Август конференциясы болуп өттү
Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2024-жыл 26-августта “Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор” темасында мугалимдердин август конференциясы болуп өттү.
Иш чаранын биринчи бөлүгүндө Т. Анаркулов атындагы №26 орто мектептин мугалимдеринин, окуучуларынын жана Кочкор-Ата балдар чыгармачылык үйүнүн, №18 “Чабалекей” балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын концерттик программасы тартууланды. Ошондой эле Т. Анаркулов атындагы №26 орто мектептин жамааты тарабынан этно фуршет, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду.
Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т. Ишенбеков, социалдык маселелер боюнча орун басары З. Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К. Нышанов, айыл өкмөт башчылары, ардагер мугалимдер жана жаш адистер болуп, жалпысынан 280 адам катышты.
Ноокен районунун акими Т. Ишенбеков мугалимдерди куттуктап, алар үчүн түзүлгөн шарттар жана алдыда мерчемделип жаткан иштер жаатында кеңири маалымат берди. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев Ноокен районунун билим берүү тармагында 2023-2024-окуу жылында аткарылган иштер жана милдеттер жөнүндө баяндама жасады.
Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К. Нышанов өткөн окуу жылындагы аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер, балдардын жана мугалимдердин жайкы эс алуусунун уюштурулушу, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык жана укуктук маселелеринин чечилиши боюнча маалымат берди. Ал 2023-2024-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында өткөрүлгөн “Жыл мектеби – 2024” жана “Жыл бакчасы – 2024” кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрүн куттуктады. Алдынкы жамааттарга Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды. Ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 10 ардагер мугалим Ноокен районунун “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси менен сыйланышты.
Мугалимдердин август конференциясын уюштурууга жакындан көмөк көрсөткөн биздин өнөктөш Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго, Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнө караштуу мектеп жана бакчаларга, өзгөчө Т. Анаркулов атындагы №26 орто мектептин директору Н. Башихтинова жетектеген жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБ инспектору Т. Бакиров