасы жыйынтыкталды.
И.Арабаев ат. КМУда салтка айланып калган окутуучулар арасында, (футбол, волейбол, теннис, тогуз коргоол, шахмат,оюндарын камтыган)"Ден-соолук" спартакиадасы жыйынтыкталып,жеңүүчүлөргө грамота, медаль,кубок жана профсоюз комитетинен акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бардык факультеттер жана курамдык бөлүктөр активдүү катышкан бул мелдештер Республикалык оюндарга дагы даярдык болуп калды десек болот. Университеттин командалары спорттун көп түрү боюнча Республикалык оюндарда жалаң алдыңкы орундарды багынтып келишет. Жумушта натыйжалуу иштеш үчүн ден-соолук керек, ден-соолук болуш үчүн спорт менен машыгыш керек. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз! Ден соолукта болуп ийгиликтерди жарата бергиле демекчибиз.
29.01.2020 706«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИНИРГЕН МУГАЛИМИ» НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
Баткен областына караштуу Кадамжай районундагы Молдо-Нияз атындагы гимназия орто мектебинин директору Кандыбаева Парида Кочкоровнага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими» наамы ыйгарылды. Ал бул наамга билим берүү тармагындагы көп жылдык
29.01.2020 968Электрондук күндөлүк системасы Жалал-Абад шаарында ишке ашууда!
Жалал-Абад шаарында электрондук күндөлүк системасы 10 мектепте ишке ашууда. Электрондук күндөлүк менен мугалимдердин жумушу бир кыйлага жеңилдеди. Мугалимдер ата-энелер менен тыгыз иш алып баруусуна жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү.
28.01.2020 732Алтынай Казыбекова менен сыймыктанабыз!
2020-жылдын 20-январында президентибиз Сооронбай Шарипович өлкөбүздүн социалдык-экономикалык, маданият жана билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошкон кызматкерлерди сыйлыктар менен сыйлады.
28.01.2020 804"Сүрөттөр сүйлөсүн"
"Сүрөттөр сүйлөсүн" темасында И. Арабаев ат. КМУнун жылды жыйынтыктоо кечесиндеги сыйлоолорду тартуулайбыз. Сап башында КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов "Жетиген" журналынын редакциялык кеңешинин чечими менен "Жылдын мыкты ректору", КМУнун проректору Тууганбай Коңурбаев өкмөттүн грамотасы менен сыйланышты.Мамлекеттик сыйлыктар, "КМУнун мыктылары номинациясы" менен Университетке эмгеги сиңген, жыл ичинде коллективдин ийгилигине зор салымын кошкон кесиптештерибиз да сыйланышты. И. Арабаев ат. КМУнун акыркы жылдары жасап жаткан ийгиликтеринде жетекчиликтин креативдүү, прагмативдүү иш жүргүзүп туура багыт берип жатканын жана жалпы жамааттын аны колдоп күжүрмөн ииштеп жатканын баса белгилесе болот.
27.01.2020 678Семинар по делопроизводству и электронному документообороту
Московский районный комитет 17 января провел семинар по профсоюзному делопроизводству для председателей профкомов в актовом зале ЦДТ «Тан-Нуру». Рассмотрены вопросы планирования первичной профсоюзной организации, работы общественных комиссий, правильность оформления протоколов, решений профсоюзных собраний и заседаний профсоюзного комитета. Особенный интерес к данным вопросам был у вновь избранных председателей. Для успешной работы молодых председателей разработан и роздан на семинаре методический материал.
20.01.2020 553Кайра шайлоо конференциясы болуп өттү
10 январь күнү Кемин районундагы М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинде Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Тулебаева, КР эмгек сиӊирген мугалими Н.Тулебаева, Кемин районун Чым-Коргон айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макеев жана мектеп директорлору, кесип бирликтер комитеттеринен шайланган делегаттар катышты. Кемин районунун кесип бирликтер комитетинин конференциясына 39 делегат чакырылган. Делегаттардын баардыгы келип конференцияга катышты. Конференциянын күн тартибинде каралган маселелер боюнча: 1. А.Т.Чылабаева 2015-2020-жылдар боюнча Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин аткарган иштери боюнча маалымдама берди 2. Кемин райондук кесип бирликтер комитетине келип түшкөн акча каражаттары жөнүндө текшерүү комиссиясынын төрайымы Н.Ашыралиева маалымдама берди 3. Конференцияга келген делегаттардын 100 пайызы Кесип бирликтер комитетинин төрайымынын ишин канааттандыраарлык деп баалашты. Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин төрайымдыгына А.Т.Чылабаева шайланды.
16.01.2020 737ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан эгемен өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактарынын бардык кызматкерлерин, социалдык өнөктөштөрүбүз болуп саналышкан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын, айыл өкмөттөрүнүн эмгек жамааттарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктаймын. 2019-жылы Борбордук Комитет тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү цифралаштыруу жылынын алкагында райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылында” биз өзүбүздүн ишмердигибизди бирден-бир стратегиялык максатыбыз болгон профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн арнап, бул жаатта бир катар иштерди аткарууга жетишкенибизди сыймык менен айтууга негиздер бар. Биз жаңырган 2020-жылга арбын милдеттерди иш жүзүнө ашырууну алдыга коюп жатабыз. Алардын арасында билим берүү системасынын кызматкерлеринин аз эмгек акы алышкан бөлүгүнүн эмгек акыларын көбөйтүү боюнча иштерди улантуу, социалдык өнөктөштөр менен макулдашууларга жана жамааттык келишимдерге профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктерин кеңейтүү багытындагы иш кагаздарын Эл аралык эмгек уюмунун талаптарына шайкеш келтирүү, коопсуз жана ыңгайлуу эмгектенүү шарттарын түзүү боюнча иштерге профсоюздук активди, эмгекти коргоо боюнча коомдук нускоочуларды катыштыруу, тармактык профсоюздун катарына жаштарды тартуу, профсоюздун маалыматтык-телекоммуникациялык түзүмүн өркүндөтүү, эл аралык профсоюздук кыймылга тилектештик билдирүү жана биригүүнү колдоо сыяктуу олуттуу милдеттер бар.
30.12.2019 683